Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

“Талант тагдыры”: Сологой ырчы Сооронбек


Акыркы мезгилде маданий коомчулукта таптакыр эстелбей, эскерилбей эстен чыгып калган, Токтогулдун ак батасын алган, Алымкул Үсөнбаевдин, Атай Огомбаевдин, Шекербек Шеркуловдун замандашы, белгилүү обончу, таанымал төкмө акын, комузчу, баянчы Сооронбек Чойбек уулунун туулган күнүнүн 100 жылдыгына, чыгармачылык тагдырына арналган музыкалык эскерүү.

Кудай таалам бирөөнүн маңдайына бапыраган байлыкты, бирөөнүн таңдайына өнөрдү жазат тура.

Сооронбек Чойбек уулуна ак таңдай акындыкты, обончулукту, комузчулукту буйруптур. Ал айтылуу улуу төкмө акын Жеңижок менен залкар куудул комузчу Айдараалы Жөргөлөк төрөлгөн Таластын Кара-Буура сөлкөмүндөгү Чимкент (азыркы Чолпонбай Түлөбердиев) айылында туулат.

Сооронбек эс тарткандан ата-энеден томолой жетим калып, үстүнө үйрүп салар кийми жок, бакканы байлардын малы, алганы отун болуп аятасы Медеркулдун колунда чоңоет. Ал комузчу болгондуктан, жээни Сооронбекке комуз үйрөтөт. Болочоктогу жаш шайыр комузду оң колу эмес, сол колу менен чертет.

Ошентип ал айыл арасына бара-бара “сологой комузчу, сологой ырчы Сооронбек” деген атка конот. Ал черткен күүлөрү, ырдаган ырлары менен белгилүү боло баштайт. Сөздү таңдайынан чаң чыгара сүйлөгөңдүктөн айылдаштары Сооронбекти “жаш тапан” деп да чакырышат.

Сооронбек сологой комузчу, ырчы, жаш тапан атыккан 10-11 жашында айтылуу ырдын дулдулу, булбулу Жеңижокту көрөт.

Сабалата төккөн ырларын угат. Туубаса зээндүү Сооронбек алп акындын ырларын шак эсине тутуп калып, айыл арасында ырдай баштайт. Ал эми 14 жашында кадимки тоо булбулу атыккан Токтогулга чоң тойдон жолугат. Токомдун чабыла турган күлүктөрдү сыпаттап, эркиндик заман колго тийгенин даңктап ырдайт.

Сооронбек ал учурду, Токтогулга кандайча жолукканы жөнүндө кийин минтип эскерген:

"Элдин алдына кандайча барып калганымды билбеймин. Комуздан көзүм өтүп, тикирейип тиктеп калсам керек. Током ырдап бүткөндө кимдир бирөө менин абалымды байкап отурганбы, элге угуза: “мына бу бала ырчы болот көрүнөт. Оозун кыбыратып, көзү комуздан өтүп баратат. Ырдатып көрөлү” – дешип жаалап кетишти. Ошондо элден уялып, кара терге түшө, Токомдун комузун алып, Током менен амандашып ырдап, ырымдын аягын:

Айтайын Токо, жайымды,
Ача көр менин багымды
Сынатайын деп келдим.
Канчалык бар алымды.
Өтүнөм коштоп ала жүр
Мендей ар талашкан тайыңды, - деп ырдасам, Током менден комузун ала коюп, коңгуроодой үнү менен:

Эсенсиңби, тай балам?
Энтикпей ырда, жай балам!
Эрмеги болот экенсиң
Элиңе ырдап талбаган, - деп Током ак батасын берди," - деп эскерген Сооронбек.

1930-жылы жаш төкмө, ырчы, обончу Токтогул менен бир күн, бир түн бирге болуп, бир топ ырларын үйрөнөт. Өзү болсо “Сокеңдин обону”, “Сокеңдин күйгөнү” аттуу обондорду чыгарат. “Эр этим” аттуу дастанды айтат.

Сооронбек менен коңшу айылда жашап, жаштайынан ырларын ырдап өскөн, көзү өткөнгө чейин ата-баладай болуп бирге жүргөн, кийин ырларын жумурай журтка алгачкылардан ырдап калкка жайылткан эл артисти, төкмө акын Эстебес Турусуналиев:

"Мен коңшу айылда жашагандыктан Сологой ырчы Сооронбекти көрүп, билип жүрдүм. Комузду сол колу менен чертүүчү. 16 тилдүү гармошка менен да ырдоочу. Сокемдин ырларын айылдагы жаштардын баары ырдоочу.

Кийин мен филармонияда артист болуп иштей баштагандан Сокеме өтө жакын болуп, гастролго чыкканда байма-бай жолугуп жүрдүм. Өнөрлөрүн алып калууга аракеттендим.

Сокем Фрунзеде өткөн акындардын республикалык сынактарына, фестивалдарына да катышып, акындардын алдыңкысы болуп жүрдү. 78 жашында кайтыш болду.

Чалагыз Исабаев “Камбаркан” тобун уюштурганда менден Сокемин “Четиндей”, “Эл турса” деген обондорун жазып алып, Нурак Абдрахмановго, Саламат Садыковага ырдатып чыкты.

Бизде бир жаман адат бар, ар кимдин ырын, күүсүн черткенде, эл алдына чыкканда ал обон, күү, сөзү кимдики экенин айтпай эле ырдашып, чертип жүрүшөт.

Маселен, Нурак “Четиндейдин” авторун айтпай, Саламат Садыкова ошондой.

Бул туура эмес. Ошондуктан автору айтылып жүрүш керек. Маселен эл күүлөрү, эл ырлары дейт. Эл чогулуп алып ыр, күү чыгарбайт. Бир гана адам чыгарат. Ошондуктан авторун айтышыбыз керек. Сологой ырчынын ырларын ырдап өстүк. Кийин айылга концерт бергени бараганда Соке обонуңуздан ырдап берейин десем, айтчы алдына кетейин, жанагы “Сен урасаң” деген ырын ырдаганда ушундай тили таттуу, кичинекей ичке үнү менен минтип комуз менен ырдар эле.

Ал эми “Четиндей” деген ырын гармошканын коштоосунда ырдоочу.

Жайлоонун гана чыккан четиндей,
Жамалың айдын бетиндей,
Жагдайын тапсаң ойноп-күл,
Жаштыкты бекер кетирбей.
Мен телмирип турган кезегим,
Жардамы жок жетимдей.

Кыштоого гана чыккан четиндей,
Кызылың чоктун бетиндей.
Кыйуусун тапсаң ойноп-күл,
Кырчындай жашты кетирбей.
Мен кыйналып турган кезегим,
Кычыкта калган жетимдей, - деп ырдагандай Сокемдин бир топ обондору бар эле. Бир жолку кароого Сокем келип калды. Ошондо Соке жакшынакай ырларыңдан ырдап бериңиз десем, - "Кагылайын Эстебес согушка барып жарадар болдум. Ошондо издегенсип сол колума ок тийди. Согуштан келгенде гармошка, комуз менен эптеп ырдап жүрдүм. Айылга келсем баягы узун чачтуу татынакай кыздарым чачтарын кырктырып, узун көйнөктөрүнүн этектерин кыскартып, таптакыр башкача болушуп, мода кубалап калышыптыр. Ошолорго арнап “Ошол сулуулар бир болсо” деген ыр чыгардым",- деп ырдап берди. Мен үйрөнүп алдым. Азыр Сокемин “Ошол сулуулар бир болсо” деген ырын аткарып берейин:

Оймоктоп кашын кырдырган,
Балык оозун төмөн жулдурган.
Көчөдө жүрөт бир тынбай,
Жумушу жок бир кылган.
Сайра кетет булбулдай,
Урганда Кудай тил бууган
Ошондо бир болсом.

Төшөгү турса жыйылбай,
Акы ойлоп да койбойт кымындай,
Көчөдө жүрөт азандан,
Жумушу жок тыйылбай,
Салпылдап келет кечинде
Саманга тойгон сыйырдай.
Эндиктеп бетин кызарткан
Этегин болсо кыскартан,
Ошолор ой бир болсо, - деп коер эле."

Сологой ырчы Сооронбек азыркы сиздер уккандай мукамдуу обондорду чыгаруу менен бирге куйкумдуу ырларды ырдаган, чымчылап сүйлөгөн абдан тамашакөй шайырдан экен. Бул тууралуу Эстебес төкмөнүн айткандарынан:

"Бир жылы Осмонкул төкмө, Шекербек Шеркулов, Токтосун Тыныбеков, Керим Жакшылыков, дагы бир топ артисттер болуп Чолпонбай айылына концерт бергени барып калдык. Эрмек деген башкармасы бар экен. Кечинде концерт башталат. Бир үйгө алып барды. Сокем да келип калды. Сокем келгенде Осокем Шекербек менен учурашты. Чай ичилгенден кийин Эрмек деген башкарма: - "Соке, концерт башталганга чейин артистерди эриктирбей айылдын алдында кичинекей көл бар, ошол көлдүн жээгине алып барып сүйлөшүп, эрмектешип келгиле" деп калды. Керим Жакшылыков деген артистибиз дайыма эски коош мылтыгын ала жүрүүчү. Талаадан кекилик, өрдөк ата коюучу эле. Барсак кичинекей көл экен. Тегерегинин баары камыш экен. Анан Шакем, мен, Токтосун, Сокем болуп көлдүн жээгинде отурдук. Бир маалда тарс деген мылтыктын үнү угулуп калды. Бир топтон киийн Керим бир өрдөк атып келди. Шекем тамашала: бул мергенчинин атып келгенин куйкалагыла деп. Анан камыш жагып куйкаладык. Шакем өрдөктү жаңы эле ооз тийип жеп атса Сокем комузун алып:

Ак сакалым Шекербек,
Айылга кечээ келдиңиз,
Шеке ээрчите келген экенсиз
Көзгө аттар мергенди
Бали, рахмат, мергенчим.
Бир атканда сермедиң
Эптеп багып жүрчү элек,
Колхоздун эки өрдөгүн, - деп калды эле.

Шекербек: - Соке канча жолу жжем бердиң эле десе Соке:
- Шеке алдыга келген өрдөктөн,
Адегенде сен жедиң,
Андан кийин мен жедим,
Кыргыздын сыйын көп көрүп,
Тартайып эле жүрөсүң,
Деги семиргениң көрбөдүм, - деп ырдаганда, мен Шекеме болушуп:

Шеке өрдөктү качан бакчу эле,
Айылга келген артисттер,
Өрдөктү качан сатчу эле,
Ал өрдөгүн канча,
Жакшы бакты эле.
Ошол сатканда канча акча эле,
Тим эле Шекербекке тийишип,
Соке убара болбоңуз, - десем, ар жакта турган Токтосун:

Коңуз Соке коюңуз,
Биздин конок болот жолубуз.
Шекеме теңтуш экенсиз,
Капталынан качырып,
Сиздин башкача экен оюңуз, - деп ырдаганда, Сокем:

Айнанайын жаштарым,
Эми тим эле айылга,
Кетүүгө баштадым.
Кагылайын жаштарым,
Мен колхозго кетчү баштадым
Шекербекти көргөндө
Кичине кычышып кетти капталым.
Агаңарга болушуп,
Айнанайын жаштарым,
Экөөң эки жактан каптадың.
Тамаша кылып кеп айттым
Күлсүн деп балдар силерди,
Куйтуңдамыш бололу
Кудайым өзүң сактагың, - деп тамашалап ырдадык, - деген эле маркум Эстебес.
XS
SM
MD
LG