Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:38

Өткөн жылы Кыргызстандын бажы кызматы 14 миллиард сомдон ашуун чогултушу керек болчу. Ошончо акча чогултулду, бирок ал мурдагы жылкыга караганда 4,5 миллиардга аз. Анын себебин өкмөт экономикалык кризиске, сырттан товар ташып келүү азайышына байланыштырат.



Акча агымы азаюуда

Өкмөт алдындагы мамлекеттик бажы кызматынын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчи орунбасары Мирлан Аскар уулунун ырасташынча, акчанын мурдагы жылдан аз чогултулушунун биртоп себептери бар.

- Өткөн жылкы болжол бажы төлөмдөрү 14 миллиард 180 миллион сомду чогултушу керек болсо бажы кызматы 14 миллиард 142 миллион сомду бажы төлөмдөрү катары бюджетке чегерди. 2009-жылкы жыйынтыктарды 2008-жылдын жыйынтыктары менен салыштырсак, бажы төлөмдөрү 4 миллиард 488 миллион сомго азыраак чогултулган. Эгер аны пайызга которсок 2008-жылга салыштырмалуу 24% аз болду.

Бажы төлөмдөрүнөн чогулчу акчанын азайышына кошумча нарк салык өлчөмүнүн азайышы, 12 жылдан өтүп кеткен чет өлкөлүк автоунааларды ташып келүүнүн зарылдыгы болбой калышы сындуу биртоп шарт-жагдайлар себепкер болгону айтылып келатат.

Кытайда көп, Кыргызстанда аз

Өткөн жылы Кытай менен Кыргызстандын соода жүгүртүү көлөмү 9,9 миллиард долларга чыкты. Опол тоо товар агымы Кыргызстан бажысына келгенде салмагы боюнча гана текшерилип, андан ары сапарын улайт.

1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун айтуусунда, кытайлык товарлардын баасы 733 миллион долларга гана бааланат. Келген товарлардын салмагы боюнча айырма мындан 6 жыл илгери оголе көп болсо, өткөн жылы Кытайдан 910 миң тонна жүк ташылып келген. Кыргызстан бажысы 2009-жылы 966,7 миң тонна товар ташылып киргенин маалымдоодо.
Товарлардын салмагы 966 миң тоннага жетип жатат. Сандарды минтип чалмакей чалбоону өтүнөр элем.
А. Жапаров

- Мүмкүн бажы башкармалыгы планды өзүнүн эсебинен ашыкча аткарып жаткан болуу керек. Товарлардын салмагы 966 миң тоннага жетип жатат. Сандарды минтип чалмакей чалбоону өтүнөр элем. Кыязы Кытай бажысы жакшы иштегендир, силер андан да мыкты иштеп жаткандырсыңар. Анткен менен так сандар чыгып, биз бул жаатта тартипти калыбына келтиришибиз зарыл.

Карап тургулачы

Кыйладан бери бажы кызматын толук автоматташтыруу бажы кызматкери менен четтен жүк алып келаткан ишкердин ортосундагы экономикалык мамиле “бир айнек” принцибине өтүп, электрондук төлөмдөргө көчүү зарылдыгы айтылып келатат. Өкмөт быйыл гана аны ишке ашырып, бажы кызматындагы коррупциялык схеманы азайтуунун камылгасына киришүүдө. Акылбек Жапаров бажы бекеттеринин баарында түн-күн тынбай иштөөчү байкоочу камералар коюлуп, алар аркылуу бажы тосмолорунан өтүүнүн мыйзамдык жөрөлгөлөрү көрүнүп турушу керек деп эсептейт.

Кыйла жылдардан бери ишкердик менен алектенип келаткан Айнагүл бажы төлөмдөрүнө делген оңор эмес акчалардын баары эле бюджетке түшпөстүгүн ырастап, азырынча тармакта олуттуу дегидей өзгөрүүлөр боло электигине токтолду.
Бажы төлөмдөрүн маалынан кечиктирбей төлөп калкыбызга пайда келтирип жатабыз дечүбүз. Бирок ал акчалар толугу менен бюджетке жетпейт, дешүүдө.

- Биз да элибизге пайдабыз тийип жатат. Бажы төлөмдөрүн маалынан кечиктирбей төлөп калкыбызга пайда келтирип жатабыз дечүбүз. Ал акчалар дагы барып бөлүнөрүн айтышат. Ал акчалар толугу менен бюджетке жетпейт, дешүүдө.

Кыргызстанда соода жүгүртүүнүн көлөмү ички дүң продукт өлчөмүнөн кыйла ашып, бажы төлөмдөрү бюджеттин киреше бөлүгүнүн тең жарымына жакынын түзүүдө.

Кылтылдап поюз баратса

Көп жылдардан бери козголуп келаткан кыргыз-кытай темир жолу курулуп калса аны менен эле Чыгыштан-Батышка жыл бою 10 миллион тонна жүк ташылып өтүшү мүмкүн. Ушу тапта кыргыз бажычылары миллион тоннага жетпеген жүктү өткөрүшүүдө. Анын арасында чек араны кыйгап өтүп аткезчилик менен ташылып жаткан жүктөр деле бир кыйла. Акылбек Жапаров бажы кызматкерлерине ууру жүктөрдү чек арадан өткөрбөй кармоону тапшырды.

Быйылкы жылга бажы кызматы 16 миллиард ашуун сом чогултушу болжолдонууда. Бул сан өткөн жылдан 2 миллиардга арбын болгону менен 2008-жылдын деңгээлине жете албайт. Өнөр жай өндүрүшү басаңдап, тапкан кирешесинин тең жарымын бажы төлөмдөрү түзүп калган өлкөнүн экономикасы сырттан ташып келчү товарларга көз каранды экенин Кыргызстандын тажрыйбасы ырастоодо. Азырынча андай көз карандылыктан кантип чыгуунун арга-амалын өкмөт айта элек.
XS
SM
MD
LG