Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын Кыргыз кызматынын түптөөчүсү, кыргыздын чыгаан журналисти, публицисти жана коомдук ишмери Азамат Алтайдын көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак.

15-сентябрда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Азамат Алтайга арналган илимий-практикалык конференция өттү. Кыргыз улуттук тарых музейинин залында Азамат Алтай өмүр жолуна арналган иш-чара өтөт.

Кудайберген Кожомбердиев Азамат Алтай деп аты-жөнүн АКШга барганда которгон. Азамат деп эл-журтуна берилгендигин, Алтай деп түрк тилдүү калктан экендигин билдирген.

Ысыккөлдүк Кудайберген Кожомбердиев аскерге Улуу Ата мекендик согуштун алдында чакырылган. Согушка даярдык башталганын кийин Каунас шаарында аскердик атайын окуудан өтүп жаткан кезинде түшүнгөн. Бул тууралуу анын жээни Тойчубек Турганбаев мындайча эскерет:

- Согуш башталардын алдында апамдарга сүрөтүн жибериптир. Ошол сүрөтүнүн артына “эй, Манжы бул мен эмес, менин көлөкөмдүн элеси. Ак кагазга тартылган асыл жандын денеси. Муну жоготпой сактагын, азыр биз кыйын эле турмушта турабыз” деп жазыптыр. Ал кандай турмуш экенин чынында да билишкен, баамдашкан эмес экен. Көрсө Азамат Алтай каардуу согуштун болорун акыл-эси менен ошондо эле туюнган экен да. 2005-жылы ыңкылап болбой эле бийлик гана алмашуу болгонун айтып, сынга алган эле.

Бирок Ысык-Көлдүн жээгинен 1940-жылы узаган тоңдук боз улан мекенинен аргасыз түбөлүк бөлүнүп каларын сезбесе керек. Өзүнүн мындан беш жыл илгери «Азаттыкка» курган маегинде маркум Азамат Алтай бакытка ошончо жылдан бери бир ирет гана жолукканын айтканы бар:

- Жок, бактылуумун деп эсептебейм. Бакыт мага келбеди. Бакытты бир көрдүм, ушу элүү беш жылдан кийин Кыргызстанга барып, Ысык-Көлдү көргөнүм, Караколдо, Жалал-Абадда болгондорум бактылуу күндөрүм болду. Учуп гана жүрдүм. Акылымда эч нерсе жок. Кимди көрдүм? Эмне сүйлөштүм?

Азамат Алтай мекенин жүрөгүнүн толтосунда сактады, бирок сөөгүн мекенине жеткирүү суранычынан кайтууга аргасыз болду. Ага байбичесинин өзүнөн мурда дүйнө салышы себеп болгон. Сөөгү океандын ары жагына коюлганы менен, ага мурда аманат катары алынып коюлган кыргыздын топурагын жамынды.

Азамат Алтай таануу тармагынын башатында турган белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев мындайча эскерет:

- Өмүрүнүн эң акыркы мүнөтүнө чейин, көз ирмеминин эң акырына чейин ал кыргыз элинин келечеги, жаркын болочогу үчүн, биздин болочок урпактардын жаркын турмушу үчүн калыстыктын символу болуп жашап келди. Эми Азамат Алтай деген кыргыздын тарыхында кала турган улуу инсан. Азамат Алтайга өкмөттүк сыйлык, “Манас” орденин берели деп экс-президент Курманбек Бакиевга айтсам, макул болгон эле. Бирок ал убадасына турбады. Аны ошол учурдагы Үсөн Сыдыков бузуп, ишке ашырбай койду окшойт.

Өзү алыста, бирок жүрөгү Кыргызстанда

Согуш маалында туткунга түшүп калган Кожомбердиев сталиндик тоталитардык замандын запкысынан айбыгып, мекенине кайтпай калганы менен Кыргызстандын эгемендүүлүгү үчүн чындыкты айтып турган.

Кудайберген Кожомбердиев кеңеш доорунда чыккынчы аталып, анын арты менен айылдаштарынын, жакындарынын, санаалаштарынын далайы куугунтукталып, ишмердүүлүгүнө, өмүрүнө зак кеткен.

Азамат Алтай өзү болсо эгемен өлкөлөрдө жашап жүрүп, Германияга, АКШга каттаган кыргызстандык маданият ишмерлери менен жолугууну эңсеп турса да, атайын кызматтар ага мүмкүндүк бербей колго түшүрүү үчүн аңдып жүрүшкөн.

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кеңеш Жусупов маркум Азамат Алтайды калыстыктын символу катары айтып, анын ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн радиожурналисттер үчүн Азамат Алтай сыйлыгын уюштуруунун зарылдыгын белгиледи.

- Совет доорунун бүт кемчиликтерин Азамат Алтай бетке айтты. Көзүбүздү ачты. Туз-насип буйруп, 1997-жылы АКШга барып, Азамат Алтайга кезигип, үч-төрт саат аңгемелешкен элек. Азамат Алтай жөн эле кыргызды жакшылап мактай бербей кыргыздын рух дөөлөттөрүн, маданиятын, тарыхын бөлөк элдерге таратып келген. Көптөгөн эмгектерине учурунда өзүнүн аты жазылбай калган.Эгерде радиожурналистикасына конкурс уюштуруп, ошол кишинин атындагы бир сыйлыктарды уюштурса эмне үчүн болбосун. Көчөлөргө атын ыйгарып, музей уюштуруп, өзү окуган мектепке ысымын ыйгаруу зарыл.

Согуш туткундарына советтик ырайымсыз мамилени угуп, аргасыз Батыш Европада калган Азамат Алтай Батыштын чыгыш таануучу илимпоздору менен кызматташып, Борбор Азия элдеринин тилдериндеги басма сөз маалыматтарын илимий чөйрөгө киргизүүгө чоң салым кошуп, 6 миңден ашуун китеп жыйнаган.

Анын бир, эки бөлүгүн Жалал-Абад, Каракол, бир бөлүгүн Колумбия университеттерине белекке берген.

Азамат Алтай көзү өткөнгө чейин караколдук, жалалабаддык 300дөн ашык студентке стипендия берип, аларды мыкты окуп, мекенге кызмат кылууга үндөгөн.

2003-жылы Нью-Йоркто «Азаттык» үналгысынын түптөөчүсү Азамат Алтайга жолуккан элем. Ошондо маркум Азамат Алтай «Азаттык» үналгысын уюштурууга катышканы тууралуу мындай деген эле.

- АКШнын билермандары радио толкундар чек араны билбейт, аны кармоого мүмкүн эмес дешип, радио түзүүнү колдоого алышкан. “Азаттык” радиосун курганда биз Түркстандын атынан курдук. “Азаттык" радиосунун биринчи директору казак болду. Орун басары өзбек. Мен болсо спикер элем. Кыргыздардыкы түркмөндөрдүкүнөн бир аз жогору эле. Түркмөндү катчы кылып, төрт киши менен “Азаттыктын” алгачкы берүүлөрүн баштадык. Кандай гана кыйын күндөрдү баштан өткөрсөк да кыргыз деген атты, намысты сактап калдык.

Ак сөзүн дайыма айтып турган

Көзү тирүүсүндө маркум Азамат Алтай “Азаттыкка” берген маегинде Аскар Акаев мыкты илимпоз болгону менен өлкө башчысы катары жакшы иштей албай, кыргыз элине чыккынчылык кылып, Кытайга Үзөңгү-Куушту берип салганын учурунда сынга алган. Ошондой эле Курманбек Бакиев да Кыргызстанды кыйынчылыктарга кептеп салганын, бир туугандары, уулдары менен бийликти ээлеп, элди ойлобой калышканын сындаган.

Азамат Алтай 1995-жылы 24-августтан 11-сентябрга чейин эгемен Кыргызстанга сый конок катары келип, "Манас" дастанынын мааракесине катышкан. Түгөлбай Сыдыкбеков, Кусейин Карасаев, Жусуп Мамай сыяктуу кыргыз залкарлары менен жолуккан.

Ал 1950-жылдан тартып Франция, Германия, Америкада кыргыздардын тарыхын, маданият-салтын изилдеген окумуштууларга жардам көрсөтүп, кыргызча булактарды англисчеге которуп, жалпы Батыштагы Борбордук Азиялык элдерге тийиштүү адабиятты жалпылап, чоң каталог түзүүгө катышкан.

Азамат Алтай 1988-жылы пенсияга чыгып, ошондон өмүрүнүн акырына чейин Нью-Йоркто жашап келген эле.

«Азаттык» үналгысынын түптөөчүсү, коомдук ишмер Азамат Алтай рак оорусунун айынан 2006-жылы 23-майда Нью-Йорк шаарында дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү өзүнүн керээзине ылайык, маркум жубайы Сания апанын Нью-Йорктогу кабырынын жанына коюлган.

15-сентябрда “Азаттык” үналгысынын башатында турган, маркум Азамат Алтай агабыз 90 жашка чыкмак. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Азамат Алтайга арналган илимий-практикалык конференция өттү.

Кыргыз улуттук тарых музейинин залында Азамат Алтай (Кудайберген Кожомберди уулунун) өмүр жолуна, чыгармачылыгына, “Азаттык” үналгысын түптөөдөгү, Кыргызстандагы эркин басма сөз жана демократиялык жараян үчүн кошкон салымдарына арналган иш-чара өткөрүлөт. Азамат Алтайдын баскан жолу тууралуу туңгуч китептин бет ачары да болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG