Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

НАТО Тиллерсондун катышуусун камсыздоо үчүн жыйынын которууга даяр


Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

Антитеррордук коалициянын баш катчысы Йенс Столтенберг альянстын тышкы иштер министрлеринин жыйыны башка мөөнөткө жылдырыларына ишенерин билдирүүдө. Associated Press агенттигине курган маегинде Столтенберг Вашингтондо Мамдепартаменттин башчысы менен жолукканын, жардамчылары жадыбалды өзгөртүү боюнча чогуу иштешээрин айткан.

Буга чейин АКШ мамкатчысы Рекс Тиллерсон Москва сапарына байланыштуу НАТОнун 5-6-апрелде Брюсселде өтүүчү жыйынына катышпасы кабарланган. Жыйынга аскердик блокко кирген 27 өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышат. Тиллерсон коалициянын жыйынына катыша албасы тууралуу маалымат Европада тынчсыздануу жараткан.

XS
SM
MD
LG