Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:24

“Азаттыктын” башатында Азамат Алтай турган


"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын кыргыз кызматынын түптөөчүсү, маркум Азамат Алтай тирүү болгондо бүгүн, 15-сентябрда 89 жашка чыкмак.

Азамат Алтайдын азан чакырылып коюлган аты-жөнү Кудайберген Кожомбердиев.

1953-жылы ал башкеңсеси Мюнхенде жайгашкан «Азаттык» үналгысына (азыркы «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын кыргыз кызматына) ишке кирип, 18-мартта туңгуч кыргызча берүүнү обого чыгарган.

Бир аз убакыттан соң ал Нью-Йоркко кетип, Колумбия университетинин китепканасынын түркология бөлүмүндө иштеп калат. Ошондо да ал «Азаттык» менен тыгыз кызматташкан.

Азамат Алтайдын 40 жылга чамалаш өмүрү «Азаттыкка» арналган. Кыргыз кызматынын үзгүлтүксүз иштеп турушуна, чет өлкөлөрдө жашап калган кыргыз жаштарын бул кызматка тартууга чоң салым кошкон.
Азамат Алтай жубайы менен

Азамат Алтайдын жээни Тойчубек Турганбаевдин айтымында, 1956-жылы 15-сентябрда АКШга барганда америкалыктардын Кудайберген Кожомбердиев дегенге тили келбегендиктен ал Азамат Алтай деген ысымды ырымдап алган.

- «Алтай» сөзү аркылуу кыргыздын тарыхый тамырын Ала-Тоо менен чектебестен, Алтай, Эне-Сай менен да байланыштыргысы келсе, «Азамат» сөзү аркылуу эл-жерине карата атуулдук сезимин чагылдырган. Ошентип Азамат Алтай деп аталып, АКШнын паспортун алып калган экен.

Азамат Алтайдын тагдырын, турмушун изилдеп, архивин Кыргызстанга алып келип, тарыхый чыгарма жараткан Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин эскерүүсүндө анын тарых менен адабиятка болгон кызыгуусу өтө зор болгондуктан, 1920-жылдардан бери Кыргызстанда чыккан гезит-журналдарды почта аркылуу АКШга алдырып, илимий китепканага чогултуп келген.

-1991-жылы Азамат Алтайдын үйүндө бир айча жүрүп калдым. Архивинин баарын аңтардым. Бир топ китептерин, архивин ала келдим. “Азаттыктын” макалаларын карап олтуруп, эмне үчүн бул кишини жамандаганын, эл душманы деп жарыялаганын ошондо түшүндүм. Себеби, биринчиден, биздин чоңдордун ката иштерин, кемчиликтерин көп айтышкан экен. Экинчиден, бизде жашырган чындыкты алар айтып турган. Архиви менен таанышып, көзүм бир нерсеге жетти. Кыргыздар, Кыргызстан жана Борбор Азия тууралуу көп маалыматтарды башка авторлорго, китепканалар үчүн даярдап берген. Муну Азамат Алтайдын архивдеринен көрдүм. Азамат Алтай бүткүл өмүрүн Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы сөз жана басма сөз эркиндигине, жалпы эле аймактагы демократиялык жараянга арнаган.

Кыргыз адабиятына кызыккан батыштык изилдөөчүлөр окусун деп, Касым Тыныстановдун китебин кириллицадан латын арибине которуп жазып чыккан экен. Бул китепти азыр АКШдагы Колумбия университетинен таап окуса болот. Oшондой эле Париждеги басылманын өтүнүчү боюнча 1970-жылдары Библияны алгачкылардан болуп «Ыйык инжил китеби» деген аталышта кыргызчага которгон, бул ишке 10 жылдан ашуун эмгеги кеткен.


Азамат Алтай 1988-жылы пенсияга чыгып, ошондон бери өмүрүнүн акырына чейин Нью-Йоркто жашап келди.
Азамат Алтай Кыргызстанда

Азамат Алтай 1995-жылы 24-августтан 11-сентябрга чейин эгемен Кыргызстанга сый конок катары келип, "Манас" дастанынын мааракесине катышкан. Түгөлбай Сыдыкбеков, Кусейин Карасаев, Жусуп Мамай сыяктуу кыргыз залкарлары менен жолуккан.

Ал өзү 1950-жылдардан бери кыргыздын тарыхы, маданияты, адабияты боюнча чогулткан архивинин бир бөлүгүн 1995-жылы Кыргызстандагы Жалал-Абат университетине тартуулады. Кийинчерээк Жалал-Абат университетинде Азамат Алтайдын бурчу ачылган.

Азамат Алтай 1995-жылдан тарта Жалал-Абат менен Караколдогу университеттердин мыкты окуган студенттерине жеке өзүнүн атынан жыл сайын 500 доллардан сыйлык берип турган.

Бишкектин тургуну Жаныбек Кулукеевдин пикиринде, Азамат Алтай чет жерде жүрсө да кыргыз жерин, элин сүйүп, Кыргызстандын эркиндигине салым кошкон публицист, мекенчил инсан катары тарыхта калмакчы.
Азамат Алтай "Азаттыктын" Бишкек бюросунун мурдагы жетекчиси Кыяс Молдокасымов менен маектешүүдө. Нью-Йорк, 22-сентябрь, 2005-жыл.

-Эми Азамат Алтай деген кыргыздын тарыхында кала турган улуу инсаны. Совет доорунун бүт кемчиликтерин ошол киши бетке айтты. Чындыкты айтып, көзүбүздү ачты. Маркум атам Апындын жашырынып, Азамат Алтайдын үнүн угуп жатканын өз көзүм менен көрүп күбө болгом.

Азамат Алтай өз мекени үчүн күйгөн, элинин эгемендигин эңсеп, ошого умтулган инсан болгонун, учурунда анын эмгеги бааланбай калганын, анын ишмердүүлүгү кыргыздын урпактарына сабак болоорун Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кеңеш Жусупов “Азаттыкка” айтып, мындайча эскерди:
Азамат Алтай 85 жашта

-«Азаттык» үналгысынын кыргыз редакциясын уюштурган Азамат Алтайдын эмгеги көзү тирүүсүндө татыктуу баасын албай калганы өкүндүрөт. Туз-насип буйруп, 1997-жылы АКШга барып, Азамат Алтайга кезигип, үч-төрт саат аңгемелешкен элек. Бул кишидей патриот, кыргызды ушундай кадырлаган, сыйлаган, кыргыз жерин жанындай жакшы көрүп, сүйгөн кыргыздар айрыкча азыр жок болуп баратат. Азамат Алтай жөн эле кыргызды жакшылай бербей кыргыздын рух дөөлөттөрүн, маданиятын, тарыхын бөлөк элдерге таратып келген. Көптөгөн эмгектерине учурунда өзүнүн аты жазылбай калган. Ал кишинин атындагы бир сыйлыктарды уюштурса эмне үчүн болбосун. Көчөлөргө атын ыйгарып, музей уюштуруп, өзү окуган мектепке ысымын ыйгаруу зарыл эле. Бул кишини кадыр-баркын дале билбей жатабыз.

Азамат Алтай 1920-жылы 15-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Корумду айылында туулган. 15 жашында Түп районундагы зооветтехникумда окуган. Комсомолдун Тоң райондук комитетинде жаш муундарды тарбиялоо бөлүмүндө иштеп жүрүп, 1940-жылы аскерге кызмат өтөө үчүн чакырылган. Улуу Ата Мекендик согуш маалында, 1941-жылы Литвада туткунга түшүп, уруш аяктаганга чейин фашисттик концлагерде болгон.

1945-жылы Батыш ынтымагынын аскерлери тарабынан боштондукка чыгарылып, ал Батыш Европада туруп калган.

Кеңеш доорундагы куугунтукка алынып, жалган жалаа жабылып келгенине карабай, Кудайберген Кожомбердиев эч качан «Түркстан легионунда» кызмат кылган эмес.

Кудайберген Кожомбердиев 1940-жылдардын аягында Батыш Европада жашап калган борборазиялык бозгундардын «Түрк эли» уюмунун ишмердигине активдүү катышкан. «Түрк эли» уюму Борбор Азиядагы элдердин көз карандысыздыгы, өз келечегин өзү аныктоо укугу, демократиялык болочогу үчүн күрөшүү максатын көздөгөн.

Ошол жылдары ал Мюнхенде кыргыз, казак, орус, өзбек, түркмөн тилинде чыккан «Түрк эли» журналына кыргыздардын тарыхы, маданияты, кеңеш бийлигинен запкы жеген кыргыз жазуучу, илимпоздору жөнүндө макалаларды жазып турган.

Азамат Алтай 1950-жылдардан тартып Франция, Германия, Америкада кыргыздардын тарыхын, маданият-салтын изилдеген окумуштууларга жардам көрсөтүп, кыргызча булактарды англисчеге которуп, Батыштагы борборазиялык элдерге тийиштүү адабиятты жалпылап, чоң каталог түзүүгө катышкан.

«Азаттык» үналгысынын негиздөөчүсү, коомдук ишмер Азамат Алтай рак оорусунун айынан 2006-жылы 23-майда Нью-Йорк шаарында дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү өзүнүн керээзине ылайык, маркум жубайы Сания апанын Нью-Йорктогу кабырынын жанына коюлган.

XS
SM
MD
LG