Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Белгилүү акын, таанымал комузчу, республиканын маданиятына эмгек сиңирген кызматкери Чалагыз Иманкуловдун туулган күнүнө быйыл 120 жыл толот.

Уккандардын кумарын кандырган, жүрөк отун жандырган комуз күүлөрүнүн залкар устаттарынын бири – Иманкул уулу Чалагыз эле. Ал жазгыч акын, сөздү куюлуштура айткан санжырачы, таңдайынан чаң чыгара сүйлөгөн чечен, дастанчы, мүлүшкөр болгон. Болочоктогу төрт тарабы төп келишкен ар тараптуу шайырдын атасы Иманкул колунан кушу, жонунан мылтыгы түшпөгөн көзгө атар мергенчи, куштардын тилдерин баш манжасындай мыкты билген чоң мүнүшкөрдөн болуптур. Ал алтымышка аяк басканда зар какшап жүрүп, эркек баланын үнүн угат.

- Мен төрөлгөндө ошол кездеги салт боюнча азан чакырган молдо менин атамды Абдылда деп коет. Ал эми жерге түшөөрүм менен энем эркек эмес, кыз экен деп ырымдап, кулагымды көзөп, иймек тагып, “Чалагызым, Чалагызым” – деп жүрүп, Абдылда атым айтылбай, Чалагыз деген атка конуп кеткен экемин,- деп эскерет бала чагын Чалагыз Иманкулов. - Ата-энемдин айылдагы карыялардын айтууларына караганда 1889-жылы койдун күзгү кыркынында Ысык-Көлдүн Чырпыкты деген жеринде төрөлүпмүн. Мен үчкө чыкканда бир болуш эл эки болушка бөлүнүп, жер которуш болот. Ошондо биздин эл Чырпыктыдан көчүп азыркы Корумдуга чектеш Булан-Сөгөттүгө көчүп келишип отуркташып калышат, - .

Чалагыз жерден боорун көтөрүп ат жалын тартып мингенден “ата көргөн ок куят, эне көргөн тон бычат” дегендей, ата кесиби мергенчиликке, мүнүшкөрчүлүккө кызыгат. Ал атасынын аркасы жана өзүнүн кызыгуусу, тырышчагынын аркасында медреседен беш жыл окуйт. Чалагыз комуздун шаңдуу үнүн кулагы чалса бою балкып, эт жүрөгү эзилет. Боз уландын жалындаган шыгын, сергек сезимин, жайлоону бирге жайлашкан, кыштоону бирге кышташткан, бир өзөндөн суу ичишкен комузчу Шамыркандын уулу Каптагай ойготот. Чакем Каптагайдын кол ойното маштап черткен канаттуу күүлөрүн укканда:

Каптагай комуз чертсе чуркап жетем,
Ойлоймун мен да ушундай болор бекем,
Комузун чертип турса кол ойнотуп,
Тим эле токтоно албай бийлеп кетем.
Эң мурун күү үйрөндүм Каптагайдан,.
Комузду тез үйрөнүп кетмек кайдан.
Үйрөнүп, күүгө колум машыкканча,
Арадан жылдар сызып, ай өттү айдан.
Эл күүсү “Камбаркандан” баштап чертип,
Кол көнбөй кээ кайруусун таштап чертем.
Он сегиз, он тогузга келгенимде,
Комузду комузума маштап черттим”, - деп ырга кошкон Чакем.

Чалагыздын комуз дүйнөсүнөн бактысын белгилүү шайыр Каптагайга удаалаш чыккан улуу комузчу Карамолдо Орозов ачат.
“Бир туруп, бирге жатып, кийин мени узатып Карамолдо салды чоң жолго” – деп сыймыктанган Чалагыз өз кезегинде. Карамолдонун өтүнүчү боюнча ал кыргыз филармониясына алынат. Анда 1983-жылдан ардактуу эс алууга 1956-жылга чейин иштейт.

Ал муундан муунга өтө, комузчудан комузчуга көчө салт катары өтүп, элдик аспаптык музыканын алтын казнасына айланган классикалык күүлөрдү өтө устаттык менен угуучулардын жүрөктөрүнө жеткире аткарат. Өзгөчө элдик “Жаа толгоо”, “Кер толгоо” жана “Жайкама”, “Алым сабак”, “Салтанат” деген ж.б. күүлөрдү бүтүндөй жан дүйнөсү менен берилип черткен.

Таанымал комузчу элдик толгоо күүлөрүнүн өзөгүндө “Чың толгоо” аттуу алгачкы күүсүн чыгарат. Автордун күүсү жекечилдиги, кайрыктарынын кайталангыс бөтөнчүлүктөрү менен айырмаланат.

Маркум ак таңдай төкмө акын Ашыраалы Айталиев Чалагыздын адамкерчилигин, ар тараптуу шыгын бир жолку жолугушууда мындайча мүнөздөгөн эле:

- Чалагыз ушунчалык найым, ушунчалык назик адам эле. Жайында калк аралап концерт берип жүргөндө буту, колубузду жууп алып эшике жатабыз. Ал кезде мейманкана деген жок. Жетекчилерибиз ар бир үйгө алып барып кондурат. Ошондо үйүнүн тегерегин шыпырып тазалатып эшикке төшөк салдырып жылаңайлактанып жатабыз. Чакем ошондо капкайдагы не бир укмуштай жомокторду айтат. Ал айтканда ушундай бир таттуу тил менен ушундай бир назик сөздөр менен жүрөгүңө тие тургандай чеберчиликте айтуучу. Ал жомок айтып атып бизди да ыйлатчу, өзү да ыйлачу. Көбүнчө Чакем 1916-жылкы кыргыздардын Үркүнү тууралуу айтчу эле. Ал Үркүндө кайсыл жерге, элге барганы, тарткан азаптары, көргөн кордуктары, ошол жактан уккан жомоктору. Ошол элдин үрп-адаттары, каада-салттары эле. Биз уккан, угуп жүргөн уламаларды, аңыздарды, кеп келечтерди кулакка ушунчалык жеткиликтүү жугумдуу тилде айтуучу. Чакеңдей назик, Чакеңдей чечен, бирөө какшыктап суроо берсе, ал экинчи ооз ача албагандай жооп берүүчү. Ысык-Көлдө жүргөндө Корумдудабы, Темир-Авкандабы бир кара тору келин Чакеме “ара сакал молдокем кайда жүрөт болду экен” – деп тамашалашып учурашып атпайбы. Чакем өзүнүн айлына ушунчалык кадырлуу эле. Анткени Чакем Совет өкмөтү жаңыдан орногон кезде тигил киши мындай, ал андай деп ушак менен ак жерден айдатып түрмөгө салып, мал-мүлкүн алуучу экен. Ошол кезде Чакем айлында сельсовет экен. Чакем ошондо көп кишилерди сактап аман алып калыптыр. Ал эми Украинага айдалып кеткендердин оокат кечелерин өкмөткө өткөрбөй сактатып коюп, кийин алар келгенде оокаттарын өздөрүнө бердириптир. Чакем өтө акыйкатчыл, адилеттүү чоң активден экен.

Ашыке эскергендей, Чалагыз чоң жомокчу, дастанчы да болгон. Алсак, ал “Мендирман” баштаган ондогон дастандарды, жомокторду табына чыгара айтаар эле.

Көрүнүктүү шайырдын туулган күнүнүн 90-жылдыгына арналган эскерүү кечесинде Ашыраалы Айталиев Чакемдин комузчулугу, күүлөрү жөнүндө мындай деп эскерген:

- Чакем жаш кезинде жашаган аймакта Жансерке деген комузчу жана комуз чапкан уста бар экен. Ошондон Чакем комуз чапканды үйрөнүптүр. Чакем комузду да катыра чапчу. Азыр да Чакемин чапкан комуздарын чертип жүргөндөр бар. Чакем элдик жана залкар шайырлардын көп күүлөрүн чертүүчү. Өзү да күүлөрдү чыгаруучу. Эмнегедир Чакемдин күүлөрү өзү иштеген Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине салынбай жүрөт. Чакемдин “Сур толгоо”, “Кер толгоо”, “Чың толгоо”, “Кыз кыял”, “Жайкама” аттуу уккандардын черин жазган укмуштай кайрыктарга бай күүлөрү бар. Буларды кэ-кээде радиодон угабыз. Эмнегедир жылдар өткөн сайын Чакебизди унуткандан унутуп баратабыз. Чындыгын айтканда Чакем Ыбырайдан калышпаган, алардын катарындагы залкар шайыр.

Чакем дастан айтуу, комуз чертүү, күү чыгаруу менен бирге жазгыч акын да эле. Чакемдин басмалардан чыккан “Нур заман”, “Замандашым комузум” аттуу ырлар, “Манат”, “Чын темир”, “Үч кыз” деген жомок-аңгемелери, повести, “Өмүр элестери” аттуу мемуары окурмандардын алкоолоруна алынат. Чакем көрүнүктүү комузчу, айтылуу мүнүшкөр катары “Караш-караш”, “Жаныбарым Гүлсары”, “Жамыйла”, “Комузчулар” (“Дүбүрт”), “Комуз” деген ж.б. көркөм жана даректүү фильмдерге да тартылат.

Ар тараптуу залкар шайыр 1927-жылы Орусиядан көгүлтүр Ысык-Көлгө көчүп келген Петр Артеменковдун Нора деген карындашын ала качып алат. Нике кыярдын алданда Керимбек деген дамбылда Чакем алган жарынын атын сурайт, Чакем “Аты Нурке” дегенде дамбылда: “Ат асмандан, Нур бейиштен” деген эмеспи.

"Кудай талаа башынан эле атын мусулманга ылайыктап буюруптур, эми аты Нуруйла болсун", – деп никесин кыят. Ошентип Нуруйла апа мусулман динин, тилин каада-салтын кабыл алат. Ал этегинен жалгап 3 кыз, 3 уул төрөйт. Балага да, жашка да, карыга да, жайдары мүнөзү, жаркыраган маанайы, жүзүнөн күлкүнүн нуру төгүлгөн жылдыздуу, ширин сөздүү, ыр менен күүнүн залкары Чакем:

Байбичем сары чийкил, Нуруйла аттуу
Жаркылдап сүйлөп турса тили таттуу.
Уулуу журт төркүн-төсү орус эли.
Ар тилди жаза билет маалыматтуу.
Туйгундан жаралгандай жүзү аппак,
Кыргызча буурусу жок сүйлөйт таптак, - деп, сыймыктанада ырдап жүрүп 1980-жылдын 22-августунда 91 жаш курагында о дүйнөгө сапар алат. Чакем ордолуу калкы менен кош айтышканына 29 жылдын жүзү болсо да “айланайындарым” деген сөзү, черткен күүлөрү кулагыма жаңырып, жадыраган, жайнаган элеси такай көз алдыма тартылат.









XS
SM
MD
LG