Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Айдоочуну кайсы айыбы үчүн сабашты?


Таластык айдоочу Болот Иманкулов аны укук коргоо кызматкерлери мыкаачылык менен сабап кетишкенин айтып арызданууда. Бул ишти шаардык прокуратура териштире баштады. Шаардык милиция башчылары өз кезегинде сабалган адамдын мас абалында болгонун жүйөө тартышууда.

30-апрелде түнкү саат бир-экилер чамасында Талас шаарында Болот Иманкулов автоунаасы менен досторуна жолугуп, үйүн көздөй келе жаткан. Астынан күчөтүлгөн жарыгын күйгүзүп “Ауди” маркасындагы автоунаа чыгат. Иманкулов фара менен эскерткенине карабастан, астыдагы автоунаанын айдоочусу күчөтүлгөн жарыгын өчүрбөй Болот Иманкуловдун автоунаасынын астына такай тороп келип токтойт. Андан соң эки тараптын ортосунда чатак чыгат.

- Шаардык милиция бөлүмүндө Алмаз участковый болуп ишейт, Сейит деген ИДНде. Анан ошондо эмне качпайсың, азыр атайын топту чакырам деп коркутушту. Алмазды мен тааныйм. Алмаз кандайсын, десем мас абалында экен. Ошол жерден ачкычымды талашты, мен бербегенге аракет кылып жаттым. Сактанып каршылык көрсөтүп жатым, ошондо ургулап жатышкан. Милиция бөлүмүнө алып келгенде темир тордун наркы бетине киргизгенден кийин, Алмаз оозго келгис сөздөр менен сөгүп кирди. Мен да чыдай албай оозуна карап сүйлөбөйсүңбү десем, ошол жерден ургулап сабап киришти. Каршылык көрсөттүм. Бирок анда деле ичиндеги кызматкерлер кошулуп 3-4- болуп сабап салышты, ошону менен эсимди жоготуп кулап калдым, - дейт жабырлануучу Болот Иманкулов.

Аталган айдоочу облустук ооруканага мээси чайкалып, денеси жанчылган абалда жеткирилген.

«Азаттыкка» бул тууралуу маалымат алалы деп жана ошол сабады деген укук коргоо кызматкерлер менен сүйлөшөлү деп, үч күн катары менен милиция бөлүмүнө келип, ал кызмакерлерди таба алган жокпуз.

Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Сейдин Мамашев бул окуя боюнча прокуратура тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатканын жана факты далилденсе сабаган балдарга чара көрүлөрүн белгилеп, ошол эле учурда Болот Иманкуловду мас абалында болгон деп айтты.

Дарыгерлердин көрсөтмөсү дагы милициянын билдирүүсү менен бирдей чыгууда. Талас шаардык ооруканасынын дарыгери Раиса Картанбаева дагы айдоочу мас абалда экенин ырастады.

Жабырланган айдоочу Болот Иманкулов өз кезегинде анын мас абалда болгондугу жөнүндө документ укук коргоо кызматкерлеринин кысымы менен жасалган деп каршы болууда :

-Сен массың деп поликлиникага алып келишти. Зордукка салып эле кол койдуруп алышты 50 грамм ичти деп.

Азыркы тапта бул ишти Талас шаарынын прокурору Астапа Казиев териштирүүдө. Болот Иманкуловду туугандары Бишкекке дарыланууга алып кетишти.

XS
SM
MD
LG