Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:06

Экономикалык кризистен чыгуунун бир аргасы катары кыргыз өкмөтү чакан жана орто ишкердикке ыңгайлуу шарт түзүү аракетине киришти. Өкмөт алдында түзүлгөн комиссия жаңыдан иштей баштаган Салык кодексине өзгөртүү киргизип, патент акыларын кайрадан карап чыгууда.

Жаңыдан иштей баштаган Салык кодексине алгачкы өзгөртүүлөр киргизилип, эми өкмөт чакан жана орто ишкердик менен шугулдангандардын өтүнүчүн эсепке алып патент акыны кайрадан карап чыкканын Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров ырастады.

- Финансылык кризис учурунда орто жана чакан бизнеске шарт түзүп берели, деп жатабыз. Азыр соода менен тейлөө ички дүң продуктубуздун 42% түзөт. Ошолорго биз өзүнүн жумушчу орундарын сактап калуу боюнча натыйжалуу чараларды колдонушубуз керек.

Анын оюн улап парламенттеги “Акжол” фракциясынын жетекчиси, өнөржай, соода, туризм, транспорт, курулуш, ишкердик боюнча комитет төрагасы Улукбек Ормонов ушу тапта өкмөттүк комиссия ишин аягына чыгып калганын маалымдады.

- Мурда кыскартылып калган ишкердиктин 25 түрүн кайра ыктыярдуу патентке киргизүү маселеси чечилди. Мындан тышкары милдеттүү патент боюнча Жогорку Кеңештин эки комитети менен өкмөт биргелешип ччечим чыгарып, милдеттүү патенттин акысы да өзгөртүлдү. Мен ойлойм, бул ишкерлердин өздөрү ушундай болсо жакыш болот эле деген суммага туура келет.

Экономикалык кризистин капшабы Кыргызстанга да салакасын тийгизип, өткөн жылы курулуш тармагы белгиленген чекке жете алган жок. Кайриет, “Кумтөрдүн” 17 тоннадан ашуун алтыны өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүн кадыресе көтөрүп, ички дүң продукт көлөмү 7% ашты.

Акылбек Жапаровдун ырасташынча, Кыргызстан экономикасында тейлөө, соода тармагы дурус дегидей көрсөткүчтөрдү камсыз кылууда. Аны өткөн жылкы товар жүгүртүүнүн көлөмү 5 миллиард 800 миллион доллар акчаны түзгөнү деле кашкайтып көрсөтүп бере алат. А.Жапаров товар жүгүртүүнүн көлөмү өлкөнүн ички дүң продуктунан ашып кетиши Кыргызстан соода-сатык борборуна айланып баратканын, экономикалык түзүмүндө олуттуу дегидей өзгөрүү болуп өткөнүн белгиледи.

Айрым адистердин баамында, азырынча Кыргызстанда калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогору бойдон калууда. Андайга мурдагы жылдары 2 миллиард долларга жакын эмгек мигранттарынан келип түшкөн акчалар шарт түзсө, каржылык кризистин айынан акча агымы өткөн жылы 1 миллиард доллардын тегерегинде гана болду. Непадам, четтен келчү каржы булагы азайса өлкө оор экономикалык жагдайга капталары турулуу иш.

Кризистин капшабы эң алгач курулуш тармагына тийип, ушу тапта анын басаңы кыйла жайлап калды. Энергетика тармагындагы кризистен Кыргызстандын жакын арада чыгышы да күмөндүү. “Инвестициялык тегерек стол” долбоорунун жетекчиси Рафкат Хасановдун ырасташынча, бул тармакка инвестициянын келиши кыйын.

- Канча жыл биз бул тармакка инвестор алып келебиз, деп жүрдүк. Жыйынтыгында курулушту өзүбүз баштдык. Тажиктер да ошентишти. Инвестордон үмүт кылып, бирок өздөрү эле курулушту улантышууда. Мен бул тармактагы тарифтер менен жоготуулар маселесин чечмейин өзүнөн-өзү оңолуп кетерине ишенбейм.

“Камбарата –1” ГЭСине жумшалчу 1 миллиард 700 миллион орусиялык кредит кыргызстандык энергетиктердин колуна тийип ишке салынганда эле алынды деп айтылбаса, азырынча ал шериктештикке кирген өлкөлөрдүн геосаясий кызыкчылыктарына кабылып, айкын чечиле элек. Акылбек Жапаров Кыргызстан үчүн чакан жана орто ишкердикке, тейлөө тармагына ыңгайлуу шарт түзүп, өкмөт айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл бура тургандыгын маалымдады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG