Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

Н.Борбиев: “Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат”


Кыргызстанда акыркы жылдары кино тармагы өнүгүп келатат. Сүрөттө: Нурбек Эгендин "Манастын төрөлүшүн утурлап" тасмасын тартуу учурунда. Июль, 2008-жыл

Кыргызстанда акыркы жылдары кино тармагы өнүгүп келатат. Сүрөттө: Нурбек Эгендин "Манастын төрөлүшүн утурлап" тасмасын тартуу учурунда. Июль, 2008-жыл

17-ноябрь - Кыргыз киносунун күнү. Кыргыз эл артисти, белгилүү оператор Нуртай Борбиев кино өнөрүнүн бүгүнкү абалы тууралуу "Азаттык" менен ой бөлүштү.

Кыргыз Эл артисти, Токтогул сыйлыгынын ээси, таланттуу оператор Нуртай Борбиев "Айыл кайрыктары", "Ак илбирстин тукуму" (Кожожаш), "Азиат", "Маңкурт", "Сүйүү закымы" тасмаларын, ондон ашуун даректүү-хроникалык тасмаларды тарткан. Анын "Манасчы" деген Саякбай Каралаев тууралуу даректүү тасмасы көптөгөн эл аралык сыйлыктарга татыктуу болгон.

Кыргыздын кайдыгерлиги тынчсыздантырат

“Азаттык”:
Кыргыз киносунун күнү мурдагы совет биримдигинде чоң салтанат менен белгиленчү эле. Азыр кино күнү кандай белгиленип келет?
Жаш балдар тарткан кино тасмаларды көрүп алып, буйруса келечекте мыкты киночулар чыгат экен деп калдым. Уучубуз кур эмес экен.

Нуртай Борбиев:
Киночулардын күнү, кудайга шүгүр, мурдагыдай эле белгиленип келатат. Мурда Советтер Союзунда кино күнү 27- августта белгиленчү. Анткени В.Лениндин декрети менен 1919-жылы 27-август совет киносунун жаралышы деп белгиленген. Эгемендик алгандан кийин 17-ноябрь Кыргыз киносунун күнү деп расмий белгиленип келатат. Себеби 1941-жылы 17-ноябрда Фрунзеде “Кыргызфильм” киностудиясынын пайдубалын түптөгөн хроникалык-даректүү тасмалар студиясы ачылып, алгачкы жолу “Советская Киргизия” деген кинохроника тартылган. Ошого байланыштуу 1994-жылы 13-сентябрда кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 17-ноябрь Кыргыз киносунун күнү деп расмий белгиленип калды. Эми мурдагысы жакшы, кийинкиси жаман деп айтууга болбойт. Себеби биздин өлкөнүн экономикасына жараша Кино күнү белгиленип келатат.

“Азаттык”:
Совет биримдиги мезгилинде кино тартуу үчүн көптөгөн каражаттар жумшалып, коммунисттик идеологияны жайылтууда кино искусствосу өтө кеңири пайдаланылган тармак эле. Бул ыкманы кыргыз бийлиги эмне үчүн колдонбойт деген суроо туулат?

Нуртай Борбиев:
Өкүнүчтүүсү ошол болуп жатпайбы. Киного, маданиятка жасаган бийликтин мамилеси анча болбой жатпайбы.



Идеология маселесине келсек. Ооба, СССР кино искусствосун өзүнүн саясатын үгүттөө үчүн пайдаланган. Ошол кезде идеология болсо дагы негизги тема адам жөнүндө болгон. Ошол кездеги турмушту кура турган адамдарды, жашоону, замандын жакшынакай жышаандарын, келечекке болгон үмүтүн чагылдырган.
Нуртай Борбиев

Биз элдин руханий дүйнөсү жакшы болсо деп айтып атпайбызбы. Мына ошол руханий дүйнөнү кино өнөрү аркылуу толтуруш керек. Жакында мен заманыбыздын мыкты инсандарынын бири Күлүйпа Кондучалова жөнүндө тасма тарттым. Ал киши 90 жашка чыкты. Анткени анын тирүү кезиндеги кыймыл-аракетин, даанышман сөздөрүн, анын жашоого, мамлекетке, үй-бүлөгө, мекендештерине болгон мамилесин өзүнүн айтуусунда тартып алдым. Мына ушундай атактуу адамдарды көзүнүн тирүүсүндө тартып калсак бул тирүү тарых. Азыр жаштар китеп, гезит окубай калды деп күнөөлөйбүз. Эмне үчүн коомдук сыналгы, "Кыргызфильм" тасма тартып, өзүнчө фильмотека кыла албайбыз? Эмне үчүн тиешелүү кызматтар буга аракет кылбайт? Мени кыргыздын кайдыгерлиги тынчсыздандырат.

“Азаттык”:
Кыргыз эли жердигинен азил-мыскылга жакын эмеспи. Ар бир айылдын өзүнчө бир тамашакөйү же чечени, куудулу бар. Сиз Геннадий Базаровдун “Көчө” тасмасында башкы каарман тиш догдурдун образын түзүп, кичинекей айылдагы укмуштай юморлуу окуяны чагылдырып бербедиңиздер беле. Мына ошол кинону мен кайра-кайра көрүп ырахат алам. Эмне үчүн азыр ушундай айыл турмушун чагылдырган тамашалуу, сатиралык тасмалар тартылбайт?

Нуртай Борбиев:
Чынында биздин эл эпикалык чыгармаларга бай. “Манас”, “Семетейден” башка, “Кедейкан”, “Эр Табылды”, "Эр Төштүк", “Олжобай менен Кишимжан” жана башка ондогон чыгармалардан башка канчалаган уламыш, дастандар бар. Үрп-адатыбыз бар. Улуу тообуз бар. Биздин ички сезимибиз талантка бай. Мына ушундай элдин ар бир айылында чымындуу кишилер толтура.



Мен илгери Кочкор районунда Корчубек Акназаров тууралуу даректүү тасма тартып жүрүп, кочкорлук укмуштуудай тамашакөй жигит бар экен. Мына ошол элдик талантты жана райондук “Шаттык” бий ансамблин кошуп он мүнөттүк “Чымын” деген кыска метраждуу кино тарткам. Чынында киночуларды чыгармачылык менен изденбейт деп калабыз. Изденип эле жатышат. Бирок эл арасындагы жөнөкөй жашоону реалдуу чагылдыра албай жатышат. Турмуштагы күлкүлүү окуяларды, сатираларды көрбөй жатышат. Ал түгүл Б.Жакиевдин “Атанын тагдыры”, Т.Абдымомуновдун “ Абийир кечирбейт” деген укумуш чыгармасы бар. Булар эмне үчүн кино болуп тартылбайт? Мен бул маселени жакында көркөм кеңеште козгоюн деп жатам.

Жаштарда кыргыздын духу жетишпейт

“Азаттык”:
Раматылык Төлөмүш Океев, Мелис Убукеев, Дооронбек Садырбаев сыяктуу залкарлар кыргыздын духун, рухун жоготпой, мыкты чыгармаларды жаратса, сиз баштаган Манас Мусаев, Кадыржан Кыдыралиев аларды тасмага азап-тозокко карабай сүрөткерлик менен түшүрүп көрк бердиңиздер. Сиз “Ак илбирстин тукуму” деген тасманы тартып жатканда Хан-Теңринин, Ала-Арчадагы альплагердин чокусуна чыгып, суукка тоңуп, күнгө күйүп тартканыңызды билем. Азыркы жаш операторлор эмне үчүн сиздерге окшоп жанын кыйнап эмгек кылбайт? Качанкыга чейин каражат жок деп отура беришет?

Нуртай Борбиев:
Тема деген ыйык нерсе. Тема деген элдин жашоосу. Бүгүнкү болуп жаткан турмуш адамдарга оор. Заман өтө татаал, кыйын болуп жатат. Бирок ошондой болсо да элдин кулк-мүнөзү дейбизби, качан өзгөрөт? Биздин элибизде намыс бар. Бирок кур намыс күчтүү болуп жатпайбы. Биз мына ушул аспектте карабасак, эч качан оңоло албайбыз. Кыргызда “укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба” деген жакшы бир макал бар. Ушулардан биз арылсак анан оңолобуз. Биз бөлүнбөйлүчү, улуу тоонун баласыбыз дейли, анан оңолобуз. Муну айтып жатканым жаштарды патриоттук духта тарбиялоо үчүн элибиздин буга чейинки бай тарыхы, жогоруда айтып кеткен эпикалык чыгармалары аркылуу улуу тоонун, көчмөндөрдүн духун беришибиз керек. Мен азыр окутуп жаткан шакирттеримди ушундай кылып тарбиялап жатам.



Жаш операторлор көзү менен эмес, жүрөгү менен көрүүсү, сезүүсү керек. Азыр каражат жок эмес. Каражат тапса болот. Жанагы мен айткан кыргыздын духу жок болуп жатат. Видео, компьютер деген техникалар менен жылуу жумшак чыгарма жараткысы келишет. Улуу тоонун чокусуна чыксын, шар аккан тоо дайрасын кечсин, аркыраган шамалынан, сыдырым желинен дем алсын. Жаштарда мына ушул дух жетишпей жатат. Көрбөй жатышат. Сезбей жатышат. “Колдо бар алтындын баркы жок” болуп жатат. Болбосо Ата Мекенди сүйүүнү, сыйлоону кыргыздын жаратылыштарын жеринде барып тартып кино кылып, кайра-кайра элге көрсөтүү менен тарбияласа болот эле да. Мен жетимишке чыгып калган адаммын. Окутуп жаткан балдарыма айтып жатам, тандырда бышып жаткан нандын, эттин, сүттүн жытын билбесең анда сен художник эмессиң деп атам. Менде бир жаш студент бала бар, 2-курста окуйт. Мына ушунда кыргыздын духу бар. Ошондон үмүт кылып турам.

Жаш таланттарды аздектесе "Кыргыз керемети" кайра жаралат

"Кыргыз кереметин" жаратуучулар Нуртай Борбиев жана Төлөмүш Океев
“Азаттык”:
Сиз кино өнөрүн “Кыргыз керемети” деген деңгээлге жеткирген сүрөткердин бирисиз. Ошол “Кыргыз керемети” кайра жаралар бекен?

Нуртай Борбиев:
Азыр бир жакшы нерселер болуп жатат. Азыр жаш балдардын үмүтү чоң. Садык Шер-Нияз маданият министри болуп келгенден бери “Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” деген демилге көтөрүп, үмүт жандырып койду. Азыр мына жакында Евроазиялык кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы өттү. Албетте абдан жогорку деңгээлде болбосо да башталышы жакшы. Жаш балдар тарткан кино тасмаларды көрүп алып, буйруса келечекте мыкты киночулар чыгат экен деп калдым. Уучубуз кур эмес экен. Эгерде жаштарга өкмөт тарабынан олуттуу көңүл бурулуп, өкмөт өзү убада кылган каражатты эле берип турса “Кыргыз керемети” кайра калыбына келет. Эл аралык фестивалдарда кыргыздын туусу желбиреп, гимни ырдалып турса жаманбы?

“Азаттык”:
Сиз бир учурда ишкерликке да кетип калдыңыз эле. Жолуңуз болбой калдыбы же кинонун “кыйноосу” кетирбей койдубу?

Нуртай Борбиев:
Ооба, 90-жылдарда Совет тарагандан кийин киностудия иштебей калды. Анан жаш курак да келип калды. Жаш балдар менен кинокамера талашып жүрмөк белем деп бизнеске кеттим. “Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат”,-деген жакшы кеп бар. Ал жакты да өздөштүрдүм. “Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет” дегендей мен кээде “төөдөн жыгылдым” бирок жөө болгон жокмун. Балдар чоңойду, неберелер өз алдынча болуп кетти. Бизнестен да көп жакшы нерселерди үйрөндүм. Сарамжалдуу болууну, акчаны пайдалануу, экономика ж.б.у.с. өздөштүрдүм. Бирок менин жан дүйнөм, жүрөгүм кино деп тургандан кийин, тажрыйбамды, билимимди жаштарга үйрөтөйүн деп Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда Театр жана кино факультетинде операторлорду тарбиялап жатам. Мына ушул иши элиме, жаштарга көбүрөөк пайда келтирет деп ойлойм.

"Айкөл Төкөмдү Кыргызстанда эскеришкен жок"

“Азаттык”:
Москвада белгилүү кинорежиссер Төлөмүш Океевдин 75 жылдыгына арналган чыгармачылык кече өтүптүр. Бул иш-чара Орусиянын кинорежиссерлор биримдиги жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин колдоосу алдында уюштурулуп, белгилүү орус режиссеру Никита Михалков, Армен Жигарханян, Али Хамраев катышыптыр. Сиз да чакыруу алдыңызбы?

Нуртай Борбиев
Нуртай Борбиев:
Жок, эч кандай чакыруу болгон жок. Мен кечээ киночулар биримдигине барып уктум. Бизден Эл артисти Ашыр Чокубаевди жиберишиптир. Жол киресине эптеп-септеп акча чогултуп беришиптир. Албетте бул өкүнүчтүү. Төкөмдүн 75 жылдыгын жогорку деңгээлде Кыргызстанда өткөрсөк болот эле. Аны ойлогон адам жок. Өкмөтүбүз бары-жогу белгисиз, али түзүлө элек. Жанагы мен айткан кыргыздын кайдыгерлигинен далай залкарлардын мааракеси белгиленбей калбадыбы. Кечээги эле дүйнөлүк алп Чыңгыз Айтматов ыраматылык деле унутулуп бараткандай.

Төлөмүшкө кайрылсак, анын башка элде, башка жерде достору бар. Байланыштары бар. Анын “Бакайдын жайыты” киносу дүйнөнүн мыкты кинолорунун бири болуп киргени эле анын талантынын улуулугун айгинелеп турбайбы. Аны бизде барктабаса, башка жактагы адамдар анын талантына таазим кылып кадырлашат. Ошол Москвада анын мааракеси белгиленип жатканы да Төкөмдүн айкөлдүгүн, жоомарттыгын, анын тегирмендин ташындай салмактуу талантына башкалардын таазим кылып, урматтоосу эмеспи.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG