Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

Алгачкы кыргыз фантастикалык комедиясы


Жаш кинорежиссер Нурлан Разакуловдун “Ү” же “А” аттуу толук метраждуу фантастикалык кинокомедиясы 1- апрелден Бишкектеги “Манас” кинотеатрында эки сеанс менен көрсөтүлө баштады.

Жаш кинорежиссер Нурлан Разакуловдун “Ү” же “А” аттуу кыргыз кино өнөрүндөгү алгачкы фантастикалык комедиясынын философиялык терең мааниси бар. Тасмадагы келечекке барчу жолдон адашып калган каарман ал жолдун ачкычы эл-жерди сактоодо, табият алдында таза болууда экенин түшүнөт.

Фильм 1 саат 25 мүнөткө созулуп, айрым эпизоддордо компьютердик аннимациялык элементтер пайдаланылды. Белгилүү кинорежиссер Эрнст Абдыжапаровдун айтымында аталган тасманы жаратууда айрым бир тарыхый эпизоддорду тасмага алууда финансылык жетишпестиктерден улам өксүктөр болду. Бирок жаш режиссер Нурлан Разакуловдун “Ү” же “А” аттуу комедия жанрындагы фильминин философиялык терең мааниси бар:

-Тасманын негизги максаты – элди ойлондуруу. Биз кандай учурда жашап жатабыз? Келечегибиз кандай болот? Мына ушул суроолорго жооп табуу. Тасмадагы каарман келечекке бара турган “Үмүт” деген дарыны ичемин деп, артка кетчү “А” дарысын ичип алат. Бирок ага келечек ээлери жолугуп, “эл-жериңди, ата-мекениңди сактасаң гана келечекке бара аласың” деген шартты коюшат... Аталган тасманын философиялык мааниси терең.

Нурлан Разакулов улуттук телерадио компаниясында музыкалык редактор болуп эмгектенет. “Балким менин фантастикалык -комедиялык жанрдагы кинотасманы тартышыма – музыкага болгон жакындыгым себеп болдубу деп ойлойм” дейт Нурлан Разакулов.

Фильмдин сценарийи да автордуку. “Ү” же “А” фантастикалык кинокомедиясында артисттер Канат Мамырканов, Айнура Тургунбаева, Гүлмира Турсунбаева, Күмөндөр Абылов, Сакиш-Бопуш, Марат Жантелиевдер ойношот. Нурлан Разакулов фантастикалык-комедиялык жанрда жаңы тасмаларды жаратууну улантмакчы:

- “Ү” же “А” фантастикалык комедиясынын маанисинде бизде азыр эки долбоор даяр. Бири 2009-жылда ал эми экинчиси 2010-жылда тартылууга тийиш. Бирок финансылык каражаттарга да байланыштуу болот албетте. Негизинен буга учурдагы кыргыз эстрадасынын өкүлдөрү тартылат. Алдыдагы долбоорду биз майдын 15 нен тартып баштасакпы деп турабыз.

Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы кино департаментинин директору Абибилла Пазыловдун айтымында кыргыз киносу буга чейин юмористикалык-фантастикалык жанрдагы чыгармаларга өксүп келген:

- Чынында кыргыз киносу айрым жанрдагы кинотасмалар менен дүйнөгө белгилүү болсо да, бизде бүкүлү бир юмористикалык, ошону менен бирге фантастика аралашкан тасма жок болуп келген. Бул кубанарлык көрүнүш.
XS
SM
MD
LG