Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

Америкалык журналист Жеф Лили Интернет аркылуу улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын даңазалоо менен Кыргызстанды дүйнөгө ачып берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу ал "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Жеф Лили Кыргызстанда үч жылдан ашуун эмгектенип, жазуучу менен жакын мамиледе болгон. Советтик Орусияда орус адабиятын окуп изилдеген Жеф ошол мезгилдеАйтматовдун атын укканы менен анын чыгармачылыгы тууралуу жакшы кабардар эмес эле. Он беш жылдан кийин Кыргызстанга келип иштөө сунушу түшкөндө, америкалык адис Айтматовдун колуна тийген китебин барактоо менен бул тоолуу өлкөнү таануусу башталган. Жеф үй-бүлөсү менен Кыргызстанга келип, улуу жазуучу менен жакындан таанышып, анын чыгармаларындагы аты аталган жерлердин бардыгын өзү кыдырып чыккан.

Акыркы жолугушуу

Чынгыз Айтматовдун көзү өткөндөн кийин анын атын түбөлүккө калтыруу тууралуу Жеф Лили маекти мындайча баштады.

- Мен Айтматов менен акыркы жолу Кыргызстандан кетээрдин алдында, 2007-жылы сентябрда жолуккам. Ал мага өтө ыраазычылыгын билдирип, америкалык журналисттерден мен биринчи болуп анын туулган жери Шекерге барганымды айтты. Экөөбүз жазуучунун Ысык-Көлдөгү эс алуу үйүндө көпкө сүйлөштүк. Ал абдан чарчаңкы көрүнүп, дары ичип атты. Андан тогуз айдан соң эле Айтматовдун көзү өтүп кетти.

Жазуучунун тажиясын баштан-аяк сыналгыдан көрүп отурдум. Элдин жазуучу менен коштошконун, анын сөөгү атасынын жанына, баатырлардын Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлганынын көрдүм. Жазуучунун көз жумганына жалпы журт, ал тургай аны өлкөнүн кыйын кезеңинде “коргоочу-сактоочу” боло албай койду деп сындагандар да ичи эңшерилип кайгырып турганы байкалды. Анткени, баарыбыз тең адам баласыбыз да.
Жеф Лили улуу жазуучу Айтматов менен Ысык-Көлдө


"Айтматовдун чыгармалары аркылуу Кыргызстанды даңазалагым келет"

- Сиз үчүн Айтматов мурасы эмнеде?

- 2008-жылы Айтматов жылында жазуучунун чыгармачылыгын даңазалоо максатында 80 жылдык мааракесин майрамдоого АКШга чакырууну ойлогонбуз. Мен дагы бул жердеги Кыргызстандын элчилигине уюштуруу жаатында жардам берип жаткам. Тилекке каршы, жазуучу АКШга келүүгө жетишпей көз жумуп кетти.
Чыңгыз Айтматов 50 жашта, 1978-жыл
Мен Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын түрдүү жолдор аркылуу Кыргызстанга жардам берсем деп кыялданам.

Бирок биз улуу жазуучунун мааракесин белгилөөнү токтотпостон, 5-декабрда АКШ Конгрессинин китепканасында симпозиум уюштурдук. Бул иш-чара эң жогорку деңгээлде болуп, ага замандын эң белгилүү тарыхчысы, Орусия боюнча бир катар китептердин автору доктор Жеймс Биллингтон да катышты. Доктор Биллингтон көпкө чейин симпозиумдун ишине катышып отуруп, Айтматовдун белгилүү жазуучу гана эмес, тарыхчы катары дагы ролу чоң экендигин белгиледи. Ал Чынгыз Айтматов менен жакын тааныш болгон. Бул симпозиумга Орусия, Азербайжан, Түркиянын элчилери, америкалык, германиялык окумуштуулар катышты. Чыңгыз Айтматовдун мааракеси Индия, Пакистан, Европада да белгиленгенин билем. Андан башка Киев, Москвада өтө бараандуу иш-чаралар менен Менен коштолду.

Мен Чынгыз Айтматовдун чыгармачылы мурасын түрдүү жолдор менен даңазалоо аркылуу Кыргызстанга жардам берсем деп кыялданам. Интернет баракчасын түзүп, анда Кыргызстанга барчуларга Чынгыз Айтматов аркылуу маалымат берүү максатымдын үстүндө иштеп жатам. Мына бул жерде жазуучу туулуп-өскөн кыштак бар, бул жер Жамила менен Данияр буудай ташыган темир жол бекети, бул жазуучунун атасы экөөнүн сөөгү коюлган Ата-Бейит, бул болсо Таластагы Маймак бекети. Айтматовдун атасы 1939-жылы камалгандан кийин Москвадан Таласка жети күндө поезд менен жетип, Маймак бекетинде түшкөнүн, андан кийин жазуучу атасын көргөбөгөндүгүн, туугандарына келгенден кийин дагы “эл душманынын үй-бүлөсү” делип жашырынып жүргөнүн айтуу менен Кыргызстанды дүйнөгө ачса болот.

Айтматовдун чыгармалары чыныгы окуяларга негизделген, “Саманчынын жолундагы” Толгонай чыныгы турмушта жашаган аял. Мына ушуларды айтуу менен дүйнөнүн булуң-бурчуна Кыргызстандын кооздугун, анын сууларын, тоолорун, көлдөрүн даңазаласа болот. Ал тургай ушул сулуулуктун бардыгын тең бир эле Шекерден көрүүгө болот.
Чыңгыз Айтматов "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында

Айтматов мага 1985-жылды Горбачевго Бишкекти, Ысык-Көлдү дүйнөгө ачалы деп сунуштаганын айтып берген. Айтматов бул жерлер Кытай чек арасына жакын болгондуктан, “жабык аймак” катары КГБ көзөмөлдөп турганын кийинчерээк эле билип, Михаил Горбачевго барып суранганын эскерген эле. Ошондон кийин гана Кыргызстан дүйнөгө эшигин ачып, “Ысык-Көл форуму” уюштурулуп, ага белгилүү адамдар келген. Андай болбосо, Ысык-Көл оозу бекем буулган жашыруун кап сыяктуу кала бермек экен да.
Ысык-Көлдө Айтматовдун адамзат жана тынчтык таануу борбору түзүлсө. Ошол жер Айтматов жазган өзөктүү куралсыз дүйнө, улуттар, диндер гармониясынын борборуна айлануусу абзел


Менин дагы бир кыялым - келечекте Айтматовдун музейи уюштурулса. Мен Шекердеги Айтматовдун музейинде болгом, ал жакшы музей, бирок дагы көп оңдоп-түзөөлөр керек. Андан кийин Ысык-Көлдө Айтматовдун адамзат жана тынчтык таануу борборун түзүлсө. Мына ошол жер Айтматов жазган өзөктүү куралсыз дүйнө, улуттар, диндер гармониясынынын борборуна айлануусу абзел. Кыргызстан өзү бир жагынан караганда, ошондой чоң борбор, мусулмандар, христиандар, ал турай буддисттер мекендеген жер да. Ысык-Көлдүн Тамгасындагы, Ысык-Атадагы бутпарастардын эстеликтери, христиандардын эски монастырлары сакталып калган. Айтматов бул жайлар менен тыгыз байланышта болгон. Эгер Ысык-Көлдө Айтматов борбору ачылса, аны Горбачев Кору, Назарбаев сыяктуу инсандар, Кыргызстандын эли колдооруна ишенем. Бул дүйнө эли, ошондой эле кыргызстандыктар улуу жазуучунун бай мурасын тааный турган максатты көздөгөн сонун идея.

Айтматов - жалпы адамзаттын жазуучусу

- Америкалык катары айтсаңыз, америкалык окурман журту Ч. Айтматовду таанышабы? Жазуучунун чыгармачылыгын сиз сыяктуу баалап-барктайбы?

- Америкалыктар Айтматовду урматтайт, билет деп айта албайм. Бир аз гана америкалыктар жазуучуну билсе керек. Айтматов көз жумганда Кыргызстандын элчилигиндеги көңүл айтуу китебине кол койгону барганда Мамлекеттик Департаменттин жогорку даражалуу кызматкерлерин, мурдагы элчилердини тобун көрдүм. АКШда чакан интеллектуалдык элита Айтматовду билет жана баалайт деп айтса туура болот. Ал эми Европада болсо жазуучу кеңири таанымал, анткени анын китептери бир канча жолу басылган да. Мен албетте, америкалыктардын Айтматовду билишин каалайт элем. Мен өзүм бул жагынан бактылуумун, үч жылдан ашуун Кыргызстанда жашадым, орус тилинде сүйлөйм, кыргыз тилинде окуй алам. Бирок кеп анда эмес, кеп Айтматовду билген, окуган европалыктар, орус тилдүүлөр аркылуу Кыргызстанды таанытуу. Бул максатта бүгүнкү ааламдашкан дүйнөдө интернет эң сонун курал боло алат.
Жеф Лили "Азаттыктын" Вашингтондогу студиясында кабарчыбыз Гүлайым Ашакееванын суроолоруна жооп берүүдө.

- Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз?

- Менин оюмча, Айтматовду идеялдаштуруунун эч зарылчылыгы жок. Ал дагы адам. Чыңгыз Айтматов деле башка кыргыздардай эле турмуштун запкысын көп жеген. Анын өмүрү – жалпы кыргыз элинин тарыхы. Жазуучу ошол эле кыргыздын тарыхын, жашоосун, шаар-кыштактарын жазат. Балким Айтматов азыркынын манасчысы десек туура болот. Албетте, кыргыз эли өз жазуучусун менден алда канча мыкты билет дечи. Бирок жазуучу Айтматовду төбөл Айтматов менен алмаштырбоо зарыл. Кимдир бирөөнүн Айтматовдун элдин сактоочусу, же өлкө президенти болбогонуна, же кайсы бир жерде тура калып катуу кыйкыра албаганын айтып күнөөлөсүнө жол бербегиле. Анын чыгармаларындагы баалуулукту эстен чыгарбоо зарыл. Мен Айтматовду сындагандар менен да сүйлөшөм, бирок алар дагы жазуучунун чыгармаларын ырахаттанып окууруна ишенем.

Азаттыктын архивинен:

Чыңгыз Айтматов. Өлбөстүк менен кездешүү

Кыргыз элинин залкар жазуучусу, улуу инсан Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрь туулган күнүнө арналган эскерүү кече Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өттү


  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG