Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

“Азаттыктын чыгармачылык кечеси” аттуу берүүбүздүн мейманы – обончу жана аткаруучу, Кыргыз эл артиси Түгөлбай Казаков.

Асел: -Түгөлбай агай, сиз азыр КТРде иштейсиз. Эмне үчүн, бирок же радиодон, же теледен чыгармаларыңыз көп берилбейт?

Түгөлбай Казаков: -Мен тээ мурда ушул корпорациянын музыкалык редакциясына башкы редактор болуп барганымда эле айткам – мен бул жерде иштеп атканымда менин чыгармаларымды бербегиле деп. Башкаларды бериш керек. Анан мен кеткенден кийин башка бирөөлөр мени алып чыгам десе – ал башка иш. Анан киши өзү олтуруп алып, колунда турган техниканын баарысын пайдаланып өзүнө иштетсе, ал жакшы эмес деп ойлойм.

Адилет: -Түгөлбай агай, сиз дайыма Рыспай Абдыкадыровду ооздон түшүрбөйсүз. А кишини эскерип, айрым жоруктарынан айтып бербейсизби?

Түгөлбай Казаков: -Рыспай аке экөөбүз көбүнчө адамгерчилик мамиледе болдук. Чыгармачылык байланыш дей тургандай эч нерсе деле жок. А киши чыгармачылык кеп-кеңеш бергенге өзү жок болчу. Жакшы же жаман деп койчу – болду. Эң эсте калганы – биринчи көрүшүүбүз. Мен 9-класста окуп жүргөндө Рыспай аке биздин айылга барып, ошондо жолуккамын. Кийин Өзгөндү кыдырып экөөбүз концерт бердик. Ошондо өтө көп сырдаштык. Балык кармадык. Эс алдык дегендей. Эми бу киши бир карасаң көп окуган, улуу адамдардан мисалдарды келтирип сүйлөгөн бир укмуш ойчул дагы эле. Ошентип туруп эле кайра бала болуп кетчү. Ошо Өзгөндө экөөбүз кетип баратабыз. Укмуштарды сүйлөп бараткан. Бир кезде эле көк чөпкө көмөлөнүп кетти. Бирөө түртүп ийген экен дептирмин. Көрсө, бала кези эсине түшө калган экен, ошон үчүн чөпкө оонап атыптыр. Рыспай акенин көкүрөгү тунуп-чөгүп туруп калбаган, көкүрөгү ойноп турган киши болчу да. Ошон үчүн өмүрүнүн акырына чейин чыгармачылыгы токтогону жок!

К. Култегин: - Түгөлбай аке, менин көңүлдө баккан сизге бир суроом бар да. Мурда – сиздер сахнада жүргөн кезде ырчылык ак сөөктөрдүн ишиндей сезилчү. Эл, мамлекет айрыкча бапестеп. Азыр ырчылык өтө абыгерчиликтүү иш. Анын үстүнө сахнадагылар да майдаланып, бачикиленип кетти окшойт. Сиз ошон үчүн сахнадан четтеп кеткендей туюласыз?

Түгөлбай Казаков: - Себеби көп эле. Биринчиден, мен Советтер Союзу кулай электе эле – 1989-жылы коштоштум сахна менен. Жалал-Абатта эл концертке өтө көп чогулган экен. Ошондо мен бүгүн бенефис берейин, көптөн бери сахна менен коштошоюн деп жүрдүм эле деп, концертте айтчу сөзүмдү айттым дагы, дароо Бишкекке белет алып, учуп келе бердим. Спортто жакшы бир эреже бар. Бир мүнөт кеч кеткенден көрө бир жыл эрте кетиш керек деген. Бул – көрөрмандарыңды, угармандарыңды сыйлоо деген эле түшүнүк. Сахнага өмүр бою мандат берилген эмес. Экинчи жагы, эл боору ооруп кол чаба турган кезге жетпеш керек. Бул качан кетет деп жаман көрүнбөш керек. “Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт”... Үчүнчүдөн, чыгармачылык дайыма эле бийиктикке умтулуп, өсүп турса – башка кеп. Анда жанталашып иштесе болор эле. Анан баягы тажрыйбалуу болуп алып, кандай темада болсо да жазып, бирок, чыгарма жүлүндөн сызылып чыкпай, акылдын күчү менен кургак чыга баштаганда – кой деш керек. Ошондой күндөрдү көргүм келгени жок.

К. Култегин: - Мисалы үчүн, Иосиф Кобзон сахна менен коштошуп атам деп жалпы КМШ өлкөлөрүн кыдырып концерт берип алып – кайра эле сахнада жүрөт?

Түгөлбай Казаков: - Кобзон коштошо албайт сахна менен. Анын үйдө олтуруп же мемуар жазып – жашап кала турган табияты жок. Кобзон деген – Магомаев эмес да. Магомаев жана сиз айткандай, ошо пачики-сачикилер менен аралашкысы келбей, сахнадан денесин таза алып чыгып кетти.

Гүлзина: -Түгөлбай агай, түшүңүздө чыгарма жараттыңыз беле?

Түгөлбай Казаков: -Менин “Сүйүү жазы” деген бир эле обонум түшүмдө келген. Дал өзүндөй келбесе дагы, ошонун өзөгү келген. Түшүмдө ойноп аткан экемин. Кайрыктарды эстеп – нотага түшүрүп калдым. Көп эле кайрыктар келет түшүмдө, бирок ойгонгондо эле – эсте калбай калат. Далай обондор кетти го түш менен кошо. Колго илинип калганы – ошол бир эле ыр болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG