Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

“Ак жол” Өлүм жазасын алып салууга багытталган саясий, жарандык укуктар жөнүндө эл аралык Пакттын 2- Факультативдик протоколуна каршы чыкты.

Бириккен Улуттар Уюмунун 1989-жылдын 15-декабрындагы резолюциясы менен бекитилген бул эл аралык документке кошулуу маселеси кыргыз парламентинде экинчи ирет көтөрүлүп отурат. “Өлүм жазасын алып салууга багытталган саясий жана жарандык укуктар жөнүндөгү эл аралык Пактынын Экинчи Факультативдик Протоколуна Кыргызстанды кошуу жөнүндөгү” мыйзам долбоору алгачкы жолу парламентке 2006-жылы сунушталып, бирок Конституцияда өлүм жазасын колдонуу жөнүндө берене бар болгон үчүн кайра кайтарылган.

Негизи Кыргызстанда өлүм жазасын колдонуу 1998-жылы токтогон. Адегенде президент жыл сайын мораторий киргизип, ал эми 2006-жылы өлүм жазасы Баш мыйзамдан алынып салынган. Кыргызстан эми Экинчи Факультативдик Протоколго кошулса өлүм жазасын өмүр бою камакка алмаштырууну биротоло кепилдемекчи.


Бирок президенттин партиясынын парламенттеги “Ак жол” фракциясы Эл аралык бул документке катуу каршылык көрсөттү. 11-ноябрдагы жыйында депутаттардын бир тобу каршылыктарын түбөлүк жазага чектегендер үчүн жетиштүү шарт жоктугу менен негиздесе, экинчи топ кылмышкерлерге гумандуу мамиле жасоого болбойт дешип, өлүм жазасын алып салууга караганда аны калыбына келтирүүгө көбүрөөк кызыкдар экенин тастыкташты.

Алардын бири депутат Раиса Сидоренко:

- Биз бүгүн кылмышкерлер адамдарды, балдарды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүп жаткандарды, буюртма киши өлтүргүчтөрдү, адамдарды өмүрүнөн ажыратып аткандарды гумандаштырышыбыз керекпи? Биз аларга жакшы мамиле жасап, жашоо шартын түзүп беришибиз керекпи? Мен муну жаран катары элестете албайм, - деди.

Ал эми депутат Аскар Салымбеков өлүм жазасынын Конституциядан алынып салынышын жаңылыштык катары санады:

- Конституцияга референдум аркылуу жалпы кирип кеткен анда. Эгер өлүм жазасы деп чыкканда коомчулуктун 80-90 пайызы аны колдомок.

Мындай көз карашты жактабаган депутат Зайнидин Курманов өз кесиптештерин мыйзамды сыйлоого чакырды:

- Урматтуу депутаттар, мыйзамга баш ийишиңер керек. Эл чечим кабыл алган. Өлүм жазасы алынып салынган. Элдин эркине баш ийиш керек.

Эл аралык документтин Кыргызстан үчүн маанисин депутаттарга өкмөттүн парламенттеги өкүлү Нурканбек Момуналиев да түшүндүрүүгө аракет кылды:

- Факультативдик протоколго кошулганда бизге кадр даярдаганга, түрмөдө шарттарды жакшыртканга, жардам сураганга, инвестиция алганга шарттар түзүлүп атат... Баш мыйзамда баары бир көрсөтүлгөн: өлүм жазасы бизде жок. Протоколго кошулабызбы, кошулбайбызбы – баары бир ал (Конституцияда) кала берет.

Анткен менен фракциядагы көпчүлүк Экинчи факультативдик протоколго кошулууга каршы добуш берди. Ошол эле мезгилде мындай каршылык коомчулукта бийликтин өлүм жазасын кайра калыбына келтирүүгө жасаган кезектеги кадамы катары кабылданды. Эл аралык документке каршы пикирин өткөн аптада Коммунисттер фракциясы да билдирген болчу.

Биринчи жолу бул маселе Коопсуздук Кеңешинин 23-сентябрдагы аппарат жыйынында мамлекеттик жооптуу кызматкерлер Адахан Мадумаров менен Марат Суталинов тарабынан көтөрүлгөн.

Өлүм жазасынын айланасындагы дүрбөлөңгө дал ошол мамлекеттик ишмерлердин билдирүүлөрү шарт түздү дейт Факультативдик протоколго Кыргызстандын киришин жактаган “акжолчу” депутаттардын бири Гүлнара Дербишева:

- Адахан Кимсанбаевич сунуш кылды, Суталинов дагы айтты эле. Аны элдер Коопсуздук кеңешинин катчысынын сөзү катары кабыл алды. Анан бир күндөн кийин эле Адахан Кимсанбаевич жарандык позициям деп айтты. Анан ошол бийик деңгээлде айтылгандар бийликтин каалоосу катары кабылданып калды... Бул начар прецедент болду. Конституцияда жазылып тургандан кийин талкуу деле болбошу керек эле.

Бирок ошол Коопсуздук Кеңешинин аппарат жыйынынан кийин дароо Коммунисттер фракциясы өлүм жазасын киргизүүгө байланышкан мыйзам долбоорлорунун топтомун даярдоого киришкен. Коммунисттер фракциясынын депутаты Анаш Сейитказиевдин билдиргенине караганда, учурда коммунисттер референдум өткөрүүгө, ал аркылуу Баш мыйзамдагы өлүм жазасын түбөлүк камак менен алмаштырган 14-беренени алып салууга президент Курманбек Бакиевди ынандыруу аракетин көрүп, атайын кат даярдап жатат. Административдик реформанын шартында ансыз да Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарыл болуп турат деп билдирди коммунист - депутат.

Анткен менен күздөн бери саясий чөйрөнүн назарында келаткан өлүм жазасы тууралуу президент Курманбек Бакиев өз пикирин айта элек. Президенттин маалымат кызматынын башчысы Алмаз Турдумамбетов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Депутаттардын мыйзам чегинде кандайдыр бир демилгелер менен чыкканга укугу бар. Азырынча мен айтылгандарды депутаттардын пикири катары гана кабыл алдым. Алар кандайдыр бир чечим кабыл алып, бул жакка жөнөтө турган болсо анан президент позициясын айтат да. Конституция кабыл алынгандан кийин аны кармануу керек.

Ошентип Кыргызстандагы өлүм жазасына байланышкан маселе кайсы нукка бурулары парламенттин жума күнкү сессиясында ачыкталчудай. Анткени сессиянын бул күнкү күн тартибине Эл аралык комитеттин шейшемби күнкү чечиминин негизинде Экинчи Факультативдик протоколго кошулуу жөнүндөгү мыйзам долбоору киргизилген.

Кошумчалап койчу маалымат: “Өлүм жазасын алып салууга багытталган саясий жана жарандык укуктар жөнүндөгү эл аралык Пактынын Экинчи Факультативдик протоколуна дүйнөдөгү 71 өлкө кирген. Алардын катарына Казакстан, Орусия, АКШ жана Кытай өңдүү мамлекеттер кире элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG