Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси өтөт


Архивден: Чыңгыз Айтматов, 1963-жыл
Архивден: Чыңгыз Айтматов, 1963-жыл

10-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган “Чыңгыз Айтматов жана музыка” деген аталыштагы эскерүү кечеси өтөт. Кечеде жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардан үзүндүлөр көрсөтүлөт.

Жазуучунун элесине арналган кече үч бөлүмдөн турат. Биринчиси, жазуучунун турмуш жолуна сапар, экинчиси, чыгармачылыгындагы жетишкен бийиктиктер, ал эми үчүнчүсү “Айтматов жана музыка” деген темаларга арналган.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, УТРКнын кызматкери Калипа Сейдалиеванын айтымында, кечеге маданият ишмерлери, санаалаш достору жана жазуучунун чыгармачылыгын баалаган окурмандар гана катышпастан, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү да чакырылып, концерттик программа тартууланат:

- Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардагы каармандардын образын жаратуучулар келет. Мындан тышкары Убактылуу өкмөт мүчөлөрү да чакырылды. Ошондой эле бул концерттик программада Кыргыз эл артисттери Жалгасынова, Улукмырза Полотов, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген артисти Майрам Дүйшекеева жана башкалар катышат.

Ошондой эле кеченин уюштуруучуларынын бири Рая Алиеванын айтымында, буга чейин Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тасмалар тартылып, спектаклдер коюлуп жүргөн болсо, бул кечеде Айтматовдун чыгармаларынын музыка дүйнөсү менен болгон байланышы чагылдырылат.

- Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар жана спектаклдер бардыгыбызга эле белгилүү болчу. Ал эми бүгүнкү иш-чаранын өзгөчөлүгү жазуучунун чыгармаларынын музыка дүйнөсү менен болгон карым-катышы чагылдырылат.

Кечеде Кыдыкбек Усупбековдун “Толгонай” деген ырынын бет ачары болуп, аны ырчы Чырмаш Төрөбеков аткарат. Анын айтымында, азыркы тапта Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына карата жазылып жаткан ырлар бир топ:

- Мен бүгүн Кыдыкбек Усупбековго таандык “Толгонай” деген ырды аткарам. Бул ыр жаңы жазылып, кечээ күнү эле даяр болду. Мазмуну сүйүү жөнүндө.

Ошондой эле эскерүү кечесинде “Саманчынын жолу”, “Бетме бет” тасмаларынан үзүндү көрсөтүлүп, Толгонай жана Сейденин монологдору тартууланат.

Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрынын актрисасы Калийча Сейдалиева бул кечеде Толгонайдын монологун аткарат.

- Мында мен Толгонайдын монологун айтам. Ошондо Толгонайдын Чыңгыз Айтматов менен сүйлөшкөн жерлери бар экен. Мен үчүн бул монологду аткаруу чоң жоопкерчилик.

Мындан тышкары иш-чарага төкмө акындар катышып, жазуучунун чыгармачыл жолуна токтолушат. Акын Замирбек Үсөнбаевдин айтымында, кыргызды тааныткан Чыңгыз Айтматовдой жазуучулар чанда гана жаралат:

- Чыңгыз абам алгач ырдап чыкканымда агалык мээрими, сүйүнүчү менен куттуктап, батасын берди эле. Биз кыргызды кыргыз кылып турган “Манас” менен Чыңгыз экенин эч качан унутпашыбыз керек.

Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган кечеге Асанкалы Жумакматов атындагы симфониялык оркестр, “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбль жана кыргыз улуттук филармониянын солисттери, ошондой эле “Ак шоола” элдик үлгүлүү балдар хору да катышат.
XS
SM
MD
LG