Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Ооган прокуратурасы Достумдун сакчыларын кармоого буйрук берди


Абдул Рашид Достум
Абдул Рашид Достум

Ооганстандын башкы прокурору вице-президент Абдул Рашид Достумдун тогуз кызматкерин камакка алууга буйрук берди. Алар Достумдун мурдагы өнөктөшү, азыркы саясий атаандаштарынын бирин уурдап, зордук көрсөткөн деп шектелүүдө.

Тогуз кызматкердин басымдуусу вице-президенттин жеке жан сакчылары.

Мурдараак Жаузжан провинциясынын экс-губернатору Ахмед Ишчи өткөн жылдын 25-ноябрында уурдалып, адегенде Достум өзү, андан кийин анын жан жөкөрлөрү ур-тепкиге алып, эркектик намысына шек келтирип, бир нече күн зомбулук көрсөтүшкөнүн айтып чыккан.

Мындан кийин Достумдун штабынын башчысы Энаятулла Фархаманд “Азаттыктын” ооган кызматына “Ишчи боевиктерди колдогону үчүн тергөөдө болгон” деген эле.

Жабырлануучу зомбулук көргөнүн мурдагы өнөктөшүнүн жеке душмандыгына байланыштырууда.

Дустум өзү бул айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG