Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

Кыргызстанда үй-бүлө деген түшүнүктүн формасы өзгөрүп, жаштардын ага карата жоопкерчилиги төмөндөп барат. Серепчилердин ырастоосунда, буга акыркы мезгилде коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөр таасир этүүдө. Ушул тапта үй-бүлө институту мамлекеттик бекем идеологияга муктаж болуп турат.

Бишкек шаарынын тургуну Бурулсун апа үч баланын энеси. Балдарын өз учурунда үйлөндүрүп, кызын турмушка эл катары узаткан. Бирок жалгыз кызы 5 жылдан кийин жолдошу менен ажырашып, азыр алтымыштан ашып калган Бурулсун апа анын уул-кызын багып үйдө олтурат. Эртең мененден баштап ал жээн неберелерин мектепке алып барып, кичүүсүн бешикте терметип отурат. Кызы болсо кечке чейин жумушта.

- "Кийинки турмушуңар эмне болот? Сен деле күйөөгө чыгасың, сен деле аял аласың, балдарды ким ойлойт" десең, азыр бала-чаканы ойлош керек деген жаштар болбойт экен. Өзүнүн эле күнүмдүк жашоосун ойлонушат экен. Балдардын таенеси, чоң апасы бар экенбиз, экөөлөп эптеп багып жатабыз. Келечектен коркпойт экен азыркы жаштар.

Үй-бүлө бузулса ортодо балага кыйын болот.
Акыркы мезгилде үй-бүлөлөрдүн бузулушуна турмуш шарттын начардыгы, акчанын тартыштыгы, жумушсуздук өндүү көйгөйлөр таасир этип жаткандыгы айтылып эле келатат. Бирок ушу тапта алардын санын жумушу бар, үй-бүлө бакканга дарамети жетиштүү, бирок ажырашкан жаштар да толуктай баштады. Бурулсун апанын кыз-күйөөсү ошондойлордун бири:

- Жумушу, акчасы жок болуп ажырашса да бир жөн экен. Баары туруп эле ажырашып кетишти. Менимче ушу кызганычтан эле болду го деп калам. "Сен антип койдуң, мен минтип койдум" деп жалаң кызганычтын эле азабы болду. Кыскасы түшүнбөстүк болду.

Быйыл жыл башынан бери Бишкектин бир эле Ленин району боюнча 500 түгөй үйлөнүп катталса, ошол эле учурда 300дөн ашык үй-бүлө түрдүү себептерден улам ажырашкан. Бул көрсөткүч былтыркыдан анча деле айырмаланбаган кадыресе эле көрүнүш экендигин айтат ЗАГСтын башкы адиси Канышай Атакулова:

- Бул көрсөткүчтүн былтыркыдан айырмасы аз эле, бирдей эле десек да болот. Эми буга кандай баа берсе болот? Кадыресе эле көрүнүш. Жашоо уланып жатат, жашоодо эмне гана болбойт дегендей да.

"Сүйүү бүттү, гүлдөр соолуду"

Ушул тапта Кыргызстанда ажырашып жаткан үй-бүлөлөр мамлекеттен мүлк бөлүшүү, балдарга алимент кестирүү өндүү жагдайларда укуктук жардам алышат. Ал эми үй-бүлөгө камкордук көрүп, алар менен түздөн түз иштеген мамлекеттик борборлор жок. “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсайра Рыскулованын айтымында, азыр коомдо болуп жаткан кайдыгерлик, туруксуздук, кризистик жагдайлар үй-бүлө мүчөлөрүнүн психологиясына таасир этип, аларды жоопкерчиликтен оолактатып жатат:

- "Сүйүүң бүттү, эми өзүнчө оокат кыл" деген нерселер да таасир этет. Анан жашоонун ачуу-таттуусун көтөрө албай калышат. Үй-бүлө болгондон кийин жоопкерчилик болот. Мисалы, үйгө убагында келиш керек, балдарды караш керек, аялына көңүл буруш керек. Анан бир жыл, эки жыл жашайт. Үч жылда, беш жылда, жети жылда бир ушундай кризистик убакыт болот. Ошол кризистен өтүп кеткендер жашап кетет. Өтө албай калгандар ажырашып кетишет.
Махабат оту тез эле өчөбү?

Советтер союзу учурунда үй-бүлөлүк мамилелерге мамлекет да таасир этип, үй-бүлөдөн кол үзгөн адамдар кызматынан айдалып, “үй-бүлө” деген түшүнүк кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттин укуругу менен да сакталып турган. Андан бери мезгил, система алмашып, учурда Кыргызстанда гана эмес, дүйнө элинде үй-бүлөгө болгон мамиле өзгөрүп жаткан кези. Кыргызстан эгемендикке, эркиндикке жетип, демократиялык принциптерди жайылтуунун аракетин кылып жатканы менен, мындай жагдай аң-сезимдеги эң негизги баалуулук болгон үй-бүлө институтун алсыратып жаткандыгын белгилейт социолог Топчугүл Шайдуллаева:

- Азыр үй-бүлөнүн формасы өзгөрдү, ар кандай түрлөрү пайда болду. Бизде никесиз мамилеге баруу, өзгөчө кыздарда ушундай мамилеге баруу таптакыр жат көрүнүш болсо, бүгүнкү күндө бул кадимки эле көрүнүшкө айланды. Бүгүн үй-бүлө курбай эле жөн эле бир жашоо-тиричилигин жасаганга өтүштү да жаштар. Мына ушул адеп ыймандын бузулушу, үй-бүлөгө карата, деги эле эркек менен аялдын мамилесиндеги жоопкерчиликтин жоголуп баратышы, канчалаган жетим балдардын көбөйүшү – мунун баарынын туундусу социалдык бир жаратка айланды.

Жоопкерчилик жетишпейт

Азыркы үй-бүлөлөр кандай жашагысы келет, талаптары кандай, алар кандай камкордукка муктаж? Топчүгүл Шайдуллаеванын айтымында, кандай гана түзүлүштөгү мамлекет болбосун ал өзүнүн улуттук баалуулуктарына кайрылышы керек. Анын негизинде үй-бүлөгө карата мамлекеттик идеология болушу зарыл:

- Ушул үй-бүлөгө карата жоопкерчиликти күчөтүш үчүн айрым бир мажбурлоо системаларын, ыкмаларын да таңуулашыбыз керек. Ал эми азыркы эркиндик деген нерсе чоң азгырык экен. Көпчүлүк жарандар эркиндикти өзүнө өтө эле сиңирип алып, аны үй-бүлөсүнө карата да пайдаланып жатпайбы. Коомдогу процесстер жүрүп жатат. Бирок адам баласы кандай өзгөрүүлөр болгон күндө да айланып келип, башына иш түшкөндө үй-бүлөсүнө жашынат эмеспи. Кыргыздын салтында кыздарды, балдарды үй-бүлөлүк турмушка кичинесинен эле даярдап келишкен. Анын элементтери, жоболору бар. Азыр болсо бизде ушундай көрүнүш болуп жатат, жадагалса балдарды үйдө да тарбиялай албай жатабыз.

Ушул тапта үй-бүлөлөрдүн маселеси менен Бишкекте болгону “Сезим” жана “Шанс” аттуу эки бейөкмөт кризистик борбор иштейт. Алар кайрылгандарга психолоиялык жардамдарды беришет. Ал эми Кыргызстанда акыркы жыйырма жыл ичинде үй-бүлө маселелерин изилдеген бир да илимий изилдөө жазыла элек.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG