Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Кыргыз артисттери чет жерде оюн көрсөтүшөт


Күздөн тарта кыргыз театрлары көрүүчүлөргө жаңы спектаклдерин тартуулайт.

Ч. Айтматов атындагы орус драма театры кезектеги күзгү сезонду өткөн жылдын март айында коюлган “Ромео жана Жульетта” спектакли менен ачат. Өзбекстандын эмгек сиңирген ишмери Вячеслав Бродянский койгон бул чыгарма көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок деп билдирет орус драма театрынын маалымат катчысы Владимир Трофимов.

- Өткөн сезондо бул оюнду он жолу көрсөттүк. Бардыгына көрүүчүлөр арбын келишти. Андыктан ырым кылып, келерки сезонду да ушул спектакль менен баштайлы деп жатабыз.

"Учур" театрынын артисттери мындан кийинки чыгармаларын жаңы имаратта коебуз деп үмүт кылууда. Башкача айтканда мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын имараты "Учур" театрына берилгендигин айтат жетекчиси Шаршебек Шейшенов:

- Улуттук колориттеги, классикалык, гастролго чыкканга ылайыктуу деп тандап койгон пьесаларыбыз бар. Буйруса, жаңы имаратыбызга барсак чыгармачылык иштерибизди баштайбыз.

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын артисттери августтун экинчи жарымынан тарта ишке киришет. Алардын оюнда жаңы чыгармаларды сахналаштыруу менен бирге элдин эсинде калган, дүйнөгө таанылган белгилүү оюндарды кайрадан иштеп чыгуу пландары бар экендигин билдирет эл артисти Эсенбү Молдокулова:

-Дүйнөгө кыргыз эли залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, "Манас" эпосу менен белгилүү. Андыктан ушул чыгармага кайрылсак деген оюбуз бар. Эгерде акча бөлүнсө бат эле койгону турабыз, анткени бардыгы даяр сыяктуу.

Бир катар театрлардын актерлорунан түзүлгөн “Артерия маданий борбору” чет элдик режиссерлорду чакырып, учурдун көйгөйлүү маселелерине арналган спектакль коет. Ал үчүн ар кыл идеяларды сунушташууда.

Күздөн тарта кыргыз театрларынын чет мамлекеттерге чыгармачылык сапары башталат. Алардын катарында Муса Жангазиев атындагы куурчак театры бар. Театрдын жетекчиси Темирлан Сманбеков билдиргендей артисттер эс алуудан чыгаары менен Казакстанга фестивалга сапар алышат.

- Казакстандын Ак-Төбө ауданында “Алакай” деген куурчак театры бар, ошолор фестивалга чакырып жатат. Андан сырткары Беларуста фестиваль бар. Ошондой эле Тажикстандагы куурчак театры менен биргелешип гастролдойлу деген ниетибиз бар.

Эки өлкөнүн артисттери Тажикстандагы бала-бакча, мектептерди кыдырышып, оюндарды көрсөтүшөт. Бул чыгармачылык сапар он беш күнгө созулат.
XS
SM
MD
LG