Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:51

Өткөн жылдын эсебинен өлкөдөн миңден ашуун ар кандай адистеги врач, үч миңге жакын мээрбан айым чет өлкөгө иш издеп кеткен. Элет жеринде, ал турсун облустук ооруканаларда да акушер-гинеколог, анестезиолог жана хирургдар жетишпейт. Адистер миграция мыкты мугалимдер менен дарыгерлерди да куру кол калтырып жатат деген пикирлерин айтышууда.

Айнура учурда Орусиянын Абакан шаарында медайым болуп иштейт. Ал айлыктын аздыгынан мындан бир жыл мурда тааныштарынын жардамы менен Абаканга кеткен. Кыргызстандан алган 2 миң сом айлыгы өзү менен чогуу эки баласын бакканга деги эле жетчү эмес.

Балдарын апасына таштап, Орусияга кеткен Айнура Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин көбүнүн турмушу оор экенин, өзү болсо жакын-арада кайтып келбей турганын айтат.

- Мен Ошто ооруканаларда иштедим. Ал жакта эң жөнөкөй ийне жетишпей, дарыланып жаткандардын өзүнө алдырып, аларга да жаман көрүнчү элек. Азыр тааныштар аркылуу Орусияга, Абаканга келип, өз кесибим менен эле иштеп атам. Кудайга шүгүр, үйгө да акча жөнөткөнгө мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан азырынча, жакын арада Кыргызстанга кайтуу оюмда деле жок. Анын үстүнө ал жакта дагы деле айлык аз, жумушсуздук күчөп жатпайбы.

Айнурага окшоп үй-бүлөсүн таштап жакшы маяна издеп чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгондор арбын.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен алынган маалыматка караганда, өткөн жылдын эсебинен өлкөдөн миңден ашуун ар кандай адистеги врач, үч миңге жакын мээрбан айым чет өлкөгө чыгып кеткен. Өзгөчө Жети-Өгүз, Аксуу, Алай, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат жана Чоң-Алайда дарыгерлер маселеси курч. Айрым аймактарда миң калкка, 10 гана медицина кызматкери туура келет экен.

Министрликтин кадрлар жана уюштуруу иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Медер Исмаилов кеткендердин көбү региондордон болгонун белгилейт. Анын айтымында, учурда айыл жерине жаш врачтар барышпайт. Ошондуктан ал жакта акушер-гинекологдор жана хирургдар жетишпейт.

- Врач, медициналык айымдар көбүнесе региондордон кетип жатышат. Ошонун айынан айылдарда эле эмес, район, облустун борборлорунда акушер-гинеколог, үй-бүлөлүк дарыгерлер, хирургдар жетишпейт. Соңку мезгилдерде анестезиолог-реаниматолог жетишсиз болуп жатат. Мисалы, Ысык-Көл облусунда облустук ооруканада бир эле анестезиолог-реаниматолог калды. Биз жаш врачтар үчүн депозитти киргизгенбиз. Бирок жаштар ага карабайт, бул да маселени чечпей жатат. Жаштарды айылдарга жөнөтсөк, жашаганга жери жок, болбосо ижара акысын төлөш керек.

Кыргызстанда медицина тармагында билим алып жаткан студенттердин көбү деле окууну бүтөрү менен чет мамлекетке кетүүнү самашат.

Азат Аттокуровдун атасы да, энеси да врач. Ошол себептен Азат бала кезинен эле врач болууну эңсеп, ушул окуу жайга тапшырам деп максат кылып жүрчү. Бирок ал келечекте Кыргызстанда эмес, чет өлкөдө иштөөнү ниет кылат. Анткени ал ата-энеси алып жаткан аз айлыкка канааттанбайт.

- Менин максатым - Кыргызстанда эки жыл иштеп, тажрыйба алган соң чет өлкөгө кетүү. Эгер бул жактан өзүмдүн бизнесимди ачып эле калып калбасам, чет жакка кетем деп ойлойм. Медакадемияда окугандардын көбү эле ушинтип ойлойт. Анткени бул жакта айлык аз.

Ушул эле окуу жайдын дагы бир студенти Актан Кыргызстандан кетпей эле, өз кесиби менен катар башка бизнес ачууну максат кылат. “Биздин шартта врач болуп эле үй-бүлө бага албайсың”, - дейт ал.

- Бул окуу жайга тапшыргандан соң, аягына чейин чыгарабыз да. Анын үстүнө тиш доктурлар азыр популярдуу эле болуп турат. Кандай эмкана болсо да иштегенге аракет кылабыз. Андан сырткары сөзсүз экинчи бизнесиң болуш керек. Мисалы, бул жакта агай, эжелердин деле экинчи бизнеси бар. Биз деле ошондой кылабыз го.

Ал эми Медицина илимдеринин доктору, эксперт Рысбек Абдылдаев врачтардын жетишпестиги медицина тармагынын четиндеги гана маселе экенин белгилейт. Ал саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик системанын талкаланганын, студенттерге билим берүү эскиче жүрүп жатканын “Азаттыкка” айтты.

- Кыргызстанда баягыдай эле эскиче билим берилип жатат. Борборлошкон, мамлекеттик деңгээлдеги системаны талкалап салдык. Бүгүнкү күндө окуп жаткан студенттердин, ал эле эмес айрым врачтардын да деңгээли абдан төмөн. Учурда формалдуу көп нерсени жасап жатабыз да, ички мазмуну ошол бойдон калууда. “Халва, халва десе, ооздун ичи таттуу болуп калат” дегендей болуп жатабыз. Бул маселе - бүгүнкү күндө медицинанын четиндеги эле маселе. Абдан татаал болуп, кризистин ичинен чыга албай жатабыз. Биз “реформа болуп, кошумча төлөмдөр болуп атат” деген гана сөз менен чыгып жатабыз. Негизинен бул тармакта маселе көп.

Адистер мындай маселелер өлкөдөгү социалдык, экономикалык абалдын начардыгынан улам чыгып жатканын белгилешет. Минтип отурса бир канча убактан кийин Кыргызстанда жалаң улгайган жана билим деңгээли төмөн гана врачтар калат деп болжошууда. Андыктан алар азыртан мамлекеттик чукул чаралар талап кылынарын кайталап келишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG