Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:59

ЮНЕСКО кыргыз коомчулугунун үнүн угабы?


Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин "Манас" эпосунун мотивдери боюнча тарткан сүрөтү

Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин "Манас" эпосунун мотивдери боюнча тарткан сүрөтү

“Манас” дастанын коргоо комитети президент К. Бакиевге кайрылуу жолдоду. Анда ЮНЕСКОдо Кытайдын атынан катталган “Манас” эпосун Кыргызстандын атынан кайра каттатуу үчүн дипломатиялык, саясий жолдор аркылуу таасир этүү суралды.

Кайрылуу бүгүн Бишкекте өткөн жыйында талкууланып, кабыл алынып, “Манас” дастанын коргоо комитетинин экинчи жыйында ЮНЕСКОго эпосту Кыргызстандын атынан кайрадан каттоо ишин жүргүзүү жана ал үчүн дипломатиялык, саясий мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун зарылдыгы президент Курманбек Бакиевге жолдонгон катта белгиленди.

Ошондой эле президентке жолдонуп жаткан катта “Манасты” калк ичинде, дүйнөдө таанытуу иштерин күчөтүү, Кыргыз таануу улуттук борборун түзүү, манасчылар мектебин ачуу, жаңырган жылды «Манас» жылы деп расмий атоо, Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтын “Манас” деп атоону караштыруу сунушталган.

“Манас” дастанын коргоо боюнча элдик комитеттин тең төрагасы, кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин
пикиринде, президентке жөнөтүлгөн катта далилдүү фактылар, түшүндүрмөлөр, сунуштар болуусу шарт. Антпесе көп каттын бири катары жоопсуз калышы ыктымал.
"Манас" эпосу дүйнөлүк мурас катары дал кыргыз элинин атынан көрсөтүлүшү керек.
Ж. Кадыралиев

-“Манас” эпосу Кытай элинин маданий мурасы деген мындай маалымат ЮНЕСКОнун расмий сайтында жарыяланган. «Манас» эпосу дүйнөлүк мурас катары дал кыргыз элинин атынан көрсөтүлүшү керек. Антпесе, дүйнөлүк коомчулук эпостун кайсы элге тиешелүү экендигинен адашып калышы толук мүмкүн. Ушундан улам бул катачылыкты калыбына келтирүү үчүн биз Кыргыз Республикасынын президенти, өкмөтү жана Жогорку Кеңешке кат менен кайрылуу жасамакчыбыз. Ошондой эле бул маселеде жалпы коомчулуктун колдоосу зарыл.

Кайрылуу катка алтымыштан ашуун жазуучу, саясатчы, коомдук ишмерлер кол койду.

Кыргыз элинин алп эпосу «Манас» ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес мурастар тизмесине Кытай Эл Республикасынынын атынан кирип калганы кыргыз коомчулугунун намысына тийип, нааразычылыктарын жаратууда.

Чынында «Манас» дастаны кыргыз элине гана таандык экендигин эч ким танбайт. Бирок Бишкекте өткөн жыйынында саясатчы, коомдук ишмерлер «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Кытай Эл Республикасынынын атынан киргизилгенин одоно ката катары баалап, бул катачылыкты оңдоп, өкмөттүк деңгээлде Кыргызстандын атынан кайра сунуштоо керектигин билдиришти.

“Айтыш” киностудиясынын аткаруучу продюсери Салтанат Турдукееванын айтымында, Кытайдын маалымат каражаттарында “Манас” эпосунун жаралган жери Кытайдагы Ак-Чий аймагы деп, кытайлык кыргыздарга гана таандык деп айтылып, жазылып, коомчулук адашууда. Ошондуктан «Манас» дастанын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан киргизилиши зарыл:
Дүйнө коомчулугу эми "Манас" дегенде Кытайды түшүнүп, адашып калышы мүмкүн.
С. Турдукеева

-Себеби, «Манас» дегенде дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанды эмес, Кытай өлкөсүн түшүнүп, адашууга алып келиши мүмкүн. Бул катачылыкты дароо оңдоп, ЮНЕСКОго кат жолдоп, түшүндүрүү керек. Кол топтоп, ЮНЕСКОго чейин жиберебиз. Кыргыз коомчулугу кайдыгер болуп, жөн жатып калбайт.

Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун жетекчиси Абдылдажан Акматалиев “Манас” эпосу миң жылдык мааракеси өткөрүлгөндөн кийин дастанга көңүл бурулбай, кол жазмаларды китеп кылып чыгарууга өкмөт каражат бөлбөй койгонун айтат.

- Азыркы күндө Улуттук илимдер академиясында 83 вариант бар. Чоң-кичине окуялар, же болбосо бөлүктөр болуп жалпы жонунан “Манастын” 83 варианты бар. Бул 20-жылдардан тартып, бүгүнкү күнгө чейин жазылып келе жаткан варианттар. Бизде бүгүнкү күндө “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Сейтектин уулу Эрсарык” - бул Шаабай Азизовдун варианты боюнча. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Сейтектин уулу Кенен”, “Кенендин эки уулу Алымсарык”, “Кулансарык” деген варианттар бар. “Манас-1000” мааракеси өткөндөн кийин бул тармак унутулуп кала берди. Кыргызстан тарабынан керектүү өзгөртүүлөрдү, “Кыргызстан мамлекети, кыргыз эли, “Манастын” жери деген” эң негизги түшүнүктү киргизүү керек.

“Эр айым” коомдук бирикмесинин жетекчиси Ракыя Жусупованын пикиринде, ЮНЕСКО дүйнөлүк мурастар тизмесине Кытай мамлекетинин атынан “Манасты” каттап койгону үчүн бул уюмду эл аралык сотко берүү керек.
"Манастын" Кытайдын атынан катталышы - кыргыз элин кемсинтүү.
Р. Жусупова

-“Манас” кыргыздардын нукура мурасы катары жазылбастан, Кытайдагы кыргыздардыкы деп койгону калыстык эмес. Кытай Республикасынын атынан деп чыгып калганы албетте барыбызды тынчсыздандырды. Себеби Кыргызстанда “Манас-1000” салтанаты өтсө, манасчылык өнөр биздики экенин ЮНЕСКО өзү каттап жатса, анан аны Кытай мамлекетинин атынан каттоого алышы - кыргыз элин кемсинтүү. Ошондуктан ЮНЕСКОнун эл аралык сотко берүү керек.

Коомдук ишмер Дөөлөт Нусуповдун пикиринде, Кыргызстан тараптан “Манасты” өткөрүү боюнча ЮНЕСКОго аракет кылышкан. Бирок ал убакта, 1995-жылы Бириккен улуттар уюмунун колдоосу менен “Манас – 1000” деген эл аралык маанидеги иш-чаралар өткөрүлгөндүгү эске алынып, мындай сунуш кабыл алынган эмес.

Тактоо иретиндеги маалымат: Кыргызстан “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүү үчүн өзүнүн билдирүүсүн 2000-жылдары эле берген.

Бирок анда ЮНЕСКОнун катчылыгы «Манас» дүйнөлүк коомчулукка жакшы эле таанымал экендигин белгилеп, буга жакыныраак башка демилгени көтөрүүнү сунуштаган.

Ушундан кийин кыргыздын төкмө акындык жана дастанчылык өнөрү 2003-жылы дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

“Манас” эпосун ЮНЕСКОнун ооз эки рухий дөөлөттөр мурасы тизмесине кайра киргизүү аракети тууралуу "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүндө да сөз болгон.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG