Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Апта: "Түндүкэлектро" түбү менен кетти, курултайлар заманы келди


"Түндүкэлектро" ишканасынын башкы имараты
"Түндүкэлектро" ишканасынын башкы имараты

“Түндүк электро” сатылды. Адахан Мадумаров бийликти сындап чыкты. Ынтымак курултайына талапкерлерди көрсөтүү башталды.

"Түндүкэлектро" 3 млн. долларга кетти

Кыргызстандагы эң ири бөлүштүргүч компания - “Түндүкэлектро” сатылды. Анын жаңы ээси чыныгы кожоюнун аты аталбаган “Чакан ГЭС” болуп чыкты. Бөлүштүргүч компаниянын 3 млн. долларга "Чакан ГЭС" сатып алганын мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов жума күнү айтып чыкты.

“Түндүкэлектро” жана “Кыргызтелеком” сатылганы айкындалган күндүн алдында, 1-февралда “Ошэлектро”, “Чыгышэлектро” жана “Жалал-Абадэлектрону” сатып алуучулардан документ алуу убактысы да соңуна чыкты. Эми бул ишканалар да менчик колдорго өтөт.

Бирок Мүлк министрлиги бул ишканаларды сатып алуу боюнча кайсы ишканалардан арыз түшкөнүн ачык айтпай жатат. Министрликке кайрылууларыбыз жоопсуз калууда. Кыязы Мүлк министрлиги бул жерде да кандайдыр бир будамайлоо иштерин жасоонун алдында тургандай.

Будамайлоо демекчи, “Түндүкэлектрге” баа койбой сатуу боюнча тендер 29-декабрда соңуна чыккан. Мына ошол күнү “Азаттыктын” кабарчысын кабыл алган мүлк министрлигинин статс-катчысы, “Түндүкэлектрону” сатуу боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Сүйөркул Бакиров бул бөлуштүргүч компанияны сатып алуу үчүн конкурска үч компанияны арыз бергенин билдирген:

- Биз комиссиянын мүчөлөрөнүн, катышкан компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ачтык. Үч компаниядан катышууга арыз түштү. Бул Кыргызстандын “Спецэнергострой” акционердик коому, Казакстандын “Алматаэнерго” акционердик коому жана Россиянын “Якутспецстрой” деген компаниясы, жалпысынан үч компания арыз берди.

Көрүнүп тургандай анда “Чакан ГЭСтин” катышканы тууралуу сөз да болгон эмес. Анан эле бир айдан кийин “Чакан ГЭС” тендерге катышканы, ал эмес утуп чыкканы айкын болуп жатпайбы...

Кыргызстандагы эң ири бөлүштүргүч компания үчүн “Чакан ГЭС” 3 млн. доллар төлөгөн жана 10 жыл ичинде 74 млн. доллар инвестиция салууга убада берген. (Айрым маалыматтар боюнча, Ысык-Көлдөгү жакшы бир гектар жер 3 млн. доллар).

“Чакан ГЭСтин” Аламүдүн каскадындагы сегиз чакан ГЭСи бар.

Оппозициялык Бириккен элдик кыймыл “Түндүкэлектронун” сатылышын кескин сынга алып, Бакиевдин үй-бүлөсү бийликтен кетер замат бул ишкана мамлекетке кайтарыларын билдирди. Оппозиция өкүлдөрү ошондой эле “Түндүкэлектронун” он миллиондогон доллар жабдуулары, жүз миңдеген абоненттери бар, болгондо да төлөөгө жөндөмдүү Бишкекте, Чүйдө жана Таласта жайгашкан абоненттери бардыгын, потенциалдуу кирешелүү ишкана экенин белгиледи.

Бийликтин бул кадамын мурунку коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаров да кескин сынга алды:


- Бул жалпы кыргыз мамлекетинин байлыгы. Биз ага 14 жыл бою каршы чыгып келгенбиз. Мен Жогорку Кеңеште төрага болуп турганда да өзүмдүн пикиримди кесе айтканмын. Улуттун байлыгы эч качан жеке менчиктин колуна тийбеш керек. Кыргызда, мусулманда жакшы сөз бар “эч качан жетим менен жесирдин акысын жебе” деген. Ошол эле компанияларда алардын дагы үлүшү бар. Алардын дагы чон ата, чоң энелеринин акысы бар.


А. Мадумаров ачыгын айтып чыкты


Адахан Мадумаров демекчи, ал Конституциялык реформа, бөлүштүргүч компанияларды сатуу, Өнүктүрүү агенттигине өлкөнүн активдерин бүтүндөй топтотулушун кескин сынга алды. Ал ошондой эле Исмаил Исаковдун ак жеринен камалып отурганын баса белгилеп, өлкө армиясын көтөргөн патриотко мынчалык кара ниеттик кылбаш керектигин ачык айтты:

- Мен өтө терс баа берем. Болгондо дагы эч кандай күнөөсү жок адамды отургузушту. Бул боюнча Кыргыз Республикасындагы бираз-бираз сабаттуу укук коргоочулар же тартип коргоо органдарынын кызматкерлери билип эле турушат. Бул туура эмес. Ошол батирди балаңа берип койдуң деп айыпташты. Ага Исмаил Исаковдун кандай тиешеси бар? Болгондо да өзү кызматта министр болуп отурганда кайра кайтарып берсе... Тескерисинче миллиондогон зыяндарды келтиргендер жогору жакта отурушпайбы. Исмаил Исако чөгөлөп калган кыргыз жоокерлерин тикелеп тургузуп, курсагын тойгузуп, кийимин кийгизип, казармаларын салып, офицерлерди үйлөргө киргизип койгон киши. Ага мынчалык кара ниеттик кылбаш керек. Бул өтө туура эмес. Исмаил Исаков, дагы бир жолу айтайын, кыргыз элинин мекен сүйүү боюнча эң алдыңкы мыкты инсаны, мыкты ишмери. Менин Исмаил Исаковдун ак экендигине кенедей дагы күмөнүм жок.

Мадумаров Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда Жогорку Кеңештин төрагасы, Вице-премьер-министр, Мамлекеттик катчы жана Коопсуздук кеңештин катчысы кызматтарын аркалап келген.

Ал 2008-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы кезинде президенттик администрациянын жетекчилиги жана президенттин өзүнүн дарегине каршы пикирин айтып, кызматтан бошоп кеткен болчу. Андан кийин ошол эле жылы күзүндө Коопсуздук кеңештин катчысы кызматына келген. Акыркы мезгилде президенттин саясаты менен келишпей, Курманбек Бакиевдин жаңы бийлик конфигурациясын сынга алган.

Адахан Мадумаровдун бийликке каршы чыгуусу менен өлкөдөгү эки ортодо турган айрым саясий күчтөрдүн, топтордун ичинде ары-бери жылыштар пайда болушу ыктымал. Эл ичинде да кызуу талкууларды пайда кылып, бийликке карата баалар бычылышы мүмкүн. Ал Исаков камалгандан кийин пайда болгон терс бааны ого бетер күчөтүшү мүмкүн.

Саясат таануучу Марс Сариев Мадумаровдун кадамына карата мындай пикирин билдирди:


- Азыр байкап атасыңар, Темир Сариев дагы сүйлөй баштады. Позициясын күчөтүп жатат. Мен ойлоймун, бул Ак үйдүн дагы бир стратегиялык маневру болушу ыткымал. Себеби азыр курултай жакындап жатат. Ушундай күчтөр, Мадумаров, Сариев оппозицияга, конструктивдүү оппозицияга өтүп, ошондойлор көбөйсө, мүмкүн курултайдан кийин чоң оппозициялык топ түзүлүп калат. А тиги радикалдуу оппозиция Топчубек Тургуналиев, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров жана башкалар четтеп, оппозициянын талаасынан чыгып калат. Мен ойлоймун ушундай багытта атайын кадамдар жасалып жатат.

Ал эми экинчи бир саясат таануучу Орозбек Молдалиев Конституцияны үй-бүлөгө ылайыктап түзүү аракети ушундай натыйжага алып келди деп эсептейт:

- Бул реформанын багыттарына нааразы болгондор элдин арасында эле эмес бийликтин чөйрөсүндө көп болуп жатат. Ошо бийлик элитасынын ичинде жактырбагандар бар. Мындан көрө башкаларды тандасак болмок экен деген кеп бар. Булардын мындай ачыка чыга башташынын себеби бар, жанагы Конституцияга өзгөртүү киргизип, Президенттик кеңеш эле президенттин милдетин аткаруучуну дайындап коет деген Конституцияны өтө одоно түрдө бузуу. Илгери кийин адилет шайлоо болсо мен ушул жакка бара алам го дегендердин үмүтү таш каап, каршы чыкканга аргасыз болуп жатат. Бул каршылашуунун башы эле.

Ынтымак курултайынын алдындагы талоон

Бөлүштүргүч компанияларды сатуунун же менчиктеп алуунун шаңында Ынтымак курултайына байланыштуу үгүттөр, пиар аракеттер күчөдү. Башкача айтканда, Ынтымак курултайына байланыштуу күчөтүлгөн ызы-чуунун астында бөлүштүргүч компаниялар менчик колдорго кетүүдө.

Ынтымак курултайы - бийлик өкүлү айткандай эл “буусун” чыгаруучу аянт болот экен. Эл ошол жерге келип, өзүнүн муңун айтып, желин чыгарып кете берет экен.

Ал эми президенттик администрациядагы дагы бир акыл кошчусу Сергей Масауловдун айтымында, Ынтымак курултайы реалдуу оппозицияны калыптандыруучу жай же жол болуп калышы ыктымал.

Бул жагынан алганда, “Ак шумкар” партиясынын демилгеси Ак үйдүн акылмандарынын ою менен үндөшүп турат.

Белгилүү болгондой жума күнү “Ак шумкар” партиясы саясатчыларды, коомдук ишмерлерди чогултуп, анда Ынтымак курултайына катышуу маселесин талкуулады. Ага катышкан саясатчы Абдыганы Эркебаев президентке 150 кишиден турган квотасына киши тандоо боюнча кеңешин берди:

- Президент өзүнө алган 150 квотаны дагы бир кылдат карап туруп, эң кур дегенде ошонун жарымын болбосо дагы үчтөн бирине өзү үлгү көрсөтүп, белгилүү коомдук ишмерлерди, оппозиция өкүлдөрүн, саясий партия лидерлерин кошуп койсо, жакшы эле болмок.

“Ак шумкар” партиясы уюштурган талкуунун катышуучулары ошондой эле Ынтымак курултайына президенттик квота аркылуу катышуунун жолдорун карап көрүүнү, катышууга аракет кылгандарга колдоо көрсөтүүнү жана эгерде Ынтымак курултайы менен кызматташуу ишке ашпай калса, өзүнчө курултай уюштуруу чечимин кабыл алышты.

Өздөрүн чыныгы оппозиция деп атаган Бириккен элдик кыймыл ишемби күнү ич ара маселелерди чечүүгө чогулду. Белгилүү болгондой буга чейин Мукар Чолпонбаев башында турган БЭКтин мүчөлөрү “Элдик кеңеш” аттуу кыймылга бириккенин билдиришкен. Бирок ишемби күнкү талкууда БЭКтин мүчөлөрү бирдиктүү болууну жакташып, 20-февралга БЭКтин кеңиртилген жыйынын чакырууну чечишти. Бул тууралуу кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров билдирди:

- 20-февралда БЭКтин Улуттук кеңешинин кеңейтилген жыйыны болот. Жер-жерлерден делегаттар келет. Ошол наркы Бакиевдин курултайына катар курултай өткөрөбүзбү, башка нерсе өткөрөбүзбү ошого даярдык болот. Кандай өткөрүү боюнча кеңеште чечим кабыл алабыз. Ошого аракет кылабыз.

Бекназаров ошондой эле оппозициянын курултайында энергетикалык бөлүштүргүч компанияларды бийликтин сатуусу негизги маселелерден болоорун белгиледи:

- Саткандар эртеби-кечпи эл алдында жооп берет. Керек болсо соттолот. Коррупцияга байланыштуу берене ушуларга тиешелүү.
Былтыр БЭК түзүлгөндө экинчи максатыбыз болуп ушулар кирген, булар элдин менчигинде болсун дегенбиз. БЭКтин жобосунда да бар бул нерсе. Ушул маселелерди элдик курултайга алып чыгабыз. Силер макулсуңарбы энергетикалык компаниялар Ширшов-пиршовдордун менчигине кеткенге деп сурайбыз. Мына ошого жараша иш кылабыз. Курултайда ушул маселелерди көтөрөбүз.

Ошентип, бийлик Ынтымак курултайын 23-мартка белгилеген. Ошол эле күндөргө оппозиция өзүнүн курултайын белгилегени жатат.

Бул арада 11-январдан бери УКМКнын абагында камалып отурган Исмаил Исаковго “кечирим сура, абактан чыгасың” деген ортомчулардын үчүнчү каты жолдонуп, анын үчүнчүсүнө да Исаковдон тескери жооп алды. Исаков эч кандай күнөөсү жок экенин, ошондуктан кечирим суроо жөнүндө сөз болбошун, айрым адамдардын анын артынан өздөрүнүн саясий маселесин чечүү аракетин токтотуусун талап кылган.

Алайда, Бишкекте Исмаил Исаковдун тарапкерлери ачкачылык акциясын улантып жатышат. 3-февралда Сопу-Коргондо жана Бүлөөлү айылында 300дөй киши нааразылык акциясына чогулуп, Исмаил Исаковду бошотуу, жер, бөлүштүргүч компанияларды сатууну токтотуу талаптарын коюшту.

Исмаил Исаковдун апелляциялык арызы 10-февралда аскердик сотто карала турган болууда. Бул күнү Алай районунун борбору Гүлчөдө Исмаил Исаковду коргоо комитети көбүрөөк кишинин катышуусу менен митинг өткөрүүгө камданууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG