Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

Кинорежиссер Нурбек Эген кыргыз элине “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу даректүү тасмасын тартуулаганы турат. Фильм Ата Мекен идеясын көтөрүп, бүдөмүк абалдан чарчаган кыргыз калкынын нагыз жол башчысын, Манастын кайра жаралышын күткөнүн сүрөттөйт.

Шайырбек Эркин уулу: - Нурбек, “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу даректүү тасмаңыздын “Манастын балдары” деген аталыштагы эл аралык варианты буга чейин эле даяр болгонун мурда айткан элеңиз. Азыр кыргыз элине сунуштаганы турган бул тасманын биринчисинен кандай айырмачылыгы, өзгөчөлүктөрү бар?
"Манастын төрөлүшүн утурлап" тасмасын тартуу учурунан

Нурбек Эген: - Бул жерде бир тактап коё турган нерсе бар. Туура, башында эле тасма “Манастын төрөлүшүн утурлап” деп тартыла баштаган. Анан монтаждап баштаганда эле кыйынчылыктарга кабылдык. Бир эле окуяны айтсам, мен бул тасманы монтаждап жаткан абройлуу эле бир компанияда үч-төрт ай өтүп, монтаж бүтөйүн деп калганда бүт бардык материалдар жоголуп кетти. Бул аябай ойго салды, Манастын касиети жөнүндө көп нерселерди уккам, ошондой окуялардын бириби деген ой да келбей койгон жок. Ошондой кыйынчылыктар улана бергендиктен фильмдин атын өзгөртсөкпү, Манас атабыздын атын көтөрө албайт окшойт, башка жеңилирээк эле атка которсокпу деген ойдо болдук.

Ошентип анан эл аралык вариантын “Манастын балдары” деп өзгөрттүк. Бирок атын алмаштырганда андан да кыйын болуп, дегеле бул фильмдин аягына чыгышына көз жетпей калды. Анан кайра “Манастын төрөлүшүн утурлап” деген мурдагы атына көчтүк. Ошондон кийин гана жаңы дем келип, жаңы толкун менен ишибиз жүрүп, мына эми 30-августта Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында бет ачаарын өткөрүп, 31-августтан тарта "Октябрь" кинотеатрында элге сунуштаганы турабыз. Андан ары тасманы көрсөтүү Ош шаарында уланат. Тасманын азыркы эл аралык түрүнө чет элде кабыл ала турган маалыматтар, түшүнө турган ойлор, каармандар гана кирди. Мен топтогон калган материалдар бул фильмдин Кыргызстан үчүн даярдалчу алты сааттык кийинки түрүнө кирет.

Анан мага “Манастын ролун ким ойноду, Коңурбайдын ролун ким ойноду?” – деген суроолорду аябай көп беришет. “Мен Чубактын ролун ойномокмун, мен ага аябай окшошмун", "Мен Сейтектин ролун ойношум керек” деп кайрылгандар канча. Айрым аттуу-баштуу эле адамдар ушундай суроолорду бергенине таң калам. Себеби мына эки жылдан бери маалымат каражаттары аркылуу бул көркөм эмес, даректүү тасма экенин, Манас баатыр жөнүндө эмес, кыргыз коомчулугунун жүрөгүндөгү Манас жөнүндөгү тасма экенин айтып келатабыз. Мен кыргыздардын жүрөгүндөгү Манас тууралуу тасма тарттым. Бул тасма кыргыздын тарыхын чагылдырат. Манас деген биз жашап аткан жердеги мейкиндикти, түндүк менен түштүктү, чыгыш менен батышты, асман менен жерди бириктирип турган борбор деп айтса болот. Манас - бул аябай чоң түшүнүк. Бул кинодо Угуз хандан баштап бүгүнкү күнгө чейинки кыргыздын тарыхын учкай айтып кеткенге аракет кылдым.
Тасмадан бир көрүнүш

Шайырбек Эркин уулу: - Тасма тартылып бүтүп калганда Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда чоң-чоң өзгөрүүлөр болуп кетти. Маселен, 7-апрелде бийлик алмашып кетти, андан кийин өлкө түштүгүндө кайгылуу окуялар болду. Тасмага ушул окуяларды камтый алдыңызбы?

Нурбек Эген: - Тасма бүтүп калганына карабай, бул окуяларды үстүртөн болсо да чагылдырганга аракет кылдык. 7-апрелдеги Бишкектеги жана Оштогу июнь айындагы окуялардан бир аз кадрлар кошулду.

Шайырбек Эркин уулу: - Ошол 7-апрелдеги окуядан кийин атайын Минскиге барып, азыр ошол жакта жашап жаткан мурдагы президент Курманбек Бакиевди да тасмага тартканыңызды уккан элек. Мурдагы президент Бакиев да кирдиби бул тасмага ?

Нурбек Эген: - Мен ал кишиге тарых үчүн жолугуп, маектештим. Курманбек Бакиев эле эмес, ушул сыяктуу мен үчүн кызык болгон кишилерден интервью алып койгонго аракет кылам дайыма. Бул материалдар кайсы киного кирээри, качан чыгаары азырынча белгисиз. А азыркы тасмага Курманбек Бакиев кирбейт, андай ой башында эле жок болчу.

Шайырбек Эркин уулу: -Тасманын эл аралык варианты буга чейин кайсы бир жерлерде көрсөтүлдүбү?

Нурбек Эген: - Азырынча киночулардын арасында гана көрсөтүлдү. Француз, немис киночулары, анан Орусиядагы кесиптештерим көрдү. Эл аралык коомчулукка алып чыгуудан мурда биринчи кыргыз элим көрсүн деген максатта элге көрсөтүүнү алгач Бишкектен баштасакпы деп турабыз.
Тасмадан бир көрүнүш

Шайырбек Эркин уулу: - Бул тасманы тартып баштаганда анын “Манастын төрөлүшүн утурлап” деп аталышын кыргыз эли дайыма кыйынчылыкка, кыйын күндөргө кабылганда ошол туңгуюктан алып чыгып кетчү Манастай инсандын келишин күтүп келгени менен байланыштырдыңыз эле. Кыргыз коомчулугунда акыркы убакта, өзгөчө өлкө кыйын абалга туш келип калган азыркыдай шартта ошол сиз көтөргөн идеяга үндөш пикирлер көбүрөөк айтыла баштады, “бизге азыр дагы бир Манас керек, же Манастай инсан гана бизди азыркыдай кыйын абалдан чыгарып кете алат” дегендей... Сиз болсо биз менен буга чейин болгон маегиңизде андай инсандын келишине ириде кыргыз коомчулугу өзү даяр болушу керек деген пикирди айттыңыз эле. Андан бери бир жылдай убакыт өтүп кетти. Коомчулукта ошол сиз ойлогон нерсеге даярдык байкалабы?

Нурбек Эген: - Арийне, кыргыз коомчулугунда аябай чоң өсүш болуп жатат. Бирок көпчүлүгү азыркынын, же келечектин Манасын сыйкырчы катары көрөт, Манас келсе эле бардыгы өз ордуна келет, жашоо жакшырат дегендей. Ал үчүн коом ошого даяр болуш керек. Адегенде эл өзү оңолуш керек, ар бир адам оңолуш керек, ошону түшүнө билиш керек. Коомдо чаржайыт идеология болбош керек. Манас – бул менимче, тарых менен келечекти бириктирип турган, Манастын өзүндө айтылгандай жакшы менен жаманды топтоп турган чоң күч. Манас төрөлүш үчүн дагы бир аз убакыт бар деп эсептейм. Менин оюмча, азыркыдай абал дагы өөрчүйт, Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө. Анан биздин жаңы Манасыбыз туңгуюктан кыргыз элин эле алып чыгабы, же дүйнө элин алып чыгабы, бул дагы келечектин маселеси.

Шайырбек Эркин уулу: - Сиз буга чейин тасмага 10 чакты каарман тартылганын айтып, бирок алардын ким экенин сыр кылып келдиңиз эле, алардын сиз козгогон идея менен кандайдыр бир байланышы болсо керек, балким азыркынын Манасы ошол каармандарыңыздын арасынан чыгаар?
Тасманы тартуу учурунан

Нурбек Эген: - Фильмди ошондой максатта баштаганбыз. Мен тандаган ар бир каарман Манас эпосундагы каармандарга кандайдыр бир окшоштугу болсо деп ойлогом. Келечектин Манасы азыр эл тааныбаган, эл маани бербеген инсан деген сезим менен чыктым эле. Ар бир тандалган каарман "Манастагы" айтылган, сүрөттөлгөн каармандардын бирине окшош. Бирок бул тасманы көргөндөн кийин айрымдар “ушундай да каармандарды” тандайбы деп күлүшү мүмкүн. Албетте, ар кимдин ою ар башка. Менимче, бул тасманы беш-он жылдан кийин көрсө балким таптакыр башка таасир, башка пикирлер пайда болот. Мен тандаган каармандар Манас болобу, болбойбу бул убакыттын иши, аны мезгил көрсөтөт. Бул фильмге манасчы, чек арачы жоокер, комузчу, жазуучу, ишкер, сыртта жүргөн мандикер (гастарбайтер), студент, кыргыздын бир келини каарман катары тандалып алынган. Тасманын эл аралык түрүнө кирген каармандар ушулар, кирбей калганы мындан да көп.

Шайырбек Эркин уулу: - Тасма тартылып бүткөндөн кийинки таасирлер кандай болуп жатат, максатына жетти деп ойлойсузбу?

Нурбек Эген: - Фильмдин азыркы эл аралык бул түрүн караганда, башында койгон максат аткарылбай калды деген тыянак чыгышы мүмкүн. Анткени чет элдиктердин көбү кыргыздын ким экенин, Манастын ким экенин биле бербейт. Ошондуктан бул тасма кыргыз элин дүйнөгө таанытуу максатын көздөйт. Бирок эми кыргыз эли үчүн тасманын толук вариантын, алты саат убакытты камтыган сегиз сериялуу бөлүгүн бүтүрүү аракетин жасайм. Себеби бул тасма кыргыз эли үчүн, айрыкча кыргыз жаштары үчүн тартылды.


Шайырбек Эркин уулу: - Фильмде азыркы кыргыз коомчулугундагы талылуу маселелерди козгогон, эл арасында карама-каршы пикирлерди пайда кылчу жагдайлар барбы?

Нурбек Эген: - Андай учурлар бар. Маселен ислам дини жана кыргыздар. Мага бул тасмада теңирчиликке басым жасапсың дегендер да болуп жатат. Менимче, биздин өлкөдөгү, Борбор Азиядагы ислам менен бул диндин мекени болгон араб өлкөлөрүндөгү ислам менен байланышы аз эле. Биздин ислам - бизге ыңгайлаштырылган ислам. А теңирчилик бул дин эмес, бул -дүйнө тааным. Жакшы көрөбүзбү, жаман көрөбүзбү, бул биздин тарыхыбыз. Кинодо исламдын келиши, теңирчил кыргыздар тууралуу да сөз болгон. Дагы бир сөз, Манас мусулман болгон деп жүрөбүз. А Саякбай атабыздын вариантында ислам жөнүндө бир да сөз жок. Сагынбай атабыздын вариантында болсо ислам кошулган. А Манастын жаралышы исламга чейин болгон, ошондуктан Манас мусулман болгон-болбогону да талаш маселе.

Ислам кыргыздарга 9-10-кылымдарда арабдар тарабынан таңууланган дин. Канткен менен бул дагы биздин тарых. Ислам таңууланганын дагы бир далили - бир дагы кыргыз ыр-күүлөрүндө арабча кайрыктар жок. А ыр-күү элдин ички дүйнөсүнүн күзгүсү. Азыр деле биздин элде ошол теңирчилик дүйнө таанымынан калган, ислам менен айкалышкан көп үрп-адаттар бар. Арабдарда, "Куранда" андай нерселер жок. Ошол үчүн бул кино элге сунушталгандан кийин ушул маселеде аябай көп, кызуу талаш-тартыштар болоорун сезип турам...


Нурбек Эген 1975-жылы Ноокат районунда төрөлгөн. 1999-жылы Москвадагы кино институтун (ВГИК) аяктаган кинорежиссер "Аталар керээзи" аттуу алгачкы көркөм тасмасы менен кыргыз журтуна жакшы таанылып калды. Ага чейинки кыска метраждуу фильмдери да бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. Нурбек Эген тарткан телесериалдар Орусиянын телеканалдарынан да көрсөтүлүп келет.





  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG