Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:03

Бишкектеги М галереясында Толят Мирахимов, Саркын Сооронбаев, Жыргал матураимов, Данакан Адашканова, Халида Шимова, Момун Астар жана башка бир катар сүрөтчүлөрдүн иштери коюлган.

Галереянын кызматкери Мээрим Акматкулованын айтуусунда, кыл калем чеберлери сүрөт өнөрүнүн ар кандай жанрында жана түрдүү темада эмгектерин жаратышкан.

- Бул жерде живопись, графика, акварелдик иштер, пейзаждар бар. Ошондой эле жибекке тартылган сүрөттөр жана кол өнөрчүлүктөн жаралган буюмдар бар. Мисал катары кийизден жасалган белек-бечкек буюмдарын, токулган моюн орогучтарды айтсак болот.

Бул иштер бир эле көргөнгө эмес, сатыкка да коюлгандыктан айрым көрөрмандар кээ бир эмгектерди сатып алып кетишет. Мээрим Акматкулованын айтуусунда караганда, көбүнчө үйгө көрк берүүчү эмгектерди карашат.

- Көбүнчө үйдү жасалгалоочу иштерди тандашат. Мисалы, натюрмортторду алышат. Айымдар болсо кооз-кооз гүлдөр тартылган эмгектерди карашат. Ал эми кээ бир көрүүчүлөр абстрактык же модерн стилинде иштелген эмгектерди жактырышат.

М галереясына эмгектерин койгон айрым сүрөтчүлөр жумасына эки ирет жаш кыл калем чеберлерине тажрыйбалары менен бөлүшүп, атайын сабактарды өтүшөт. Алардын катарында сүрөтчү Саркын Сооронбаев да бар.

-Мурунку жылдарга салыштырмалуу азыр абдан жогору иштеп калды. Кызыгуусу да жакшы, ар кандай тапшырмаларды берип койсом үйдөн иштеп келип, ар кандай суроолорду беришип, сүрөттөрүн көрсөтүшөт.

Учурда галереяда 5 жаштан 18 жашка чейинки балдар эки топ болуп бөлүнүп сүрөт өнөрүнүн сырларын өздөштүрүүдө. Сүрөт сабактарына атайын деле тандоо жүрбөйт. Башкача айтканда калоочулардын баарын кабыл ала беришерин айтат Мээрим Акматкулова.

-Биз бул баланын таланты бар экен алабыз, ал эми тиги кыздын шыгы жок экен албайбыз деп тандабайбыз. Негизинен каалоо барбы - ала беребиз. Андан кийинкиси окутуучулардан көз каранды болот. Алар балдарды кызыктырып, шык жөндөмүн ойготуш керек.

Алина Назаралиева да көпчүлүк улан-кыздардай эле сүрөт тартууга кызыгып, сүрөт сабагына барып баштаган. Ал бул курстар ага жакшы таасир эткенин айтып, чыгармачылыгында бир топ жылыштар болгондугун кабарлайт.

-Портреттерди, натюрмортторду тартканды үйрөндүк. Жакшы сабак, мага жагат.

Балдарды тарбиялоодо көркөм өнөрдүн анын ичинен сүрөтчүлүктүн таасири чоң. Соңку убакта муну түшүнгөн ата-энелер көбөйүп, өздөрү кызыкдар болуп жатканы кубандырарлык көрүнүш экенин айтат Саркын Сооронбаев.

-Ата-энелер балдарды кызыктырып, убактыларын бөлүп алып келип, өздөрү жанында туруп үйрөткөнү мени аябай кубандырат.

Мына ошондой ата-энелердин бири - Бактыгүл Назаралиева. Ал өзү да көркөм өнөргө кызыгат. Анын айтуусунда келечекте кандай кесипти аркалабасын сүрөтчүлүк бардык учурда пайдасын тийгизет.

-Сүрөт тартканда адамдын ой-кыялы өзгөрөт. Кийим алабы, тамак жасайбы, керек болсо үйдү жасалгалоо иштеринде да сүрөт тартуунун таасири тиет. Ошол себептен баламды ушул курстарга жибергем.

М галереясынын сүрөт сабактары жумасына эки ирет уюштурулат. Эми сентябрь айынан баштап дагы каалоочуларды кабыл алышат. Ал эми галереядагы сүрөтчүлөрдүн эмгектери күн сайын көрүүчүлөргө тартууланат.
XS
SM
MD
LG