Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:15

ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине «Манас» эпосу Кытайдын атынан кирип калганы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. Аларга ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы улуттук комиссиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеев жооп берет.

- Жыпар мырза, Кыргыз мамлекети тарабынан “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү өтүнүчү мурда сунушталды беле?

- Кытай Эл Республикасы бере элек кезде эле “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун маданий баалуулуктар тизмесине киргизүү тууралуу өтүнүч Кыргызстан тарабынан 2000-жылы уюмга жиберилген. Бирок бул уюм бизге мындай жооп узаткан. Жооп катында алар «Манас» эпосунун Кыргызстанда жок болуп кетүү коркунучу жоктугун белгилеп, «ал түгүл дүйнө жүзүн дүңгүрөтүп, «Манас-1000» деген салтанат өткөрдүңөр, адам заттын баары, дүйнө эли кыргыздардын «Манас» эпосу бар экендигин жакшы билет, ошондуктан азыр карап, каттоонун кажети жок»- дешкен. Ошондон кийин дароо экинчи номинацияны даярдап, кыргыздардын төкмө акындык жана Манас айтуучулук өнөрүн ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине сунуштап, аны 2003-жылы өткөргөнбүз. Бул адамзаттын тарыхындагы эң бир баа жеткис өнөрү деп таанылып, алтын тамгалар менен дүйнөлүк маданий мурас катары жазылган.

- Эмне үчүн, кандай себептерге байланыштуу Кытай мамлекетинин атынан “Манас” эпосу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирип кетти?

- Чынында «Манас» дастаны кыргыз элине гана таандык экендигин эч ким танбайт. “Манас” эпосу Кытай мамлекетинин атынан эмес, кытайлык кыргыздардын унутулуп бараткан эпосу катары, дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилди. Кытайда “Манас” эпосун өнүктүрүү үчүн, колдоо катары 55 миллион юань каражат бөлүнүп, абдан жакшы мукаба, жасалга менен кыргыз элинин “Манас” эпосу 18 том болуп жарык көргөн. Мындай каражатты Кыргызстандын бийлиги да учурда бөлүп бералбайт, 18 томдук эмес 5-6 томдугун дагы чыгара албайт.

-
Бул катачылыкты жөнгө салуу үчүн кандай иш-аракеттерди көрүп жатасыздар?


- «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Кытай Эл Республикасынынын атынан киргизилгенин одоно ката катары баалап, бул катачылыкты оңдоп, өкмөттүк деңгээлде кайра сунуштоолор болуп жатат.

Чынында эле «Манас» эпосу дүйнөлүк мурас катары дал кыргыз элинин атынан көрсөтүлүшү керек. Антпесе, дүйнөлүк коомчулук эпостун кайсы элге тиешелүү экендигинен адашып калышы толук мүмкүн. Ушундан улам бул катачылыкты калыбына келтирүү үчүн биз Кытай өкмөтүнө, алардын тышкы иштер министрлигине, Кытайдагы ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясына кат жолдоп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алар биздин шартка макул. Биринчи Кыргызстанды жазып, анан Кытай мамлекетин жазууга да макул. Себеби “Манас” эпосу Кытайдагы азчылык улуттардын бири - кыргыздарда унутулуп баратканы эске алынып, алардын Үрүмчүдөгү улуттар аралык маданий мурастарды изилдөө, өнүктүрүү инситуту аркылуу сунушталып, ЮНЕСКОнун тизмесине кабыл алынып кетти. Бул жерде Кытайдын расмий бийлиги тарабынан эмес, коомдук уюмдардын атынан сунушталган.

Ошондой болсо дагы «Манас» дегенде дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанды эмес, Кытай өлкөсүн түшүнүп, адашууга келиши мүмкүн. Ошондуктан бул катачылыкты дароо оңдоп, ЮНЕСКОго кат жолдоп, түшүндүрүү иш-аракеттерин көрүп жатабыз.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлиги ЮНЕСКОнун катчылыгына тизмеге оңдоо киргизүү өтүнүчү менен кайрыла турган болуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

“Манас” эпосу Кытай мамлекетинин же алардын тышкы иштер министрлигинин атынан эмес, Синзян-Уйгур автономдуу районундагы улуттук коомдук кордун атынан киргизилгендиги жөнүндө маалымат менен кабардарбыз. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлиги макулдашып, ЮНЕСКОнун катчылыгына тизмеге оңдоо киргизүү өтүнүчү менен кайрыла тургандын болду. Биз дагы 16-октябрда эле бул боюнча тынсызданган катыбызды тышкы иштер министрлигине жөнөткөнбүз. Кытай мамлекети “Манас” эпосу кыргыздарга гана таандык экенин танбайт. ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстанды биринчи жазууга, кыргыз элине гана таандык дастан экенин кошумча маалымат менен билдирүүгө да макул.

Кытайда жашаган боордош кыргыздар дагы “Манас” эпосубуз менен кыргызстандыктар сыяктуу эле сыймыктана алат. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Кытай мамлекетинин атынан киргени намыска тийгени менен бул дастандын Кытайда жашаган боордош кыргыз туугандар арасында өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.



пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG