Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:54

Кыргызстанда баңгилик, аракечтик менен катталган адамдардын саны кырк миңге жетти. Адистердин айтымында, адам денесин бул илдеттерден куткарууга мүмкүн, бирок аң-сезимден алып салуу өтө оор.

Жашы кырктан өтүп калган Таня аттуу бул аял азыр республикалык наркологиялык борбордо пол жууп иштейт. Ал жыйырма жашында баңги затынын даамын татып, бул өнөкөттөн жыйырма жыл бою кутула албай келген. Таняны мындай жолго карачечекей агасы түрткөн:

-Агам апийим пайдаланчу. Мен болсо аны үйдөн кет деп урушар элем. Акыры ал мени да өзүнө кошуп ийнеге олтургузуп койду. Жаш болсом керек, алданып жаман жолго түшүп кеттим.

Банги затынын таасири менен күндөлүк турмуш түйшүгүнөн алаксып жүргөн бул аял кокусунан уулунан ажырап калгандан кийин баңгиликтен кол үзүүгө бел байлаган. Жыл сайын наркологиялык борборго келип, өзүн түшүнгөн адамдардын жардамы менен жаңы жашоо баштачу:

-Мени түшүнгөн адамдарды табуу мага кыйын болду. Баары жаа бою качышат. Анан бул жердеги дарыгерлердин жардамы менен бутума турдум. Азыр бул жерге түшкөн жаш балдарды көрсөм зээним кейийт. Мен үчүн азыр жашоо түп тамырынан өзгөрдү. Мүмкүнчүлүк болгондо мен жашоомду таптакыр башка нукта баштайт элем.

Психиатр-нарколог Венера Асанбекованын айтымында, баңги, аракечтикке адамдар турмуштагы ар кандай проблемаларды көтөрө албагандыктан кабылат. Аны канча дарылаган менен, аң сезимден изин жок кылуу татаал нерсе. Биринчи кезекте оорулуу өзү дарыланганга даяр болушу керек:

-Бизге алар баңги затын алууга акчасы түгөнүп, денеси жанчылып чыдабай калганда түшүшөт.Биз алардын дары-дармектин жардамы менен мындай абалдан чыгарабыз. Бирок бул заттын таасири аң-сезимде кала берет экен. Калыбына келтирүү борборлоруна жаткырабыз. Эң негизгиси оорулуу “мен дарыланышым керек,бул жолдон кетишим керек” деген принцип менен өзүн жеңиши керек. Анпесе кайра эле барып көнгөн ишин жасай берет.

Социолог Топчугүл Шайдуллаева учурда дарылангысы келгендерден да баңгичиликке, аракечтикке берилгендердин саны өсүп баратканын белгилейт. Бул илдеттер социалдык оору катары эсептелерин, анткени ооруга социалдык жагдайлар алып келип жатканын кошумчалайт:

-Биз азыр сүйүнсөк да же бир нерсеге күйүнсөк, кыйналсак да аны арак менен белгилейбиз. Бул биздин жашоонун бир этикети болуп калды көрүнөт. Биз азыр жашоодогу бир керексиз жорук жосундардан арылуунун жолун издөөбүз керек. Балким жаштарга жүрөккө жете турган бир фильмдерди тартуу керектир же чыгарма жазуу керектир. Бирок алар пайдасы жок болуп, чаң басып жатып калбаса.

Социолог бул жаман адаттардын көбөйүп баратканын бир гана начар жетпеген турмуштун айынан болуп жатат дегенге кошула албайт. Анын негизги себеби катары жаштарды ырааттуу тарбиялоо институтунун мааниси жок болуп жаткандыгы менен да түшүндүрөт. Жаштарды тескери жолдон алыстатуу үчүн дагы бир негизги нерсе - арак менен баңгиден да мыкты, жаштарга өтө керектүү бир баалуулуктарды сунуштоо керек. Аны Топчугүл Шайдуллаева жумуш орундарын түзүү менен байланыштырат:

-Сүйгөн кесиби менен жүмушка орношсо, ага жараша мыкты айлык алса,өзүнүн ички мүмкүнчүлүктөрүн толук жумшаганга шарт түзүлсө, жаштар кайда барат. Алардын арак менен баңгиге убактысы да болмок эмес. Оюуна да келмек эмес. Ал үчүн бизде социалдык база болуусу керек. Биз азыр ушундай жолдорду издешибиз керек.

Учурда Кыргызстанда болгону мамлекеттик эки гана наркологиялык борбор-Бишкектеги республикалык борбор жана Ош областтык наркологиялык диспансер иштейт. Жеке борборлордун так саны белгисиз. Ал эми быйыл расмий түрдө баңгичилик боюнча республикада 8900 киши, ал эми аракечтик боюнча 30 минден ашуун адам катталган. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу көп, дешет адистер.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG