Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Кинорежиссер Т. Бирназаров жаңы тасма тартууга киришти


Кинорежиссер Темир Бирназаров "Арманым лира" аттуу тасма тартып баштады.

-Темир мырза, “Арманым лира” аттуу эмгегиңиздин учурда кандай этаптары жүрүүдө?

-Актерлорду тандоо этабы аягына чыкты. Эми каражат болсо костюмдарды жана тартыла турган жерлерди даярдайбыз. Калганы дээрлик даяр болуп калды.

-Тасмаңызда профессионал артисттер басымдуулук кылабы же жөнөкөй эле элдин арасынан тандадыңызбы?

-Көбүнчө мен профессионал актерлорго басым жасайм, айла кеткенде көчөдөн издегенге туура келет.

-Мисалы кайсы белгилүү артисттер катышып жатат?

-Эл артисти Марат Алышбаев, эмгек сиңирген артистка Тынара Абдразаева бекиди. Ошондой эле Акылбек Мураталиев аттуу эмгек сиңирген артистибиз катышып жатат. Калгандары көбүнчө жаштар.

-Ал эми фильмдин мазмуну кандай?

-Башка кесиптештеримден айрымам, көбүнчө кыргыз элинин көйгөйлүү маселелерин чагылдырам. Ошондуктан чет мамлекеттердин табитине жага бербейт деп айтсам болот. Бул долбоорумда деле элибиздин моралдык жактан бузулуп бара жатканын, ал коомго кандай терс таасирин берет деген теманы чагылдырайын дегем.

-Каржылган демөөрчүлөрүңүз барбы же мамлекеттен жардам сурайын деп жатасызбы ?

-Албетте, бул жолу дагы сурайм. Эгер чет мамлекеттик фонддордон, продюсерлерден ала турган болсом, анда мен темамды өзгөртүшүм керек болот. Мисалы кыргыздын улуттук үрп-адат, салт-санааларын чагылдыра турган фильм болсо, анда алар акча беришет. Ал эми биздин өзүбүздүн жеке көйгөйлөрүбүздү, баатырларыбызды, жазуучуларыбызды чагылдырсак, аларды кызыктырбайт.

-Бул тасманы казактар менен биргелешип тартайын деген оюңуз да бар эмес беле?

-Эми алар деле өздөрүнө тартып жатышат да, башкача айтканда толук кандуу кожоюн болгулары келишип жатат. А мен Кыргызстандан деле каражат табылаарына көзүм жетип турат.

-Тасманын бюджети кандай болуп атат?

-Көп каражат кетпейт. Болжол менен 90 миң доллардын тегерегинде болуп атат.

-“Арманым лира” деген бул даярдоо учурундагы атыбы же кийин деле ушул ат менен көрсөтүлөбү?

-Бул биздин жарнамалык аракетибиз десем болот. Башында “Түбөлүк колукту” деп атаганбыз, бирок жаштарга түшүнүксүз болуп калат деп өзгөрткөнбүз. Ал эми “Арманым лира” десек, жаштар дароо эле сүйүү темасында экен деп тандоого келет деп ойлогонбуз. Кийин даяр болгондо башкача ат ыйгарабыз.
XS
SM
MD
LG