Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

АКШнын Ооганстандагы күчтөрүнө жаңы командачы барат


Генерал Петреус Сенаттагы суроо-жооп учурунда, 29-июнь, Вашингтон.
Генерал Петреус Сенаттагы суроо-жооп учурунда, 29-июнь, Вашингтон.

АКШнын Ооганстандагы күчтөрүн жаңы командачы жетектегени жатат. Сенаттын аскерий иштер боюнча комитети шейшемби күнкү угуу учурунда президент Барак Обама бул кызматка көргөзгөн генерал Девид Петреустун талапкерлигин жактырды. Эми аны Сенаттын толук курамы бекитүүсү керек. Жаңы командачынын айтымында, быйыл тогузунчу жылып жүрүп жаткан ооган согушу боюнча стратегияда олуттуу өзгөрүү болбойт.

АКШнын Ооганстандагы күчтөрүнүн жаңы командачысы Дэвид Петреус кезинде Ирактагы аскерий операцияларды ийгиликтүү жетектеген эле. Ал эми акыркы убактарда АКШнын Борбордук командачылыгын башкарып жаткан. Андыктан тажрыйбалуу генералдын Ооганстанга жөнөтүлүп жатышы дароо эле кубаттоого алынды. Бирок Сенаттагы угуу учурунда президент Барак Обаманын администрациясы Ооганстан боюнча узак иликтөөдөн кийин жактырган стратегия эми өзгөрөбү же жокпу деген маселе кызыгууну жактырды. Генерал Петреустун айтымында, ал бекитилген стратегияга олуттуу деле өзгөрүү киргизбейт:

-Мен бул жараянга аралашкам жана президенттин Ооганстан боюнча стратегиясын түзүүгө жардам бергем. Мен анын жаңы саясаты менен макулмун жана колдойм. Бул жараян учурунда мен өзүмдүн аскерий кеңешимди бердим. Алдыдагы айларда, багытты баалоодо ушул эле нерсени жасарыма президентти ишендирдим. Ал дагы өз кезегинде менден ушундай мүнөздөгү кеңештерди кааларына жана күтөрүнө ишендирди.


Буга чейин жарыялангандай, президент Барак Обама 2011-жылдын июль айын Ооганстандан америкалык аскерлер чыгарыла баштоочу мөөнөт катары белгилеген. Бирок Конгресстеги оппозиция муну жасалма мөөнөт деп эсептейт. Маселен оппозициядагы негизги саясатчылардын бири сенатор Жон МакКейн өз сөзүндө жогорудагы план согуштун жүрүшү боюнча мурдагы эскирген жоромолдорго негизделгенине токтолду. Андыктан ал аскерлерди 2011-жылдын июлунан тарта чыгарууга жетишүү канчалык реалдуу экендигине кызыкты. Генерал Петреустун мыйзамгерлерди ишендиргенине караганда, жогорудагы мөөнөт жараяндын башталуусу гана ал акыр аягында жериндеги кырдаалга көз каранды болот.

Сенатта угуу өтүп жаткан кезде согушка каршылар нааразылык акциясына чыгышты. Вашингтон 29-июнь,2010-ж.
Дэвид Петреус командачылыкты алып жаткан учур АКШнын өзүндө жана анын өнөктөштөрүндө ооган согушуна карата колдоонун деңгээли төмөндөгөн учурга туш келүүдө. Акыркы күндөрү кыянатчылыктар күчөп, аскерлер арасындагы жоготуунун көрсөткүчү тездик менен өсүп кетти.

Ал Сенаттагы угуу учурунда коалициялык күчтөр бир нече аймактарда ийгиликке жетишкенин кошумчалады, бирок коопсуздук кырдаалы бошоң бойдон калып жатканын, алдыда оор уруштар бар экенин моюнга алды:

-Менимче оор уруштар уланат. Алдыдагы бир нече айда ал ургаалдуу болушу мүмкүн. Биз душманды башкалкалаган жеринен чыгарып, алардын аракеттенүү эркиндигин чектеген сайын козголоңчулар артты көздөй согушат.

Петреус Ооганстандагы күчтөрдүн командачылыгында генерал Стэнли МакКристалды алмаштырууда. Аны президент Барак Обама иштен өткөн аптада бошоткон. Мунун алдында МакКристал америкалык журналдардын биринде жарыяланган макаласында Обама администрациясынын айрым жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн, анын ичинде вице-президент Жой Байден, Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын чабарман Ричард Холбруктун дарегине келекелөө менен сын айткан болчу.

МакКристал командачылык кылган кездеги аскерий оперциялар учурундагы борбордук стратегиялардын бири - карапайым калк арасындагы чыгымды азайтуу эле. Анткени калк арасындагы жоготуунун көрсөткүчтөрү акыркы жылдары коалициялык күчтөрдүн элди согушкерлерди эмес, аларды колдоо аракетине шек келтире баштаган. Генерал Петреус бул маселе өтө маанилүү экенин, акыркы үч айда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аскерий операциялар учурунда мерт болгон жөн-жай тургундар саны кыйла азайганын белгиледи. Куралды колдонуу эрежелерине өзү да этият мамиле жасарын убада кылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG