Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынгандан бери 21 жыл өттү. Эгемендиктен эки жаш улуу тил мыйзамдын эреже-талаптары эмнеликтен толук ишке ашпай жатышы артынан толгон-токой суроолорду жаратууда. Эмнеликтен мамлекеттик тилдин маселелери жыйырма жылдан бери чечилбей келатат. Мына ушул беймаза суроолор "Азаттыктын" тегерек үстөл талкуусунда козголду.

“Азаттыктын” тегерек үстөлдөгү талкуусунун катышуучулары:


Абдыбалы тегин Сүйөркул, Улуттук банктын
төрага орун басары






Акынбек Абдыкалыков, Кыргыз улуттук архитектера, курулуш, унаа университетинин ректору








Аалы Молдоканов, Президентке караштуу Кыргыз тил комиссиясынын жооптуу катчысы








"Азаттык":
Кыргызстанда кабыл алынган мыйзамдардын көпчүлүгү аткарылбай деле калат. Ошондой абалга Мамлекеттик тил мыйзамынын туш келип калышына кандай себептер өбөлгө түздү, деп ойлойсуздар? Ага кимди, же кимдер бирөөлөрдү күнөөлүү деп айтышка болобу?

Абдыбалы тегин Сүйөркул: Мен кызматыма жараша, анан Улуттук Банктын жетекчилеринин ичинен кыргыз тилин түзүгүрөк билген киши катары 92-жылдан бери ушул ишке аралашып калдым. Сырттан кандайдыр бир деңгээлдеги байкоомо караганда, эң башында биздин үмүтүбүз чоң болчу. Биз ойлогонбуз 2-3 жылда элди даярдасак, окутсак, анан терминдерди даярдасак өтүп кетет деп. Бирок 5-10 жыл өттү. Менин келгенине 18 жыл болуп калды. Баягы абал түп-тамырынан алып караганда өзгөргөн жок. Терминология бар, жаза турган кишилер деле бар. Кээ бир кызматчылар кыргызчаны татынакай билишет, бирок суроо-жооп бир тараптан келип калса, мен кыргызча жазалбайм деп тура берет. Англисче келсе, жазып киришет, ал жерде эч суроо болбойт. Котормочу керек деп отура беришет.

Мен ушуга аябай күйүп кетем кээде, урушкан күндөрүм да болот. Бул мыйзамдын аткарылбай атканынын бир нече себептерин мен ойлоп жүрөм. Эң биринчи себеп, биздин президентибиз, премьер-министр, парламент жыйындарды жалаң кыргызчага өтмөйүнчө эч нерсе болбойт. Кыргызчага өтүш деген бул жөн эле чогулушта сүйлөп коюш эмес, доклад жазганда дагы кыргызча жаздырыш керек, кыргызча талап кылыш керек. Жетекчи кандай болсо ошондой эле болот.

Бул үй-бүлөгө деле тиешелүү. Менин шаарда абам бар, үйүндө кыргызча эле сүйлөшөт, бирок балдарынын бардыгы кыргызча сүйлөй албай калган, чала сабат болуп калган. Менин балдарым орус мектепте окуйт, куйдайга шүгүр кыргызча жакшы сүйлөшөт, окушат, “Манасты” да окуп атышат, түшүнбөгөн жерин сурашат. Мен ойлойм, ар бир адам, мен өзүм педагогмун, педагогикада ар бир адам өзүн баскан-тураганы менен эле тарбиялап коет. Ошол нерсе бизде жок болуп атат.

Өткөндө бир макала окуп калдым, кыргыздарда саясатка байланышып кете тургандай болуп кетти, мен бир жазуучуга да айтып калдым, Түгөлбай Сыдыкбеков аксакал кайтып кеткенден бери Кыргызстанда адабияттагы элита өзүнүн ролун аткара албай калды. Бул Чыңгыз агайыбызга да тиешелүү. Себеби жакшылап карап көрсөк, конкреттүү нерсеге келгенде конкреттүү адамдар өзүнүн басскан-турганын, өзүнүн таасирин, позициясын билдириш керек эле. Салижан аксакал аябай позициясы күчтүү киши эле. Ошого окшогон кишилер аз болуп калды тил чөйрөсүндө, ошондон биз аксап калдык, дагы эле аксап турабыз.

“Азаттык”: Мыйзам эмне үчүн аткарылбай калчу мыйзамдардын катарында туруп атат?

Аалы Молдоканов: Бул мыйзамды биз совет мамлекети тирүү кезинде башкалардан мурдараак оозунуп кабыл алганыбыз чын. Мыйзамга биринчи жолу кол койгон киши биздин атактуу чабаныбыз, Социалисттин Эмгектин эки жолку баатыры Таштанбек Акматов болгон. Ошол мыйзам кабыл алынгандан бери 21 жыл өтүптүр. Мамлекеттик мыйзамдын аткарылыш абалы эч кимди канаттандырбай атат. Жыйынтык чыгара турган учур келди.

Мунун себебин, эң биринчи иретте, биздин элибиздин кичине кайдыгерлигинен, шалаакылыгынан көрүп атабыз. Коңшу элдерди карап, алар кантип өнүктүрүп алды, алардыкы эмне үчүн ордунан шар жылып кетти да, биз Балтика боюндагы өлкөлөрдү, же Кавказдагыларды көп деле кеп кылбай эле коелу, өздөрүнүн тилин мурдатан жолго коюп алган алар. Жаныбыздагы эле казак, өзбек, тажик коңшуларды алалы, түркмөндөр болсо өздөрү күч менен эле киргизип койгон. Бул жерде кичине туура пикир айтылып атат. Ошондо биринчи иретте ыргыткан таштын баары бийликтин башындагыларга, башкарып аткандарга келип түшүп атат. Анткени мыйзамды кабыл алып койгону менен ошол мыйзамды аткарып атасыңарбы, же аткарылбаса эмне болуп атат деп сураган бийлик башындагы киши боло элек.

Мына бүгүнкү күндө “Кыргыз тили” деген коом эле уюшулган. Анын алгачкы президенти азыркы академигибиз Абдыганы Эркебаев болгон. Андан кийин Камбаралы Бобулов деген устатына өткөргөн. Ал кишинин үнү дагы эле угулуп турат, "кыргызча сүйлөбөйсүңөрбү, кыргыз тилин жерибегиле" деп кыйкырып турду. Андан кийин орус тилине расмий деген макамды берип, орустар суранбаса дагы, бир чети ошону айтты кылдык.

Экинчиден, мен жеке өзүмдүн жыйынтыгымда биздин башкарып аткан төбөлдөрүбүз өзүлөрүнүн бала-бакырасынын, жакындарынын кийинки келечегин ойлоду окшойт. Ошолор кыргызча сүйлөбөй турса, мамлекеттик бийликке баралбай калат, депутат боло албай калат, кызмат абалдарын жогорулата албайт дегендер. Орус тилине ошондой макам деп атабыз, ошондой даражадагы статусту бердик дагы, өзүбүздүн элибиз ызы-чуу кылбасын деп аларды тынчытыш үчүн ошого жооп катары Президентке караштуу мамлекеттик тил комиссиясы деген, сүрдүү угулган мекемени түздүк. Анда 2-3 бөлүм жарыбаган кишилер иштейт, жарыбаган акчалар бөлүнөт.

Мен ошол мекемеде башынан иштеп келатам. Дегеле менин тилдин тегерегинде жүргөнүмө 21 жыл болду. Бирок түзүп койдук деген менен сурап атабы, иш эмнеде болуп атат, эмнеге жылбай атат деп. Иш кагаздарынан башташыбыз керек эле. Мамлекеттик кызматчы мамлекеттик тилде жаза албаса, мамлекеттик тилде сүйлөй албаса аны жакын жолотпойт башка жерде.

“Азаттык”: Мыйзамдын аткарылбай жатышын сиз эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз?

Акынбек Абдыкалыков: Биринчиден, мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылбай атканынын себебинин бири болуп бул мамлекеттин колдоосу жоктугу болуп атат. Мамлекет мыйзамды кабыл алганы менен, колдоо үчүн каражат карап, же болбосо ошого көңүл буруш үчүн тийиштүү уюм, тийиштүү комиссияны түзгөндөн кийин ошого туура статус менен пайдаланыш керек эле. Бул жерде мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия түзүлүп, президентке караштуу болуп, кайра министрликке өткөрүп, кайра статусун өзгөртүштү. Бүгүнкү күндө кайра ордуна келди деп ойлойбуз.

Бирок азыр белгилеп кеткендей 2-3 киши эч кандай колдоосуз иштегенге байланыштуу, аны жалпы Кыргызстан боюнча ишке ашырыш өтө татаал болуп турат. Кыргыз тили эгемендүүлүктүн биринчи символу болуп эсептелет. Кыргыз тили болсо - эл болот. Кыргыз эли болсо – кыргыз мамлекети болот. Патриоттук сезим да болуш керек. Ишканалар, окуу жайлар демилге менен ар кандай жакшы иштерди алып барып атат десек болот. Биздин Кыргыз мамлекеттик Курулуш, транспорт жана архитектура университетинде ушул иш пландарда каралган, ким кыргызча китеп жазса, биз атайын каржылап, окуу китептерин чыгарып, каалаган студенттер, магистрлер үчүн кыргызча сабак өткөнгө жетишип калдык.

Бүт компьютерлерде бүгүнкү күндө кыргызча шрифт коюлган. Ал жагынан өтө деле көп проблема жок. Каалагандар үчүн биз методикалык кабинет түзгөнбүз, ал Кыргызстандагы окуу жайлары боюнча биринчи орунга жетишти жана биз параллелдик түрдө иш кагаздарын кыргызча алып барып атабыз. Азыр көп маселелерде кыргыз тилинде иш чараларын жүргүзүп, эл аралык конференция өткөнгө жетиштик. Мамлекеттик тилди жана расмий, ошондой эле чет тилдерди колдонуу боюнча адистерди даярдоодогу ролу боюнча ар кандай мыйзамды аткаруу мамлекет өзү колдомоюнча эч качан ишке ашпайт.

“Азаттык”: Мыйзам кабыл алгандан берки 21 жыл ичинде кыргыз тилинин коомдук кадыр-баркы көтөрүлдүбү, же баштагы калыбында эле калдыбы? Аны өзүңүздөр аралашып жүргөн тармак мисалында кандай деп баалайт элеңиздер, Сүйөркул мырза?

Абдыбалы тегин Сүйөркул: Мен үч нерсеге бөлүп коюшум керек маселени. Биринчиден, кайсы кыргыз айылдан келеби, кайсы жерден келеби мамлекеттик органга ишке кирем деп келгенде арыз жазганда кыргызча жаздыртып атабы? Мен билгенден биздеги Бишкектеги бир дагы мекеме кыргызча жаз дебейт, орусча жазып кел дейт. Мисалы кайсы бир маселелер боюнча укугумду талашып айылдан келген киши болсом, инструкцияларын же башка иш документтерин талап кылсам, орусча беришет. Кыргызчасын издеп табалбайт. Себеби ал жердеги кызматчылар кыргызчасын колдонушпайт, жалаң орусчасын колдонушат.

Акыркы бир маселе, былтыр мен бир мыйзам боюнча Президенттин администрациясына чейин талашып-тартышып тактаганга туура келип калды, мыйзам парламентте кыргызча кабыл алынган, анан бир статьясына келгенде, финансисттердин терминологиясы татаал да, эки жарым пайызды эсептеп келгенде, ошондой бир пункт бар экен, ошого келгенде кыргызчасы өзүнчө эле баш-аягы жок сүйлөм.

Орусчасынан бирөө талкуулап атат, экинчиси маанисин башкача айтып атат. Кыргызчасына - оригиналына келели десек, баш-аягы жок сүйлөм. Ошол парламент кабыл алган, 90 киши караган аны, өкмөт, администрация аркылуу өткөн, президент кол койгон. Муну мен мисал келтирип атканымдын себеби, бул жерден дагы экинчи маселе чыгат. Биздин улуу тилчилердин бири Махмуд Кашгари убагында жалгыз эле киши, сөздүктү түзүп койгон экен, ал канча кылымдап жашап келатат. Бул жалгыз кишинин салган салымы. Бизде ошого окшогон элитанын салган салымы жок болуп атат тилди өнүктүрүүдө.

Мен Чыңгыз агайды айтып кеткеним ошол себептүү болуп атат, ал киши көп нерсени жазды. Бирок ошол чыгармаларын алып окуп келген кишилердин бардыгы эле кыргызчасын окуп салыштырып карап келгенде, кыргызчасы кыргызчабы, же кыргызча эмеспи деген суроо туула берет менде.

Үчүнчү маселе, бул тил мыйзамы боюнча эки бөлүп карашыбыз керек. Бул жерде байке айтып калбадыбы, колубуздан келген аракетибизди жасап атабыз, мамлекет жардам берип атат деп. Бишкектен ары чыгып көрөлүчү, азыр айылдарда эң татаал термин дегенди, медициналык терминдерди район борборлорунда дарыгерлер жакшынакай эле кыргызча жазып атат. Райондун деңгээлиндеги дарыгерлер жазып атат жакшынакай эле. Анан Бишкекке келгенде эле алардан ашынган квалификациялуу жогору дарыгерлер жазалбай калат. Райондун деңгээлиндеги экономисттер, банкирлер кыргызча иштеп, жакшы эле жазып берип атышат. Бизге келгенде эле биздин кызматчылар жазалбай атат. Чынында азыр Бишкек эли тоскоол болуп атат. Эң негизги тоскоолдук - Бишкек. Башка жакта тил мыйзамы жаманбы-жакшыбы кирип калган, иштеп атат, сапаты ал өзүнчө башка сөз деп ойлойм.

“Азаттык”: Аалы мырза, чын эле Бишкек ушул ишке тоскоол болуп атабы, же болбосо жалпы Кыргызстандын өзүндө мамлекеттик тил мыйзамынын коомдук кадыр-баркы 21 жылдан бери өзгөрүүсүз эле келатабы?

Аалы Молдоканов: Бишкек менен Чүйдө абал оорурак. Себеби ар улуттун эли көбүрөк жашайт. Бул жакта кичине “киргиздешип” алганбыз, орус тилде жазып, орус тилде документтерди жөнөтүп көнүп калган. Борбордук мекеменин бары ушул жерде. Райондордон, башка жактан документтерди орус тилинде жазып, отчетторду орус тилинде берүүсүн талап кылат. Биз мамлекеттик тилге өтөбүз деп бир нече жолу өкмөттүк токтомдорду кабыл алдык, далай жолу сөздөр болду, бирок көч азырынча ордунан жыла элек. Бул абалыбыз менен жакында жылбайбыз.

Мына банктын өкүлү айланып келип котормо маселесиндеги чоң көйгөйдү козгоп кетти. Бир кезде борборлоштуруп бир жерде которулчу, ал жерде адистешкен адамдар отурчу, адистер карачу, анан жоопкерчилигин алчу. Азыр президенттин администрациясында, өкмөттүн аппапаратында, андан кийин Жогорку Кеңеште, анан ар бир мекемелерде өзүнүн котормо бөлүмү, өздөрүнүн котормо секторлору бар. Менин акыркы маалыматым боюнча, 160тын тегерегинде котормочуга мамлекет акча төлөп котортуп атат. Демек бул эмнеге алып келди? Базардагы атаандашуу дегенди дагы ушул жакка чыгарып ийдик, ал жүрүп отуруп ар бир мекеменин өзүнүн орфографиясы, өзүнүн тил эрежеси, өзүнүн терминологиясы, өзүнүн стилистикасы деп ошого барып, азыр чакчалекей түштүк. Бул маселени эки жыл мурда кичине коюп, аз-аз бул иш жыла турган болуп калганда, Мурза Капаров деген ушундайды түшүнгөн жакшы агабыз бар эле, ошол киши түшүнүп өкмөт тарабынан колго алып мына-мына деп турганда, анан саясий окуялар болуп бул дагы бышпай калды.

Биринчиден, өкмөттүн акчасын чачпаш керек, дайыны жок котормо бөлүмдөрүн ачпай, расмий деген маалымат документтер бардык жерде бирдей которулуп, бирдей кетиш керек. Ошон үчүн бир борбордон чыгыш керек. Бул маселе азыр коюлуп атат. "Уголовный" деген сөз ушул күнгө чейин такталбай талаш болуп келатат. Ошол Баткенде башкача, Бишкекте башкача колдонулуп, "Уголовный Кодекс" деген документтин кыргызчасы "Жазык Кодекси" деп бирде алып атабыз, "Кылмыш-Жаза Кодекси" деп экинчи мекеме алып атат. Бир жыл иштебей токтоп калган. Кимден ката кеткен, эмне болгон аягы табылбай, жоопкерчиликтүү иш таппай, мыйзам бир жыл иштебей турду.

“Азаттык”: Акынбек мырза, сиз Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар жетекчилеринин кеңешинин төргасысыз. Сиз айтып атасыз, биздин университетте ушундай иштер жасалып атат деп. Сиздин кеңештин мүчөсү болгон башка жогорку окуу жайларында да ушундай иштер жасалып атабы?

Акынбек Абдыкалыков: Биз кыргыз тил мыйзамын кабыл алган күнүнө карата ар бир жогорку окуу жайда конференциялар өтүп атат кечээки күндөн баштап. Бүгүн филармонияда иш чара өткөрүү каралган. Ар бир жогорку окуу жайы өзүнүн абалына жараша эң биринчи көңүлдү бүгүнкү күндө мамлекеттик тилге коюп атат десем жаңылбайм. Бул Улуттук университетинде, Кыргыз мамлекеттик университетинде, Арабаев атындагы университетте, Бишкек гуманитардык университетинде жакшы жумуштар коюлган.

Ал эми биздин университет техникалык университет болгонуна байланыштуу, ага карабастан, мен жана белгилеп айтып кетпедимби, методикалык кабинет түзүп, кыргыз тил мугалимдери боюнча жогорку окуу жайларынын кыргыз тил кафедраларынын башчыларын чогултуп, квалификациясын жогорулатуу боюнча биздин университеттин базасында семинар өткөнгө жетиштик. Себеби бизде атайын кыргыз тил кафедрасы ачылган, чоң көңүл бурулат. Өзүнчө биз университеттин деңгээлинде терминологиялык комиссия түзүп койгонбуз. Ар бир багыт – архитектура, курулуш, техника боюнча терминологиялык сөздүктөрдү иштеп чугуу каралган. Ким иштеп чыкса авторлорго өзүнчө сыйлык жана ошону чыгарыш үчүн каржылык колдоо көрсөтүлөт. Себеби университеттин эсебинен чыгарганга жетишип калдык. Көп китептер кыргызчага которулду жана кыргызча өзүнчө китептер да пайда болду.

“Азаттык”: Айрым адистердин болжолунда кыргыз тили жоголуп бараткан тилдердин катарына кирет. Ошондой коркунуч барбы?

Абдыбалы тегин Сүйөркул: Менде андай коркунуч сезим жок, эмнегедир билбейм. Менин өзүмчө болжолум боюнча убакыт өтө берет, дагы 10-15 жылдан кийин ушул темп менен кетсек деле Бишкек деле кыргызчага өтүп калат. Андан сырткары мен байкаганым, ушул учурда экономикалык кризис, кайра-кайра ар кандай проблемалардын тушунда жашап отуруп, биздеги азыркы келаткан жаш муундун арасында көпчүлүгүнүн билим деңгээли төмөнүрөк болуп калды. Бирок ошол эле учурда айылдан чыккан балдар кыргыз тилине жакынырак болуп калды. Орусчага өскөндөр аз сандагы деңгээлдеги катмар болуп кала берет, бирок кыргызча сүйлөгөн катмардын үлүшү көбөйүп баратат деп айткым келип атат. Ошон үчүн кыргыз тили өлбөйт, жоголбойт, кудай кааласа бардыгы жакшы болот.

Аалы Молдоканов: Кооптонобузбу, кооптонбойбузбу, ошондой болжолдор бар экен. Бирок кыргыздын эң бай тили, кыргыздын жорго, татуу тили жоюлду, жоголду. Аны алып жүрүүчүлөрдүн көздөрү өттү, ал тилди абдан булгадык, орус тили менен аралаштырдык, түштүктө болсо өзбек туугандарыбыздын тили кирип атат, алар теледе, радиосунда, гезиттеринде чоң саясаттын куралына айландырып алышты. Кыскасы чоң адабиятты жазган, “Манасты” алып келген тилибизден, албетте, азыр ажырадык. Бул ачык.

Бирок биз байыркы мамлекет болсок, ушул тилинен ажырабай, ушинтип чулдурап жүрө беребиз, комиссияны кайра-кайра жоюп баланын оюнчугундай кылып, мына беш жолу жоюлуп, беш жолу ордуна келтирилгендей болуп бара берет. Тилдин келечеги жөнүндө айтканда, мен ушуга башымды көп оорутуп, мындан чыгыштын жолун көрдүм. Мына ар бир районго, ар бир облуска бирден комиссия түзүштүн кереги жок, комиссия эч нерсе бералбайт экен. Башка элде комиссиясы жок эле мамлекеттик бийлик, жергиликтүү бийлик өздөрү көзөмөлдөйт экен.

Комиссия-комитет тил боюнча түзүлсө, алар китеп чыгарууну, адабий тилдин ченемдеринин сакталышын көздөйт экен. Биздеги мамлекеттин башындагы бир адам эле эркти көрсөтүп, өзү үлгү болуп жол баштаса, калгандары тез эле ошол жолго түшүп, ошол тилде сүйлөп, урматтап кетет экен. Коррупция дегенди жое албайбыз деп күнүгө кыйкырып атабыз, мамлекеттин башындагы бир эле киши өзүнүн тегерегинде жоюп койсо, өзүнүн аң-сезиминен чыгарып койсо, тегерегинин бары тазаланып 1-2 жылдын ичинде таза мамлекетке айланмакпыз. Андай мамлекеттер четтен чыгып атат. Ошондуктан тилге мамлекеттик мамилени, күнүгө какшап айтып, бирибизди бирибиз үгүттөп отургандын ордуна ошол тилди талап кылып, комиссиянын ишине ар кимибиз кайдыгер болбой, жардам берип турсак.

Акынбек Абдыкалыков: Кыргыз тили жоголуп кетет деп кооптонууга эч кандай негиз жок. Себеби ушул күнгө чейин “Манас” эпосу жоголбосо, андан башка көптөгөн эпостор бүгүнкү күнгө чейин жетип атса. Буга эң жөнөкөй эле мамлекеттик деңгээлде жетекчилер көңүл бөлүш керек, бала бакчадан, мектептен, үй-бүлөдөн баштап туруп. Башка жактан келген биздин конокторубуз, мисал үчүн бизде иштеген Жапониядан келген профессор бар, же Австралиядан, Австриядан келген кишилер кыргызча ырдап, сүйлөп, кыргызча макал-лакаптарды айтып атпайбы. Кеп ошол маселени кое билүүдө, ошол мыйзамды аткарууга көңүл бөлүүдө жатат. Чындыгын айтканда бул мамлекеттик жетекчилерге жана мамлекеттин абалына жараша болот го деп ойлойм.
XS
SM
MD
LG