Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Э.Өмүралиев: Кыргызстан Бажы биримдигине кириши керек


Эсенгул Өмүралиев, Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри.
Эсенгул Өмүралиев, Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри.

Казакстан, Орусия жана Белорус ортосунда түзүлгөн Бажы биримдиги боюнча келишим бүгүндөн тарта күчүнө кирет. Ага Кыргызстандын да кирүү ниети барын президент Роза Отунбаева кечээ ЕврАзЭШтин Астанадагы жыйынында билдирди.

Коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиев Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болушу Бажы биримдигине киришине тоскоолдук кылбайт деп эсептейт.

- Эсенгул мырза, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү ниетине сиз кандай карайсыз?

- Кыргызстандын бүгүнкү күндө экономикалык-соода байланышынын көпчүлүгү КМШ өлкөлөрүнүн алкагында болуп жаткандан кийин бул биримдикке кирүүгө муктаждыгы бар. Экинчиден, Бажы биримдиги менен Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүү, кирбөө каршы маселе эмес. Булар тескерисинче бирин-бири толуктайт. Эгерде Орусия, Казакстан, Белорус Бажы биримдигин Бүткүл дүйнөлүк соодадан бөлүп, өзүнчө түзө турган болсо бул башка маселе. Анда кирбеш керек.

- Бажы биримдиги күчүнө кириши менен Кыргызстанга айрым кыйынчылыктар байкала баштаганы айтылууда. Эгер бул биримдикке кошулбаса абал мындан да татаалдашы мүмкүнбү?


- Мурда бизде эркин соода аймагы бар болчу. Ошого карата Кыргызстанга КМШ өлкөлөрүнөн келген продукцияларга экспорттук төлөм, Кыргызстандан КМШ өлкөлөрүнө кирген товарларга бажы төлөмдөрү коюлчу эмес. Бажы биримдиги киргенден баштап мына ушулар киргизилди. Эми булар ушул боюнча калат. Эгер Кыргызстан бул биримдикке кирсе, анда булар алынып салынат. Башкача айтканда Бажы биримдиги да биримдиктин ичиндеги маселелерди акырындап азайтканга барат. Ошондой эле бул өлкөлөр Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна киребиз десе алар негизинен жалпы тарифтердин деңгээлин ылдыйлатат.

Мындан ары оорчулук күчөйт деп айта албайм. Бүгүнкү күндө Бажы биримдигинин кириши менен кандай тоскоолдуктар болсо, ошолор кала берет деп ойлойм. Ал Кыргызстандын экономикасына зыянын тийгизип келген жана мындан ары да тийгизиши мүмкүн. Кыргызстандын соодасынын 70 пайызы Казакстан, Орусия менен байланышкан. Экинчиден, биздеги негизги байланыштар да ушул өлкөлөр аркылуу өтөт. Ошондуктан биз бул биримдикке киришибиз керек.

- Айрым адистер Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин Кытайдан алынып келинип жаткан арзан товарлар келбей калат. Ал эми кымбат товарды кыргызстандыктардын көбү көтөрө албайт деген пикирлерди айтышууда. Бул жагынан алып караганда жагдай кандай болот?

- Бул болбогон бүтүмдөр. Биздин Кытай менен чек арабыз ачык. Мурда Кытайдан продукция кандай келип атса ошондой эле келе берет. Башка маселе, мурда Кыргызстан аркылуу Орусия, Казакстанга кетип жаткан Кытайдын товарлары кетпей калат. Башкача айтканда мындан реэкспорт менен алектенген адамдар, Кыргызстан да зыян тартышы мүмкүн. Анткени биз негизинен экономикалык саясатты реэкспорттун айланасына байлаган элек. Ошонун эсебинен экономикабыз да активдүү өнүгүп, бир топ жумуш орундары да ошолордун негизинде пайда болгон. Ушул жагынан алганда Кыргызстанды транзиттик мамлекет аркылуу колдонуп, башка өлкөлөргө чыгууга тоскоолдук түзүлөт.

- Эгер бул биримдикке Кыргызстан кире турган болсо, Дүйнөлүк соода уюмунан чыгыш керек болобу?

- Чыгыштын кереги жок. Дүйнөлүк соода уюмунда эгер башка соода уюмуна кирсең, өзүңөр кабыл алган милдеттерди аткарыш керек, аткара албасаң компенсация төлөп бериш керек деген тартип бар. Мисалы Кыргызстандын аталган уюмдан чыкпай туруп Бажы биримдигине кирүүсүнүн бир жолу бар. Биздин Дүйнөлүк соода уюмуна киргенде алган милдеттенмебиз боюнча орто тариф 9,1 пайызды түзүш керек. Ал эми бизде бул 5,7 пайызды гана түзөт. Биз өтө эле ылдыйлатып алганбыз. Менимче, Бажы биримдигинде жалпы тариф 10,4 пайызды түзөт. Эки уюмду алганда көп деле айырма жок. Ошондуктан булардан Бажы биримдигине киребиз, бирок ортодогу компенсацияны төлөгөнгө жардам бергиле деп суранып, шарт койсок болот.

- Ошол эле Казакстан, Орусия деле Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүүгө кызыкдар. Эгер булар аталган уюмга кирсе Бажы биримдиги жоюлуп кетиши мүмкүнбү?

- Эгерде булар Бажы биримдигин түзгөндөгү шарттар менен Дүйнөлүк соода уюмуна кирсе, анда жоюлбайт. Тескерисинче аталган уюм биримдиктин шарттарын кабыл алат. Мындай мисалдар көп. Мисалы эң эле чоңу Европа Биримдиги, Түндүк Америка биримдиги. Жок, өзүнчө киребиз десе, анда ар бир мамлекет өзүнүн шарттары менен кирет. Бажы биримдиги да ошого карап кайра түзүлөт, же ажырап кетет.

XS
SM
MD
LG