Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Элина Абай кызы: “Тамеки тарта албай кыйналгам”


Режиссер Эрнст Абдыжапаровдун “Уурунун махабаты” тасмасындагы башкы ролду ойногон Элина Абай кызы “Азаттыктын” студиясына келип, угармандар менен маек курду.

Элина Абай кызы 19 жашта. Учурда Улуттук университеттин 3-курсунун студенти. Кесиби боюнча бухгалтер. Төрт бир туугандын үчүнчүсү. Бийге, ырга кызыгат.

“Азаттык”:
“Уурунун махабаты” тасмасындагы ролду жаратуу сен үчүн кыйын болдубу? Дегеле бул сунушту алганда кандай сезимдер болду?

Элина Абай кызы: “Боз салкын” тасмасында тартылып жатканда Эрнст байке “3-4 жылдан кийин көрөсүңөр, бул кыз башкача болуп чоңоюп калат. Ошондо мен Элинаны башкы каарман кылып тартам” деп айткан. Бул сунушту кабыл алганда абдан чоң жоопкерчиликти сездим. Себеби элдин ишеничин акташым керек эле. Кыйынчылыктар да болбой койгон жок.

“Азаттык”: Эң алгачкы тартылган тасмаң кайсы жана канча жашыңан тарта тасмаларга тартыла баштадың?
Кыргызстандын желегин желбиретип, буйруса, дүйнөнү дүңгүрөтөм деген жакшы тилектер бар.


Элина Абай кызы: Биринчи тартылган тасма - “Боз салкын”. Мен анда 15 жашта элем. Бул тасмага тартылып жатканда азыркыга чейин эсимде калган окуя болгон. Тамеки тартып жаткан эпизоддо абдан эле кыйналдым. Тегерегимдеги тамеки тарткан бардык кесиптештерим үйрөтүп чыкса да туура эмес кармап, какалып абдан кыйналгам. 7 дублдан кийин араң тартканбыз. Бул көрүнүш али эсимден кетпейт.

1-угарман: Мындан ары актерлук кесипти улантасызбы же кесибиңиз боюнча иштейсизби?

Элина Абай кызы: Албетте өсүш керек. Кыргызстандын желегин желбиретип, буйруса, дүйнөнү дүңгүрөтөм деген жакшы тилектер бар.

2-угарман: Убакытты кантип бөлүштүрөсүз, бул ишиңиз окууңузга тоскоол болбойбу?

Элина Абай кызы: Эми кээ бир мугалимдерим түшүнөт. Айрымдары түшүнбөйт. “Бул жакка эмнеге келдиң? Искусство институтуна эле тапшырбайт белең” дегендер да бар. Бирок көңүл кааласа бардык нерсеге жетишүүгө болот.

“Азаттык”: Баш өлкөлөрдөн чакырык, сунуштар болуп жатабы?

Элина Абай кызы: Көп эле болуп жатат. Жакында эле Алматыдагы видеосынакка катышып келдим. Өттүң деп жатышат. Бирок сценарийи кыргыздын менталитетине туура келбейт экен. Андай көрүнүштөргө тартыла албайм го.

“Азаттык”: Чыгармачыл адамга ар дайым колдоо керек эмеспи. Сенин чыгармачылыгыңды колдогондор кимдер?

Элина Абай кызы: Негизинен ата-энем, бир туугандарым. Бирок аябай түшүнүп, колдоп, бардык жааттан өз кеңешин берген бул - Эрнст байке.
Cценарийи кыргыздын менталитетине туура келбейт экен. Андай көрүнүштөргө тартыла албайм го.


“Азаттык”: Алдыдагы пландарың?

Элина Абай кызы: Пландар көп. Аманчылык, ден соолук болсо баары акырындык менен болот. Алардын бири - Голливудду багындыруу...

3-угарман: Актрисалардан кимди кумир тутасыз?

Элина Абай кызы: Негизи көп эле. Алардын арасынан Жамал Сейдакматова мен үчүн өзгөчө таланттагы актриса.

“Азаттык”: Маегиңе чоң рахмат. Чыгармачыл бийиктик каалайбыз.
XS
SM
MD
LG