Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:14

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын арасында өздүк көркөм чыгармачылыгынын кароо-сынагы башталды.


Бул иш-чара 3-декабрда белгиленчү Бүткүл дүйнөлүк майып балдар күнүнө карата Бишкек шаардык мэриясы жана маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулду.

Керең кыздардын керемет бийи

Баатыр Манас сайганда,
Жолойдун кетип айласы,
Кулап түштү, карачы.
Этеги башка жайылды,
Чаңга башы сайылды.
Аны көрүп кытайдын,
Акылы баштан жаңылды.



Бишкектеги мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын №21 мектебинин окуучусу Жоомарт “Манас” эпосунан үзүндүнү күпүлдөтүп айтып жатты. Анын кулагы керең, акыл жөндөмү да жакшы өнүккөн эмес. Бирок анын “Манас” эпосунан үзүндү айтып жатканын карап турсаң он эки мүчөсү соо баладан айырмасы жок.

Бишкек мэриясы жана шаардык маданият башкармалыгы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын өздүк көркөм чыгармачылыгынын кароо-сынагын 12 жылдан бери өткөрүп келе жатат.

Азыркы кароо-сынакта да шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын мектептердин окуучулары, ишканалардын жумушчулары өнөрлөрүн көрсөтүп, биринен-бири өтүп, кызыктуу концерттик программаларды түзүшкөн.

Алардын арасында укмуштуудай таланттуу балдар, колунан көөрү төгүлгөн усталар, ийиктей чимирилген бийчилер көп экен.

Кароо-сынакка калыстар тобунун төрагасы, Эл артисти Замир Сооронбаевдин баамында, өздүк көркөм чыгармачылыгына катышкан бул балдардын ар бири өзүнчө чоң талант.

- Булар жашоого оптимисттик көз караш менен карайт. Булардын арасында укмуштуудай таланттуулар бар. Прикладдык искусство боюнча кол өнөрчүлөрдүн шумдуктуудай жасаган буюмдары бар. Ал эми өздүк көркөм чыгармачылыгындагы ырдаган, бийлеген балдар ар бир номерди жан дили менен аткарып, абдан жоопкерчилик менен мамиле кылышат.

Кароо-сынакта кулагы керең, дудук кыздардын бий ансамбли кыргыз, орус эл бийлерин, азыркы жаштардын бийин жогорку деңгээлде аткарганын карап, аларды мүмкүнчүлүгү чектелген балдар деп айтууга оозуң барбайт.



№21 мектептин бий ийриминин жетекчиси Камчыбек Асанов балдардын кулагы укпаса да, ички жан дүйнөсү таза, ар бир нерсени жүрөгү аркылуу өткөрүп, сезимтал болушарын, алар менен иштөө татаал болгону менен абдан жооптуу экенин айтты.

- Булар деле бардык өспүрүмдөр сыяктуу бийлегиси келет. Алардын мүмүкүнчүлүгү чектелген болсо да, кулагы укпаса да ритмди сезип, жакшы туюшат. Анан булар абдан өжөр, аракетчил болушат. Бир кыймылды көрсөтсөң ошону так аткарганга абдан аракет жасайт. Мүчөлөрү соо балдардай эле буларга да бий кубанычын тартуулап келатам.

Камчыбек Асанов алты жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга бий үйрөтүп, келечекте дудук кыздардын бий тобун түзүүнү пландаштырууда.

Азиз балдар ар кыл өнөргө бай

Ал эми Чынарбек кызы Назгүлдүн эки көзү көрбөйт, бирок ичке манжалары менен баяндын топчуларын тыпылдатып терип, “Кербезимди” кадыресе чоң кыякчылардай ар бир нотасын так чертип, шаң берди.



Көзү начар көргөн жаш балдардын хору “Бизге музыка керек” деген ырды үч добушта кадимки ырчылардай аткарышты.
Ал эми кара көз айнекти тагынып алып сахнага чыккан азиз бала “Карагатты” катыра ырдап көрүүчүлөрдү эле эмес, калыстарды да ыраазы кылды.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жардамга муктаж

Чынарбек кызы Назгүл
№21 мектептин мүдүрү Эркин Сатыбалдиева мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялоо өтө оор болгондуктан жаш мугалимдер чыдабай, башка жумуштарга которулуп кетерин, бул балдарга өзгөчө мамиле жасаларын билдирди:

- Биздин мектепте кулагы начар уккан жана керең балдар окуйт. Бул боюнча Кыргызстанда эки мектеп бар. Бирөө Ош облусунун Кара-Суу районунда, бирөө биздики. Мектепте республиканын ар тарабынан келген 230 бала окуйт. Мындай балдар менен мугалимдин баары эле иштей бербейт. Ал үчүн атайын даярдалган, экинчиден, балдарды сүйгөн гана адам иштей алат. Менин тажрыйбамда көп эле мугалимдер иштегени келет. Бирок алар бир аз иштеп эле кыйынчылыгын карап кетип калышат. Бизде атайын сурдопедогогдор иштеши керек. Андай мугалимдер жетишпейт.

Эркин Сатыбалдиева белгилегендей кулагы жакшы укпаган, керең балдар-кыздардын арасында таланттуулар көп болгону менен, алардын шыгын арттырууга, окуусун жакшыртууга жасалма аппаратуралар жетишпейт.

- Материалдык-техникалык жактан муктаждыгыбыз бар. Мисалы, бүгүнкү күндө кулагы укпаган балдарга уга турган аппарат керек. Азыр төрт эле класска жетиштүү. Ал эми бизде 20 класс окуучу бар. Дагы он алты класска ошондой аппарат алсак жакшы болот эле. Анткени окуучу менен мугалим байланышып турушу керек.

Бишкек шаардык маданият башкармасынын жетекчисинин орун басары Малик Ракишев шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана улуу адамдардын арасындагы таланттууларды коомчулукка таанытып, көңүлүн бурууга маданият башкармалыгы тарабынан ар тараптуу иш-чаралар өткөрүлүп турарын билдирди.

Эл артисти Замир Сооронбаев мындай өнөрлүү балдар эле эмес, республикадагы жүз миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга коомчулук өзгөчө көңүл буруусу зарыл дейт.

- Алты саны аман адамдар да булардын жасап жаткан иштерин, жашоого болгон көз карашын, аракетин көрүп эртеңки күнгө ой-пикири башкача болот. Ошондуктан буларга көбүрөк көңүл буруп, алар менен жакын мамиле түзүү керек. Азыр бизде көзү сокур эмес, көөдөнү сокур адамдардын көбөйүп баратканы коркунучтуу.

Калыстар тобунун көз карашында Бишкектеги мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулардын өздүк-көркөм чыгармачылыгынын көрсөткөн концерттик программасы жана кол өнөрчүлөрдүн жасаган буюмдары он эки мүчөсү соо адамдардыкынан ашса ашат, бирок кем калбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG