Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

Ынтымак курултайына делегаттарды шайлоо, ага карата бейөкмөт уюмдардын мамилеси тууралуу “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова “Азаттыкка” маек курду.

- Ынтымак курултайына делегаттарды шайлоо, тандоо кандай жүрүп жатат? Сиздер буга байкоо салып жатасыздарбы?

Динара Ошуракунова: Биз байкоо салып жүрөбүз. Биз биринчи кайрылуубузда курултайга катышабыз дегенбиз, аны биздин директорлор кеңешмеси чечкен. Ошол боюнча биз өзүбүздүн мүчөлөрүбүздү жер-жерлерде жүрүп аткан курултайга катышкыла деп дайындаганбыз.

Азыр бизге маалыматтар түшүп атат, жер-жерлерде курултайлар өткөрүлүүдө, бирок элдин кайсы жерде, кандай өтүп атканы тууралуу маалыматы жок. Ал жерге көбүнчөсү баягы эле бийликтин активи катышып атат. Азыр 50 пайыз делегаты шайланыптыр. Ошол 50 пайыз делегаттын тизмесин биз карадык, анын ичинде өкмөттүк эмес уюм, же саясий партиялардын бир да делегаты жок экен.
Ынтымак курултайы, биринчиден, бийлик менен оппозициянын ынтымагы деп ойлойм.


- Анда оппозициянын “дүжүрлөр” гана шайланууда деген сөздөрүндө негиз барбы?

Динара Ошуракунова: Эми 50 пайыз ошондой болду. Биз өткөн аптада катчылык менен жолугушуп, мониторинг өткөндөн кийин кайрылуу жасадык. Жер-жерлерде чынында эле “дүжүрлүк” болуп атат. Бийлик баарын ээлеп алып, өзүнүн делегаттарын шайлап атат дегенден кийин катчылык бизди чакырды. Ошол жерден биз өз нааразычылыгыбызды билдирдик. Мына, 50 пайыз делегаттар шайланды, ошонун ичинде бир да урматуу, өзүнүн пикирин билдире алган адам жок экен деген кооптонуубузду айттык. Ошондо катчылык сунуштарыңарды айткыла деди. Биз өз сунуштарыбызды айттык.

- Сиздерден кандай сунуш болду?

Динара Ошуракунова: Биринчиден, биз эч жерге шашкан жокпуз, бул курултайды жылдырса болот. Ошон үчүн азыр токтотуп, биринчи программаны түздүк. 23-мартта өтө турган курултайда кандай сөздөр көтөрүлөт? Анткени биз кичинекей тегерек үстөл өткөрсөк да биринчи программасын түзөбүз, ошол программада ким сүйлөй алат, суроо боюнча кандай пикирлерин жеткире алат деп делегаттарды шайлайбыз. Азыр болсо программа жок эле, эмне маселелер көтөрүлөрүн билбей эле делегаттарды шайлап атабыз.

Ошон үчүн курултайды токтотуп, биринчи программа түзгүлө дедик. Экинчиден, ал курултайда элдин баары эле өз маселелерин козгойт. Бирок негизги, жалпы улуттук проблемалар көтөрүлүш керек. Анын ичинде баалардын көтөрүлүшү, жерлердин сатылышы ж.б. Бул боюнча атайын сурамжылоо жүргүзүш керек. Ошол сурамжылоодо элдин пикирин угуп, жалпы беш маселени чыгарыш керек.

- Сиз айткан бул маселелер 17-мартта оппозициянын Элдик курултайында талкуулана турган болууда. Бул эки курултайдын өтүшү атаандаштыкты пайда кылып, тирешүүнү ого бетер күчөтпөйбү?

Динара Ошуракунова: Күчөтсө күчөтөт, аны көрөбүз да. Бирок азыр бийлик чынында эле Ынтымак курултай өткөрөм деп аткандан кийин, ошол курултайга сөзсүз оппозицияны чакырыш керек деп биздин сунуш болгон. Курултайга 750 делегат экен, ошонун 10 пайызын оппозиция түзсүн, өздөрү тизмесин түзүп, ошол жерге барсын десек, “алар келбей койсочу” дешет. Биз “келеби, келбейби – экинчи маселе, силер ошол орунду бергиле” деп айттык. 10 пайызды бергенден кийин аларга сөзсүз сөз бериш керек. Анткени Ынтымак курултайы, биринчиден, бийлик менен оппозициянын ынтымагы деп ойлойм. Ошон үчүн ошондой суроолор көтөрүлүшү керек.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG