Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

Кыргызстанда каракчылык жол менен таратылган жана чыгарылган продукциялар 97 пайызды түзөт. Адистер бул маселеде Борбор Азия өлкөлөрү менен бирге күрөшүү жолдорун издөөдө.

Интеллектуалдык менчик ээлери болсо каракчылар менен күрөшүүдө мамлекеттик органдардын, Кыргызпатенттин күчү жетпей жаткандыгын айтышууда.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда негизинен аудио-видео продукциялар, музыкалар, товардык белгилер, маркалар жана дары-дармектер да каракчылар тарабынан мыйзамсыз жасалып, таратылат.

Ушул тапта каракчылык өтө чоң күчкө ээ болгону Бишкек шаарында өткөн интеллектуалдык менчик укуктарын коргоого арналган семинарда айтылды.

Кыргызпатенттин жетекчисинин орун басары Турусбек Коеналиев бул маселеде жаңы стандарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү ойлоп чыгуу зарылдыгын белгиледи:

- Кыргызстандын базарынын чакандыгына карабастан каракчылык жол менен таратылган продукциялардын орду 97 пайыздан жогору. Муну менен катуу күрөшпөсө, биз чыгармачыл адамдардын укуктарын коргой албай жатабыз. Ошондуктан иш жүзүндө коргогонго мүмкүнчүлүк берүүчү стандарт, сунуштарды угуп кабыл алуу максатында семинар уюштурулган. Негизинен мындай товарлардын бардыгы бажы аркылуу өтөт. Ошондуктан бардыгыбыз биргелешип иштешибиз керек. Эгер бажы кызматкери товарларынан шекшисе, автор менен байланышып, сотко берсе болот. Негизинен биз бардык болгон товардык белгилерди түшүндүрмөсү, түсү менен көрсөтүп, бажы кызматкерлерине өткөрүп беришибиз керек.

Өзбекстанда кандай?

Башка өлкөлөрдөй эле бул маселе Өзбекстанда да бар. Айрыкча DVD диск, ауди-видео кассеталар ал жакта деле каракчынын көзүн күйгүзөт. Өзбекстанда каракчылар менен күрөшүүдө атайын министрликтин алдында комиссия түзүлгөн. Ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп, рейддер жүрүп турат.
Эгер бажы кызматкери товарларынан шекшисе, автор менен байланышып, сотко берсе болот.


Өзбекстанда ушундай иш менен шугулданган адамдар, же компания биринчи кармалганда 3-5 айлыгынын минималдык көрсөткүчүн төлөйт. Эгер экинчи жолу кармалса, Кылмыш кодексине ылайык үч жыл эркинен ажыратылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзбекстандын автордук укуктар агенттигинин жетекчи орун басары Зайниттин Гиясов айтып берди:

- 2009-жылдын башынан ушул күнгө чейин эки миңдей рейд жүргүзүлдү. Анын негизинде 2 млн. доллардай контрафакттык товарлар табылып, жок кылынды.

Ал эми Кыргызстанда каракчылык менен шугулдангандар өтө деле корко бербейт. Турусбек Коеналиевдин айтымында, бизде айып өтө эле жеңил салынат.
Эгерде каракчылык дисктерди мыйзамдаштыра турган болсок, сатылган дисктен ырчы өзү да пайда көрмөк, аны менен катар компанияда да, мамлекет да пайда табат.


- Биздин айып пул өтө эле төмөн. Мисалы, миллиондоп товар айланткан бир ишкер ал айып пулду төлөп эле, кайра ишин уланта бериши мүмкүн да. Ошондуктан Кылмыш кодексинини 150-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизип, катуулатыш керек.

Каракчылардын көбү Бишкекте

Бир четинен алганда коомчулуктун баарынын эле лицензиясы бар, кымбат баалуу дисктерди алып көрүүгө чөнтөгү жукалык кылат. Бир көрүп тим болгонго алар каракчылардын колунан жаралган арзан, ичинде бир топ тасма, ыр баткан дисктерди алууну туура көрүшөт. Өлкөдөгү Мамлекеттик Каржы полициясынын кызматкери Улан Эсенбеков мындай продукциялардын дээрлиги Бишкек шаарында жасаларын айтат:

- Биз азыр мыйзамсыз чыгарып жаткан продукцияларды табуу үчүн ар кандай оперативдүү иш-чараларды өткөрүп жатабыз. DVD дисктерден сырткары мыйзамсыз чыгарылган дары-дармектер да бар. Бул боюнча Дары-дармек менен камсыз кылуу департаменти менен бирге иштеп жатабыз.

Ырчылар өздөрү каракчылар менен иштейби?

Айрыкча Кыргызстандын өнөрпоздору, алардын ичинен жаш ырчылар өздөрү каракчылар менен түздөн-түз иштешип келет. Бул жерде демилге, тескерисинче, интеллектуалдык менчик ээлери тарабынан мыйзамсыздыкка багыт алып жатат. Ушундай пикирин Кыргызстандагы лицензияланган компакт дисктерди чыгаруучу “Sonun Music” ишканасынын жетекчиси Тынчтыкбек Кожобеков билдирди:

- Кыргызстанда деле бирөөнүн укугу сакталганын көрө элекмин. Ошол эле ишкерликте да, ошол эле шоу-бизнесте да, прикладдык искусстводо да биздин укугубуз сакталбайт. Ырчылардын жазылган ырлары, обончунун жараткан обондору элге абдан тез жетет. Бирок, тилекке каршы, алар өздөрүнүн короткон эмгегин кайра кайтарып алалбайт. Буга ырчылар өздөрү да күнөөлүү. Жаздырган ырларын каракчыларга беришет. Ошону менен бирге эле эгерде каракчылык дисктерди мыйзамдаштыра турган болсок, сатылган дисктен ырчы өзү да пайда көрмөк, аны менен катар компанияда да, мамлекет да пайда табат. Мамлекеттик органдар болсо радиостанциялар менен телеканалдарды абдан эле катуу көзөмөлгө алышат. Радиодо жаңырган ырлар үчүн Кыргызпатентке акча төлөйбүз. Ал эми каракчыларга келгенде алардын алы жетпей жатат.

Адистер ойлоп табуучулар, ырчы, композитор, журналисттер, радиодо иштегендерди чогултуп, чоң семинарларды уюштуруп, укуктук жактан базаны күчөтүү зарылдыгын белгилешет. Ал үчүн авторлордун өздөрү да демилге көтөрүп, активдүү иштегени маанилүү.

"Азаттыктын" архивинен: Каракчылыкка жол жок!

19-июнда Бишкектин эски аянтында Кыргызпатент, шаар мэриясы, каржы полициясы жана сот департаменти менен биргеликте “Каракчылыкка жол жок” деген акция өткөрүштү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG