Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:58

“Кыргызстанда ички миграциянын эркин болушу үчүн милдеттүү каттоону алып салуу керек. Өлкөнүн бир аймагынан экинчи аймагына барып отурукташууда каттоого туруу ашыкча чыгымдарды алып келүүдө”. Мындай пикирлерин 9-июнда Борбор Азиялык Эркин базар институту тарабынан Бишкекте өткөрүлгөн талкууда бир катар коомдук уюмдарынын өкүлдөрү билдиришти.

Ошол эле учурда айрым адистер каттоону толугу менен алып салууга болбой тургандыгын, каттоонун ордуна башка ыкмалар иштелип чыгышы керектигин белгилешет.

Өлкө ичиндеги жер которууларда каттоого туруу милдеттенмесин бир катар жаштар совет мезгилинин калдыгы катары баалашат. Алардын пикири боюнча каттоону таптакыр эле жоюп салуу керек. Борбор Азиялык Эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев белгилегендей, учурда милдеттүү түрдө каттоого туруу жарандар үчүн ашыкча түйшүк болуп жатат:

- Мисалы, бирөө бир айылдан же региондордон Бишкекке келсе, ал адамдын Бишкектеги каттоосу жок болсо, ал бул жакта соода кыла албайт, көчөдө семичке да сата албайт. Бул мыйзамдын алдындагы эреже болуп саналат. Экинчиден, азыркы учурда Бишкекте расмий түрдө каттоосу жок 220 миң адамдар жашайт. Ал эми расмий эмес маалыматтарга караганда, бул сан эки-үч эсе да көп болушу мүмкүн. Натыйжада каттоосу жок адамдар ар дайым милициялардын колуна түшүп жатат. Алардын чыныгы рэкети - милиция болуп калды.

Мындан бир жыл мурда Борбордук Азиядагы Америка университетинин Социологиялык изилдөөлөр борборунда жүргүзүлгөн эркин изилдөөнүн жйынтыгына ылайык, милиция кызматкерлери ички мигранттардын 80 пайыздан ашыгын токтотуп документ сурашкан жана мигранттардын 67 пайызы каттосуз жашап жаткандыгы аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Ички миграция боюнча мыйзамынын 9-беренесинде ар бир жаран каттоого турганга милдетүү экендиги жазылган. Укук коргоочу Гүлшайыр Абдырасулованын айтымында, бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн бир катар татаал жол-жоболор иштелип чыккан:

- Каттоо учурунда ооруканадан жана каттоого тура турган жерден маалымкат,айыл өкмөттөн маалымкат өңдүү көптөгөн иш-кагаздары талап кылынат. Бизде ар бир жаран келип эле үй-жай сатып ала албайт экен. Булар же батирге чыгышы керек экен, же туугандарыныкында жашашы керек экен. Ушулардын негизинде убагында каттоого тура албагандыктан, текшерүү убагында кармалып калгандар болуп жатат.


Талкуунун катышуучулары, каттоосу болбогонунан улам милиция кызматкерлерине кармалгандардын көбөйүшү паракорчулукту өнүктүрүп жатканын айтышат. Айрыкча милдеттүү каттоого туруу жарандарга ашыкча чыгым жана түйшүктөрдү алып келип жаткандыгын жана каттоо алынып салынса өлкө ичинде ишкерлердин эркин кыймылына мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн белгилешет.

Ошол эле учурда милдеттүү каттоонун жоюлушу бир кыйла маселелерди пайда кылышы мүмкүн дегендер бар. Кыргыз диаспораларынын “Замандаш” ассоциациясынын президенти Муктар Өмүракуновдун айтымында, каттоо болбосо социалдык жардам алуу багытында кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн:

- Каттоо системасына көп нерселер байланып калган. Мисалы, социалдык жеңилдиктерди берүү. Жанакы бийик тоолуу аймак деп коет эмеспи. Бул аймактарда жашагандарга кандайдыр бир кошумча акча төлөнөт. Анын бийик тоолуу жерде жашаганын кантип далилдейт? Албетте каттоо күбөлүгү менен далилдейт.

Мындан сырткары кээ бир уюмдардын мүчөлөрү каттоонун жоюлушу менен кандайдыр бир башаламандык пайда болушу мүмкүн экендигин айтышат. “Арыш” коомдук бирикмесинин өкүлү Назгүл Өскөлөңова эгер милдеттүү каттоо жоюлса, анын ордуна альтернативдүү ыкмалар иштелип чыгышы керектигин белгилейт:

- Көп эле сунуштар болуп жатпайбы. Каттоону алып салабыз, кыскартабыз, узартабыз деген. Менин оюмча сөзсүз түрдө эле бир жерге келип каттоого туруп көп кагаздарды даярдоонун кереги жок. Ансыз деле иш жүзүндө андай болбой эле. Анан биздин сунушубуз ар бир адамга таандык кандайдыр бир номурлар берилсе. Ошол номур менен каалаган жеринде, Нарында болобу, Таласта болобу, Бишкекте болобу, ар кыл кызматтарды алганга ылайыкташтырылса.

Ошол эле учурда айрым укук коргоочулар каттоо системасын толугу менен алып салуу мүмкүн эместигин айтышат. “Адилет" укуктук клиникасынын өкүлү, укук коргоочу Асылкүл Балабаеванын айтымында, каттоону алып салууга азырынча эрте:

- Менин оюмча каттоону алып салуу эмес, каттоо системасын жөнөкөйлөштүрүү багытында ойлонуу максатка ылайык болот. Биздеги ички миграция боюнча мыйзамда жарандын каттоого турушу үчүн үч гана документ талап кылынаары айтылат. Тилекке каршы, бул нерсе кеңейтилип кеткен. Натыйжада каттоо системасын жөнөкөйлөтүү муктаждыгы бар. Ал эми каттоону таптакыр алып салуу жөнүндө сөз кылууга азырынча эртерээк.


Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Абдыкеев Нурбек белгилегендей, каттоону алып салууга мамлекет да, эл да даяр эмес.

-Каттоону алып салыш керек дегенге биздин мамлекет, биздин эл өзү даяр эмес. Ал эми каттоону жөнөкөйлөштүрүш керек деген менен макулмун.

Талкуунун уюштуруучуларынын бири Сейитбек Усманов милдетүү каттоого байланыштуу айтылган ой-пикир, сунуштар болочоктогу өкмөт мүчөлөрүнө билдирилерин айтат:

- Биз сунуштарды өкмөттөгү адамдарга беребиз. Алар чечет. Андан тышкары биз бул маселени жалпы элдин түшүнүшүн каалайт элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG