Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:18

Өлүм жазасын калыбына келтирүү жөнүндө жекече сунуштар Коопсуздук Кеңешинин жыйынында айтылары менен эле парламенттеги коммунисттер фракциясы Баш мыйзамга тийиштүү өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдап баштаганы маалым болду.

Айрым оор кылмыштар боюнча керек болсо эл алдына чыгарып ишке ашыра тургандай өлүм жазасын киргизүү керек. Эки-үч күндөн кийин мамлекетте тартип орнойт деп ойлойм.

Мурат Суталинов
23-сентябрдагы Коопсуздук Кеңешинин аппарат жыйыны диний фанатизмге каршы күрөштү күчөтүү маселесин талкуулап, ал талкуунун жүрүшүндө өлүм жазасын кайра калыбына келтирүү керек деген идея көтөрүлгөн. Маселен, Коопсуздук комитетинин башчысы Мурат Суталинов өлкөдө коопсуздукту сактоонун, тартип орнотуунун башкы чарасы деп дал ошол өлүм жазасын кайра калыбына келтирүүнү эсептейт экен:

- Менимче, балким, бүгүн оозеки чечим кабыл алып, Коопсуздук кеңеши, Юстиция министрлиги, башка юристтер менен кеңешип, айрым оор кылмыштар боюнча керек болсо эл алдына чыгарып ишке ашыра тургандай өлүм жазасын киргизүү керек. Эки-үч күндөн кийин мамлекетте тартип орнойт деп ойлойм.

Азыркы шартта өлүм жазасын кайра калыбына келтирүү биринчи кезекте Кыргызстандын демократиялык өлкө катары калыптанып калган аброюна доо кетирери турулуу иш. Муну адам укуктары жаатындагы эгемен Кыргызстан кол койгон көптөгөн эл аралык макулдашууларга байланыштырса болот. Бирок Суталинов "Батышка да, ЕККУга да кылчактоо зарыл эмес, биз бул өлкөдө өзүбүз жашайбыз" деп эсептейт.
.
Жыйынды башкарган Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров Кыргызстандын биринчи “чекисттин” пикирин колдоду:

- Балким бул киши эл алдында ачык айтканы үчүн жек көрүндү болушу мүмкүн. Бирок убакыт келгенде түшүнөбүз: бул өтө маанилүү, абсолюттук зарылдык болот.

Мадумаров бул маселени Коопсуздук Кеңешинин төрагасы, президент Курманбек Бакиевге сунуш кыларын да убада кылды. Бирок жыйын чыгарган чечимге өлүм жазасын кайра калыбына келтирүү сунушу жазылган жок. Бул тууралуу Коопсуздук Кеңешинин аппараты кийинчерээк тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматта ошондой эле: “Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров коомчулукта көптөн бери талкууланып жүргөндөй, өтө оор кылмыш жасагандар үчүн эң жогорку жазаны калыбына келтирүү боюнча атуулдук позициясын айтты. Бирок А. Мадумаровдун атуул катары айтканы республика жетекчилигинин расмий позициясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы катары анын мамилесин чагылдырбайт” деп жазылган.

Мындай билдирүүнү коомчулуктун бир бөлүгү актануу катары кабылдап, мамлекеттик жооптуу кызматтагы атуулдардын мамлекеттик иш үстүндө жеке оюн айтууга укугу жогун белгилешүүдө. Ага жараша өлүм жазасын жаңыртууну каалаган мамлекеттик кызматкерлер катуу сынга тушукту. Парламент трибунасында муну алгачкылардан депутат Гүлнара Дербишева сындап чыкты.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун
президент Курманбек Бакиевдин дарегине эки мамлекеттик ишмердин демилгесинчетке кагууга чакырган кайрылуу даярдай баштаганын билдирди:

- Мен Мадумаров менен Суталиновго толугу менен кошула албайм. Анткени расмий жокко чыгарылган. Өлүм жазасы өмүр бою камоо менен алмаштырылган. Көп жылдар бою бул чечимге келиш үчүн көп аракет жасалган. Мурдагы президент дагы, азыркы президент дагы, укук коргоочулар дагы, акыйкатчылар дагы аракет кылышкан. Акыры ушундай чоң жетишкендик болуп, дүйнөлүк коомчулук колдогон. Анан эки чиновник кайра киришкени күлкү келтирерлик иш.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борбору дароо билдирүү менен чыкты. Борбордун жетекчиси Төлөкан Исмаилова “Азаттыкка” берген интервьюсунда буларды белгиледи:

- Булар адамдын абсолюттук укугуна шек келтирген адамдар. Мындай адамдар расмий иштебеш керек. Булар кетиш керек. Өлүм жазасын кайра келтиришке жарандык коом эч качан мүмкүндүк бербейт. Анткени биз кеңешип-кептешип, демилгеге каршы аракеттерди жасайбыз.

Өлүм жазасын кайра калыбына келтирүүнүн кооптуу өңүттөрүнүн бирин “Азаттыкка” берген интервьюсунда Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Дербишева соттордун ишенимсиздиги менен байланыштырды. Мындайда бейкүнөө адамдар өлүм жазасына тартылып кетпей турганына кепил болуу кыйын:

- Кыргызстан өлүм жазасын алып салууга көп кыйынчылык менен жеткенбиз. Анткени бизде адилет сот жок. Коррупцияга берилген соттун арасында өлүм жазасына күнөөлүү киши кетти деп ким кепилдик берет? Эгерде биз сот реформасынан кийин адилет сотторду жаратсак, ошондо өлүм жазасын алып келсе болот. Бирок азыр биздин Кыргызстанда эч ким кепилдик бербейт.

Бирок мамлекеттик кызматкерлердин терроризм, экстремизм жана диний фанатизм коркунучуна тынчсызданып тургандыгынын жөнү жок эмес. Бул өңүттөн алганда катуу кылмыштарга каршы өлүм жазасын сейрек колдонуу зарылдыгы бар дейт Жогорку Кеңештин депутаты Турдукан Жумабекова:

- Экстремизм, терроризм абдан жашарып, жайылып баратат. Кылмыштарга караганда өлүм жазасы керек учурлар да болуп калат. Күрөш кыйын болуп атат. Жазаланыш керек. Бирок азырынча ага каршымын.

Коррупция сот, прокуратура тармагында кадырэсе көрүнүшкө айланып калгандыгын террорчу деп шектелип, оор кылмыш тагылган Хасан Сулеймановдун эки жылга шарттуу кесилип, анан мунапыс аркылуу бир нече айда боштондукка чыгып кетиши жакында парламент күбө болгон айкын факт болду.

Бул фактынын ачылышына 23-июнда террорчулукка каршы Коопсуздук Комитетинин Жалал-Абадда жүргүзгөн операциясы шарт түзгөн. Операция учурунда өлтүрүлгөн Хасан Сулаймановду Коопсуздук Комитети террордук аракеттердин уюштуруучусу катары тааныган.

Ошол эле мезгилде былтыр “Хизб-ут-тахрир” уюмунун 32 мүчөсү Ноокат окуясы боюнча 9 жылдан 20 жылга чейин кесилгени жалпыга маалым. Укук коргоочулар болсо бул чечимди элдин үшүн алууга багытталган саясий чечим катары баалап, жазага тартылгандардын арасында күнөөсүздөр аз эмес экенин айтып жүрүшөт.

Коомдук-саясий чөйрө ушинтип кызыл чеке талашка түшүп турган учурда парламенттеги коммунисттер өлүм жазасын калыбына келтирүүнүн мыйзамдык негиздерин иштөөгө киришти. Мындай долбоорду өз фракциясынын тапшырмасы боюнча коммунист-депутат Анаш Сейитказиев юристтер менен чогуу колго алды.

Өкмөт үйү менен парламентте бир учурда бирдей көтөрүлүп жаткан бул маселе жөн салды дал келүүчүлүкпү же биргелешкен максаттуу аракетпи – бул тууралуу расмий бийлик өкүлдөрү кошумча билдирүү жасабай турушат. Көшөгө артында болсо өлкөдө тартипти күчөтүүнүн дагы бир жолу чабыла баштагандыгы айтылууда.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулованын
көз карашында өлүм жазасы алынып салынганы менен террордук операциялардын чегинде киши өлтүрүүлөр уланып жатат. Бул өңдүү мыйзамсыз аракеттерди калкалоо, мыйзамдаштыруу максаты ушундай демилгенин көтөрүлүшүн шарттодо дейт укук коргоочу.

Байкоочулардын болжолунда Конституцияга өзгөртүү киргизүү шарты түзүлүп турганда бийлик үчүн коммунисттердин жардамы аркылуу өлүм жазасын кайра киргизип алуу ыңгайлуу.

Өлүм жазасы Баш мыйзамдан алынып салынганы менен Кылмыш Кодекси менен Кылмыш –Процессуалдык Кодекске оңдоо киргизилбей, мораторий киргизилген бойдон козголбой турат. Бул өз кезегинде өлүм жазасын калыбына оңой келтирүүнү шартташы мүмкүн:

- Бул кичине жеңилирээк болот го деп турам. Анткени баары келип баш мыйзамга такалып атат. Анткени Кылмыш кодекси менен Кылмыш-процессуалдык кодексте мораторий гана бар, - деди депутат Сейитказиев.

Ал эми укук коргоочу Төлөкан Исмаилованы ушул эле маселенин башка өңүтү тынчсыздандырып турат. Анын айтымында азыр Кыргызстанда өлүм жазасына кесилген 186 адам улам бир абактан экинчи абактын жертөлөлөрүнө которулуп, киши чыдагыс жашоону өткөрүп жатышат. Оор кылмыш жасагандар үчүн абак жай куруу убада бойдон, качан ишке ашары белгисиз. Ошол эле мезгилде өлүм жазасындагылардын арыздары Жогорку Сотто каралбай турат:

- Өлүм жазасына кесилгендердин арыздары Жогорку Сотко берилген, БУУда катталган. Бирок Жогорку Соттон ары эч жакка кайрыла албайсың. Анткени Жогорку Сот эгерде мыйзам уруксат берсе биз карайбыз деп расмий жооп берген. Бирок парламент андайды жасай элек. Кылмыш кодекси өзгөрүлө элек.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров болсо оор кылмыш жасагандарды мамлекет өмүр бою багып отурушун каалабайт. Коммунисттер партиясынын лидерлеринин бири Анаш Сейитказиев Коопсуздук Кеңешинин катчысынын бул пикирин толук колдоду:

- Эмне үчүн мисалы, менин тууганымды же башка бирөөнү мыкаачылык менен өлтүргөн кишини мамлекет багыш керек? Аны соттон чыгары менен жок кылыш керек.

Депутат мына ушундай өлүмгө жазалай турган мыйзам долбоорун өтө кылдат даярдоого киришти. Ал Малайзия сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып, өлүм жазасын өтө сейрек колдонуу жана анын жоопкерчилигин тигил же бул мамлекеттик органга артуу механизмдерин караштырып жатат. Долбоордо өлүм жазасы кайсы кылмыштар үчүн пайдаланылары да ачык көргөзүлүшү ыктымал.

Долбоор качан даяр болору ачыктала элек, бирок коммунисттер президент сунуштаары күтүлүп жаткан Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору менен кошо талкууга сунуштоого ниеттенүүдө.

Талдоочулар өлүм жазасы калыбына келтирилип калса, анын тизмесин оор кылмыш жасаган террорчу, экстремист жана фанат динчилер толукташы ыктымал. Мындай көз караш өлүм жазасын калыптоо маселеси козголгон Коопсуздук Кеңешинин аппарат жыйынында “Таблиги жамаат” уюмун мамлекеттик коопсуздугуна коркунуч келтирген радикалдык-диний уюм катары таануу демилгеси менен да байланыштырылууда.

Өлүм жазасы кирсе ал ар кандай шылтоолор менен оор кылмышка шектүүлөрдү токтоосуз жазалоо башталышы мүмкүн деген укук коргоочулардын ишениминде адамды абсолюттук укуктан ажыратууга эч кимдин, анын ичинде бийликтин да акысы жок.

Өзүн Адилет Узакбаев деп тааныштырган жергиликтүү укук коргоочулардын бири, маселен, өлүм жазасынын өтө сейрек колдонулушун жактайт, бирок, катаал чаралар аркылуу терроризмге каршы күрөштү күч менен басуу аракетинен майнап чыкпайт:

- Күч колдонуу же башка жол менен бул маселени чечиш кыйын. Күч аркылуу чечилчү маселе болсо мурун эле чечилмек. Саясий же башка жолдорду издеп табыш керек. Бүгүнкү күндө дүйнөдө мындай тажрыйба көп болуп атат, кандай гана маселе болбосун акырында гана күч колдонулат.

Өлүм жазасы Кыргызстандын Конституциясынан 2007-жылкы реформада алынып салынган. Ага чейин эл аралык уюмдардын сүрөөнү аркылуу президент өлүм жазасын 1993-жылдан тарта өз жардыгы менен токтотуп келген. Өлүм жазасы алынгандан кийин эл аралык уюмдар Кыргызстанды демократиялык өнүгүүнү беттеген постсоветтик өлкөлөрдүн алдыңкы сабына коюп, зоболосун көтөргөн, кыргыз өкмөтүн чечкиндүү кадамы катары жогору баалаган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG