Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:22

Бул күнү өкмөт үйүнүн алдында “Жарандар коррупцияга каршы” уюму пикет өткөрүп, анда Кыргызстанда Кылмыш Жаза кодексине өлүм жазасын кайра калыбына келтирүүгө каршы пикирин билдиришти.

2007-жылы 26-сентябрда Европа Кеңешинин министрлер кабинети 10-октябрды өлүм жазасына каршы күн катары жылыга белгилөө жөнүндө чечим чыгарышкан. Бул күнү Европа Кеңеши бүткүл дүйнөдөгү мамлекеттерди, аймактарды өлүм жазасы боюнча мыйзамдан баш тартууга үндөп, өлүм жазасын аткарууга мораторий киргизүүгө чакырык таштады.

Европа Кеңешинин чакырыгын колдоп «Жарандар коррупцияга каршы» уюму ишембиде өкмөт үйүнүн алдында пикет өткөрүштү. Ал иш-чаранын чоо-жайы тууралуу аталган уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова буларга токтолду:

-Биз саат 10до Панфилов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде өмүр бою абакка кесилгендердин туугандары менен «Түрмөдө отурган адамдардын укугун коргоо» комитетинин жетекчиси Вали Ахмедова болуп бирге чоң акция жасайбыз. Биз президентке кайрылуу кат жолдоп жатабыз. Президент - Конституциянын гаранты. Адамга кудай берген абсолюттук укукту Адахам Мадумаров жана башкалар бийлик бутактарында отуруп алып өлүм жазасын кайра киргизебиз дегени туура эмес. Баш мыйзамды сыйлабагандык. Ошон үчүн мындай адамдар бийликте отурбашы керек. Биз гумандаштырылган Кылмыш Жаза кодексин иштеткенге кызыкдарбыз. Экинчи жактан азыркы түрмөлөрдө эч бир адам укуктары сакталбайт. Кыйноолордун абагы болуп калды. Тамак-аш жетишейт.Суук. Абактардагы абал Кыргызстан өз мойнуна алган кыйноолорго каршы факультативдик документтердин талаптарына эч кандай жооп бербейт. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы түрмөлөрдө радикалдуу өзгөрүүлөр керек.

Төлөйкан Исмаилова белгилегендей жарандык коомдордун демилгесин колдоп, кыргыз бийлиги Баш мыйзамдан өлүм жазасын алып салып, Кыргызстан демократиялык жана гумандык өлкө болушка аракет жасап жаткан өлкө катары эл аралык коомчулукта кадыр-баркка жетишти.

10-октябрда «Жарандар коррупцияга каршы» укуктук борбор «Түрмөдө отурган адамдардын укугун коргоо» комитети жана өмүр бою абакка кесилгендердин 30га чукул жакын туугандары өкмөт үйүнүн жанына пикетке чыгышып, алар колдорунда «Өлүм жазасына каршыбыз!», «Кыргызстанга өлүм жазасынын кереги жок» деген ураандар жазылган плакаттарды кармап турушту. Алардын пикиринде
өлүм жазасы Баш мыйзамдан алынган эки жылдан бери иш жүзүндө түрмөлөрдөгү абал оор бойдон калууда.

Укук коргоочу Т Исмаилованын айтымында, «балык башынан сасыйт» дегендей, Коопсуздук комитетинин төрагасы өзү өлүм жазасын кайрадан киргизүү тууралуу демилге көтөрүп чыкканы - бул жакшылыктын жышаанасы эмес.

Үстүбүздөгү жылы 23-сентябрда Коопсуздук Кеңешинин диний фанатизмге каршы күрөштү күчөтүү боюнча өткөрүлгөн жыйында Коопсуздук комитетинин төрагасы Мурат Суталинов Кыргызстандагы мыйзамга өлүм жазасын кайра киргизүү демилгесин көтөрүп чыккан.


- Менимче, биз Батышка, ЕККУга жана башкаларга кылчактап карабашыбыз керек. Биз бул өлкөдө жашайбыз. Балким, бүгүн оозеки чечим кабыл алып, Коопсуздук кеңеши, Юстиция министрлиги, башка юристтер менен кеңешип, айрым оор кылмыштар боюнча, эл алдына алып чыгып жазалай тургандай өлүм жазасын киргизүү керек. Эки-үч күндөн кийин мамлекетте тартип орнойт деп ойлойм.

Жыйында төрагалык кылып отурган Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахам Мадумаров анын демилгесин колдой тургандыгын жашырган жок.

- Мен макулмун. Урматтуу коллегалар, бул маселе боюнча менин көз карашымды жакшы билесиздер. Катуу, катаал тартип керек. Темирдей тартип болбосо болбойт.

Мадумаров бул маселени Коопсуздук Кеңешинин төрагасы, президент Курманбек Бакиевге сунуш кыларын да убада кылган.

Бул боюнча 24-сентябрда Коопсуздук кеңешинин аппараты маалымат таратып, анда “Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахам Мадумаров өтө оор кылмыш жасагандар үчүн өлүм жазаны калыбына келтирүү боюнча атуулдук позициясын айтты. Бирок А. Мадумаровдун атуул катары айтканы республика жетекчилигинин расмий позициясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы катары анын мамилесин чагылдырбайт” деп жазылган.

«Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев өлүм жазасын кайра мыйзамга киргизүү тууралуу жогорку бийлик эшалонундагы аткаминерлердин демилгесине караманча каршы экенин билдирди.

-Ушундай жогорку деңгээлде кызматта отурган адамдар Кыргызстандын эл аралык уюмдар алдында алган милдеттерин билип,
анын алган мыйзамдарын билип туруп айтыш керек да. Жөн эле оюна келгенин айта бербеш керек. Өлүм жазасын киргизгенде өлкөдө тартип орноп кетет деп ким кепилдик бере алат. Бул - саясий тайкылык. Ошон үчүн, тескерисинче, биз укук коргоо органдарынын ишин, алардын натыйжалуулугун, мыйзамдар кандай аткарылып жатат - мына ушуну карашыбыз керек. Экинчиден, «балык башынан сасык», дейт. Эгерде мамлекет башында , бийлик мунарасында отурган адамдар өздөрү мыйзамды сактабаса, карапайым эл кантип сактайт мыйзамды? Эки жүздүүлүк болуп жатпайбы. Биздин бүгүнкү чоң проблемабыз - эки жүздүүлүк. Өздөрүнө келгенде мыйзам башкача иштесе дейт, карапайым адамдарга келгенде башкача иштесе дейт. Мындай саясат менен биз алыска кете албайбыз. Кылмыштуулук менен эч ким күрөшкөн жок. Анткени кылмыштуулукту ошол бийликте отургандар өздөрү жаратып жатат. Тоок урдагандар менен миллиондогон акчаларды урдагандардын айырмасы барбы деп качантан бери депутаттар суроо берип келетат. Тоок уурдагандар түрмөгө кесилип, миллиондогон сомдорду уурдагандар чалкалап машинесине түшүп алып, беймарал басып жүрүшпөйбү. Абдан өкүнчтүүсү биздин коомдо ошол мыйзамдардын иштебегендиги. Албетте ал үчүн күчтүү реформа жүргүзүш керек. Анын ичинде сот системасын реформалаш керек.

Темир Сариевдин пикиринде азыркы сот органы адилеттиктен, калыстыктан тайып турган маалда өлүм жазасын киргизүү тууралуу демилге өз элине жасалган карасанатайлык.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахам Мадумаровдун көз карашында оор кылмыш жасагандарды мамлекет өмүр бою багып отурушун каалабайт.

«Өмүр бою абакка кесилгендерди мамлекеттин эсебинен багуу кыйынчылык жаратып жатса, аларга каражат табуунун башка жолдорун ойлонуш керек»,- дейт Сариев.

- Биз өлүм жазасын алып салып,өмүрүнүн аягына чейин абакка кестик деп отура бербей, аларды кандайдыр бир иштерге, абдан катуу, кыйын иштерге тартуу керек. Кылган күнөөсүн мойундары менен тартыш керек. Кылмыш кылып коомго зыян келтирди. Бирок ошол эле учурда аларды мамлекет багып атат. Элден алынган салыктын эсебинен, элдин эмгегинин эсебинен багылып жатат. Эмне үчүн алардын өздөрүн иштетип каражат тапкан жолду издесе болбойт?

Ал эми бийик трибунадан өлүм жазасын кайра калыбына келтирүү демилгесин Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын жетекчиси Айбек Турганбаев колдобостугун билдирди. Анын айтымында, өлүм жазасын мыйзамга кайра киргизүү менен эле кылмыштуулук кескин кыскарып кетпейт.

-Мен өзүмдүн жарандык жеке позициямды айткым келет. Кылмышкерге, наадандык, өзгөчө ырайымсыздык менен жасаган кылмышына теңелип, мамлекеттик түрдө мыйзам менен анын өмүрүн кыйууга жол берилбеш керек. Бул жазалардын бирден-бир принциби адам ошол кылмышка кириптер болгондон кийин түшүнүшү керек. Эмне үчүн жазаланып абакта отурат? Ошол ички жан-дүйнөсү менен өмүр бою ошол кылмыш жасаганына өкүнүп, кыйналып жүргөнү бул - тирүүчүлүктүн тозогу деп коет. Өлүм жазасын кайра киргизүү менен кылмыш кескин түрдө азайып калат дегенге мен макул эмесмин. Ошол өлүм жазасына тартылган жарандар менен сүйлөшкөндө да, алар: "ошол кылмышка барбайт элем, бекер кылыптырмын”, деген өкүнүүлөрү да бар.

Өмүр бою түрмөгө кесилип, ачык сотту күтүп жаткан ысымын айтпоону өтүнгөн атуул өмүр бою абакка кесилгендердин арасында соттун адилетсиз чечиминин курмандыктары дагы бар экендигин, жыйырмадан ашуун жазыксыз адам ачык сотту күтүп, тиешелүү органдардан жооп ала алышпай отурушканын белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттик деңгээлдеги кызматкерлер өлүм жазасын кайра калыбына келтирүү демилгесин көтөргөндөн көрө, калыс, адилеттүү сот системасын түзүүгө аракет кылышса пайда келтирмек.

-Биз ошол Суталинов менен Мадумаровдун айткандарын уктук. Биз алардын айткандары менен макул эмеспиз. Булар эми айласы кеткендигинен өлүм жазасын кайра киргизебиз деген шылтоо менен бизден кутулгусу келип жатат. Чындыгын айтканда Кыргызстандын көпчүлүк эли чындыкка, акыйкаттыкка жетиши кыйын окшойт. Бизде деле канчалаган адамдар күнөөсүз отурушат, акыйкатты күтүп. Менимче өзүм жазасы Кыргызстанга кереги жок. Өзүмдү эле мисал кылып айтсам, жок жерден соттолуп, эми ачык сотту күтүп-күтүп жүрүп он бир жылдан бери жер төлөөдө отурам. Буюрса ушул соттон акталып, ачык сот болгондо канча адамдар билет эле менин канчалык күнөөм бар же жок экенин. Мага окшогондор бул жерде көп. Канчасы өлүп кетти. Биз 21 адам президентке дагы кат жаздык эле. Биздин ишибизди кайра карап бергиле деп. Эми ошол бойдон кайра жооп келген жок. Же каралат, же каралбайт деген жооп келсе жакшы болот эле.

Коомчулукта сот органдарына ишенбөөүлүк күч. Мурдагы президент Аскар Акаев да бийик трибунадан соттордун 80 пайызына эл ишенбейт деген эле. Байкоочулардын баамында сот, прокурор, милиция биригип алышып иши түшкөн адамдан чоң көлөмдөгү акча талап кылып, алар сураган ачканы бербесе укук коргоо органдары ал бечараны каалаган берене менен кесип жиберген фактылар көбөйгөнүн айтышууда.

“Интербилим” уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева да Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүүгө каршылыгын билдирип, бийлик эң ириде укук коргоо органдарын түп-тамырынан бери реформалоо зарылдыгын айтты.

-Укук коргоо органдары ансыз деле жазалоочу органдарга айланып баратат. Соттор бийликке, прокурорлорго, коопсуздук комитетине көз каранды болуп жатышат. Биз сотторго көп эле катышып жүрөбүз го. Айрым кишилердин күнөөлөрү жок болсо деле соттоп жиберип жатат. Мисалы, Ноокаттагы окуя менен канчалаган жазыксыз адамдар кесилип кетти. Мына Петровка окуясы менен Э.Бөлөкбаев, С.Аргынбаев, У.Рыскулов жөн жеринен эле соттолуп жатышпайбы. Балыкчыда канча адамдын иши сотто каралып жатат. Андан мурда Беш-Күңгөйдөгү жаш балдар күнөөсү жок болсо да соттолушту. Бишкекте деле 45 кишини кармап барып соттошподубу. Мындай мисалдар абдан көп. Дагы канчасы жазыксыз соттолот ким билет. Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери өздөрүнүн профессионалдык милдеттерин аткаруунун ордуна оппозициянын, жаш саясатчылардын артынан түшүп, коркутуп-үркүтүп жатышат. Милиция кызматкерлери адам укуктарына карабай күч колдонуу ыкмасына өттү. Анан кантип М.Суталинов менен А.Мадумаров, парламенттеги Коммунисттер фракциясы өлүм жазасын кайра калыбына келтирүүнү уялбай айтып жатышат. Эң оболу укук коргоо органдарын түп-тамырынан бери реформалап, мыйзамдуулукту орнотууну талап кылышпайбы.

Акыйкатчы Турсунбек Акун болсо мыйзамга өлүм жазасын кайра киргизүү боюнча Адахам Мадумаров менен Мурат Суталиновдун сунушун колдобоону өтүнүп президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоп, ал катта “эгерде Кыргызстанда кайрадан өлүм жазасы киргизилсе мамлекеттин жана президенттин эл аралык беделин төмөн түшүрөрүн” белгиледи.

Европа Комиссиясынын Казакстан, Кыргызстан менен Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Норберт Жонс бул маселе Кыргызстанда оң жагына чечилет деген ишенимде болуп, кыргыз бийлиги демократиялык багыттан артка кайтпайт деген көз карашта.

"Биз бул маселенин оң жакка чечилиши үчүн бардык жыйындарыбызда, атуулдук коом менен жолугушууларыбызда ушул маселе боюнча сүйлөшүү жүргүзөбүз. Ошондой эле бул маселени талкуулап, келечектеги маселелерди дагы чечүүнү уланта беребиз" деди элчи Норберт Жонс.

Европа Кеңешинин маалыматына караганда, 1997-жылы биринчилерден болуп Европа өлүм жазасынан баш тарткан аймак болуп эсептелет. Бүгүнкү күнү Европа Кеңешине мүчө мамлекеттерди кошкондо дүйнөдөгү 94 мамлекет өлүм жазасынан толук баш тартып, 45 мамлекет өлүм жазасын колдонбой турууга же өтө катуу кылмыш үчүн колдонууга өтүшкөн. Ошол эле учурда 58 мамлекетте өлүм жазасы жогорку жаза катары колдонулуп келет. 2008-жылы өлүм жазасына кесилген 2 390 адамдын жаны кыйылган. Ал эми 8 864 адам өлүм жазасына кесилген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG