Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Музейлерде көргөзмөлөр өтүүдө


Борбордогу музейлерде көргөзмөлөр менен бирге сүрөт сабактары уюштурулууда.

Бишкектеги М галереясында учурда Жылдыз Асангали, Халида Шимова, Каменский, Мирахимов жана башка ушул сыяктуу кыл калем чеберлеринин эмгектеринен турган көргөзмө өтүүдө. Мындан сырткары галереяда балдар үчүн сүрөт сабактары башталды.

Музей кызматкери Назик Акматкулова билдиргендей аталган сабакка 5 жаштан жогорку балдар кабыл алынат.

- Сүрөт сабактарын белгилүү сүрөтчү Саркын Сооронбаев өткөрүп жатат. Башталганына эки ай болуп калды. Катышуучулардын саны арбын десем болот. Балдардын кызыгуулары жакшы.

Күзгө чейин созулчу атайын курстан жаш кыл калем чеберлери сүрөт өнөрүнүн ар кыл багытын өздөштүрүшөт. Сүрөт сабактары шейшемби, бейшемби күндөрү уюштурулат.

Токтогул музейинде ар аптада белгилүү калемгерлердин китептеринин бет ачарын өткөрүүдө. Ошондой эле мектеп окуучулары менен жолугуу кечелерин уюштуруп, музейге саякат жасашууда. Ал эми көрүүчүлөр үчүн Чыңгыз Айтматов жана Тазабек Саманчиндин чыгармачылык жолун чагылдырган көргөзмө иштеп жатат.

Борбордогу мемориалдык музейлерде тарыхта аты калган белгилүү инсандардын өмүр-таржымалына арналган экспозициялар жана маанилүү күндөргө карата уюштурулган көргөзмөлөр өтүүдө. Атай кетсек Чуйков музейинде балдар тарткан сүрөттөр көрүүчүлөрдүн сынына коюлууда.

Фрунзе музейине келген сүрөт күйөрмандары Улуу Ата мекендик согуш тууралуу маалыматтарды ала алышат. Музейдин жетекчисинин орун басары Айнагүл Өмүрбекова билдиргендей бул иш-чара Жеңиштин 65 жылдыгына карата уюштурулган.

-Баатырлардын сүрөттөрү илинген. Ошондой эле жоокерлердин кийим кечеги, колдонгон буюмдары коюлган.


Согуш күндөрүн чагылдырган, Улуу жеңишке арналган көргөзмө ошондой эле Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде да өтүүдө. Анда Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Петр Чесноковдун эмгектери коюлган.
XS
SM
MD
LG