Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

Талант тагдыры: Айтылуу дирижер Асанкан Жумакматов


Атактуу дирижердин даңктуу жолу урма аспаптан башталган.

Атактуу дирижердин даңктуу жолу урма аспаптан башталган.

“Бүгүн бар да, эртең жок, ушундай экен дүйнө шок” дегендей, кечээ эле карылыкка алдырбай, жадырап жайнап, кыргыздын, дүйнөлүк музыканын сыйкырдуу кайрыктары менен жашап, өмүрүн өткөргөн кыргыздын профессоналдык музыкасынын негиз салуучуларынын бири, айтылуу дирижер Асанкан Жумакматовдун арабыздан о дүйнөгө сапар алганына беш айдын жүзү болду.

Кыргыздын тунгуч дирижерлорунон болгон Асакем өзүнүн 85 жаш өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнады. Ал алты жашынан ата-энеси менен байдын тукуму катары Украинага сүргүнгө айдалат. 1938-жылы Асанкан Фрунзеге (Бишкекке) кайтып келет. Ордо калаадагы педагогикалык окуу жайында окуйт.Бир эле мезгилде кыргыз музыкалык-драмалык театрынын оркестринде иштейт. Урма аспапта барабанда ойнойт.

1941-жылдын ноябрында Асакем “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” деп өз каалосу менен мекенди, элди коргоо үчүн Улуу Ата-Мекендик согушка аттанат. Ал Сталинград шаарында душмандар менен баатырларча салгылашып жүрүп, оор жарадар болот. Ал сакайып мекенине кайтып келери менен Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы улуттук студиянын дирижерлук бөлүмүндө окуйт.

Асакем окуу жайын бүтөөрү менен Кыргыз опера жана балет театырында коюлган “Айчүрөк”, “Көкүл”, “Кармен”, “Көл боюнда” операларынын “Ажал ордуна”, “Алтын кыз” музыкалуу драмаларынын, “Ким кантти” музыкалык комедиясынын жана башка операларды, балеттерди дирижерлойт.

Жогорку музыкалык билимден чаңкаган Жумакматов 1952-57-жылдары Москва Консерваториясынын дирижерлук факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрөт. Кыргыз опера жана балет театырында башкы дирижер болуп иштейт. Ондогон дүйнөлүк ысымдагы жана кыргыз композиторлорунун операларын, балеттерин, концерттерди дирижерлойт.

1962-жыл. Декабрь айы. Дүйнөлүк классикалык операларды, балеттерди, симфониялык чыгармаларды дирижерлоп келген Асанкан Жумакматовдун чыгармачылыгынын жаңы баракчасы ачылат. Кыргыз филармониясында К. Орозовдун “Ибарат”, “Сынган-Бугу”, А.Огонбаевдин “Ой булбул”, “Күйдүм чок” аттуу өзгөчө ыргактардагы элдик салттуу музыканын баш аттарынан аталган классикалык күүлөргө, оборндорго жаңы өмүр жаратууда Асанкан ар бирине өзүнчө чыгармачылык ыкма таап талбай, талыкпай изденген. Айрыкча ал Карамолдонун “Ибаратын” оркестрге не бир укмуштай уккулуктуу, мукамдуу, комузда кандай чертилсе, ошондой түшүрүүгө аракетенген.

Академик Азиз Салиевдин 1963-жылдын 6-июнундагы “Советтик Кыргызстан” газетасына жазган “Кыргыз эл музыкасы жөнүндө ой-пикирлер” аттуу макаласында: “Ибарат” күүсүндө кыргыздын асыл сезим-ой, чексиз кыйырсыз мүдөөсү, тилеги, кыялы өзүнө татыктуу тек бир көкөлөгөн жетик формада берилген. Ал адамдын түгөнгүс умтулуусу, элибиздин даңктуу жолу жөнүндөгү не бир дастан сыяктанат. Аны укканда кыргыздын эбегейсиз дүйнөнү өзүнө батырган жүрөгүнө ыраазы болосуң, тунук жана бийик талантына кубанасың”-деп жазган.

Мезгил алга канат сермеген сайын Жумакматов оркестрдин өздүк репертуарын байытуу менен анын жамаатын таланттуу жаш ырчылар менен да толуктайт. Алардын арасында Кыргызстанда туулуп өскөн Анатолий Зайцев менен Сабира Суранчиева да бар эле.

Асанкан агай Анатолий Зайцевдин ыр дүйнөсүнөн кандайча бактысын ачканы жөнүндө мындай деп эскерип кеткен эле:

“Анатолий Зайцев Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында вокалдан (ырдоодон) сабак берүүчү. Үнү лирикалык тенор эле, Мен Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде көркөм жетекчи жана башкы дирижер болуп иштеп калдым. Мен өзгөчө обончулар Атай Огонбаевдин, Муса Баетовдун, Бектемир Эгинчиевдин ырларын оркестрге салып, жаш ырчыларга ырдата баштагам. Ал кезде кыргыздын эски, обончулардын ырларын ырдай турган таланттуу улан-кыздар жокко эсе эле. Ошондо мен Анатолийди оркестрге чакырдым. Ал кыргызча жакшы сүйлөчү. Анатолий Бишкекте туулуп өскөн. Зайцев оркестрге иштөөгө макул болду, мен берген ырларды жанталашып жаттап, өтө кызыгуу менен үйрөнө баштады. Ал Атайдын, Бектемирдин жана башка обончулардын ырларын кыргыз тилинде аткарды. Концерти ушунчалык зор ийгиликтер менен өтуп жатты. Бир күнү Кыргызстан Борбордук Партия комитетинин биринчи секретары Турдакун Усубалиев жолугуп калып: “Асанкан сен кыргыздын эски ырларын үйрөтүп ырдатып атасың, өзгөчө мен ыраазымын орус баласы Анатолий Зайцевди кыргызча ырдатканыңа”,-деп, мактаган эле. Мен Анатолий менен бир топ жыл бирге иштештим. Москвага, Украинага, Ленинградка гастролго чыктык. Анатолий кыргызча ырдап, угуучулардын алкоолорун алып жүрдү”.


СССРдин эл артисти Дарика Жалгасынова: Маэстро кулдай иштеп, хандай жашачу...

- Дарика айым, улуу маэстро Асанкан Жумакматов менен опера жана балет театрында, филармонияда, Кыргыз телерадио корпорациясынын академиялык симфониялык оркестринде 30 жылдан ашык бирге иштепсиз. Асакемдин залкар дирижерлугу, ишмерлиги, жаш таланттарга көргөн камкордуктары эмне айта аласыз?

- Асанкан Жумакматов агайыбыз жөнүндө айта берсе сөз түгөнбөйт. Агайыбыз Кыргыз Эл Баатыры деген чоң сыймыктуу наамды алууда бүт өмүрүн жумшап келди. Сыртынан караганда элге оңой эле жете тургандай дирижерлук кесипте агайыбыз күн тынымын, түн уйкусун үч бөлө эмгектенди. Ал өзүнүн профессионалдык көз карашын эч кимге бербей, айыгышып, өчөшүп, эрегишип, өжөрлөнүп отуруп көрө албаган каршылаштарын жеңип келген.

1972-жылдан театрга келген жаңы агымдагы жаш таланттар Болот Миңжылкыев, Хусейин Мухтаров, Кайыргүл Сартбаева, Дарика Жалгасынова, Токтонаалы Сейталиев, Эркин Касымов, Аманбек Нуртазин жана башкалар келишти. Бул кезде театрда өзүнчө бир толкун пайда болду. Мына ушул кезде маэстронун таланты ашып, ташып турган кези эле.

Он беш союздук республиканын атактуу артисттери менен карым-катыштар, өз ара байланыштар күчөп, “Ала-Тоо жазы” фестивалы өтүп, биздин артисттердин Москва жана Ленинграддын атактуу театрларында ырдашыбызга агайдын эмгеги ат көтөргүс болгон эле. Эгерде ошол кезде маэстродой адам болбосо, биздин жаш ырчылардын тагдырлары кандай болот эле, бир кудайдын өзү билет эле.

Болот Миңжылкыев Америкада, Кайыргүл Сартбаева Японияда ырдап, элибизди, жерибизди таанытты. Эгерде, маэстронун даанышмандык саясаты болбосо жаштарыбыз өспөйт эле. Ал кыргыздын-кыргызчылыгына, досчулугуна, жердешчилигине берилбестен, талантты гана сыйлаган, бетке айткан, тартынбаган адам эле.

-Дарика айым, сөзүңүз оозуңүзда. Эмне үчүн жакында Улуттук филармониянын 1200 орундуу чоң залында өзүңдүн, Асакемдин ысымын алып жүргөн академиялык симфониялык оркестрдин жамаатынын демилгеси менен улуу маэстронун жаркын элесине арналган эскерүү кечээсине эки жүздөй эле адам катышты?

- Бүгүнкү күндө биз эмнеден ооруп жатабыз. Бүгүнкү күндө биз бетке айта албайбыз. Жаманды жаман деп турсак да, жаман деп айта албайбыз. Кечээле көзү өткөн агайыбызды биз бүгүн унутуп калдык. Биздин чоңдор көрсө да, көрмөксөн, билсе да билмексен болушууда. Бул биздин жүрөгүбүздү абдан оорута турган нерсе. 70 жыл музыкалык искусстводо иштеп, гүлдөтөт деген эмне деген шумдук. Улуу адамыбызды унуткан Кудайды унутканга барабар. Сиз кандай дейсиз агай?

- Дарика айым, айткандарыңызга кошулам. Филармониянын чоң залында өткөн Асакемдин жаркын элесине арналган эскерүү концертине чакыруу билеттери берилсе Маданият жана маалымат Министирлигинин, Улуттук телерадионун, Консерваториянын, Искусство иниститутунун, шаардагы орто музыкалык окуу жайынын жана балдардын музыкалык мектептеринин жетекчилери, окуучулары, студенттеринин билишсе да билмексенге салышы, беш айдын жүзү боло электе агайды унутуп коюу арбакты сыйлабаганга жатат деп эсептейм. Дарика айым маэстро Асакемдин тирүү кезинде бир топ ырларды арнап жазыпсыз, ошолордон окуп бербейсизби?

- Мен маэстронун көзүнүн тирүү кезинде ага арнап, бир топ ыр жазганмын. Маэстронун жаркын элесине арнап жазган бир ырымды окуп берейин.

Сексен беш жашка чыкса да,
Теңтуштай эле биз менен.
Хандардай жашап агайым,
Кулдардай болуп иштеген.

Маэстро жашап өттү, көпбү азбы,
Доор менен тең тайлашып жолду басты,
Кыргызымды таанытып дүйнө элине.
Маэстро Европага эшик ачты.

Бул адамды бүгүн кимдер билбесин.
Ал жөнүндө жаңы тарых сүйлөсүн.
Жетимиш жыл талыкпастан, ак иштеп,
Гүлдөттү го искусство дүйнөсүн.

Алп дирижер, ал жол башчы.
Ал даанышман, Бетховенди кыргызыма тааныткан,
Ушул адам өлбөс кылып калкымды.
Ал тирилтти Атай, Муса, Карамолдону,
Муратаалы күү дастаны дүйнөгө таркады.
XS
SM
MD
LG