Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Шайлоо коопсуздугу: күч түзүмдөрү күзөттө


Милициянын ыкчам даярдыктагы күчтөрү. Ош шаары.
Милициянын ыкчам даярдыктагы күчтөрү. Ош шаары.

Шайлоо болор алдында Бишкектин чекесиндеги айылдардан курал-жарактар табылып, түштүктө улут аралык касташууга чакырган баракчалар кармалды.


Кырдаалды курчутууга кызыкдар күчтөр барбы?

Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматына караганда Бишкектин түндүк жагындагы Маевка айылына бара жаткан жолдун боюнан бир нече сандагы мергенчилик мылтыгы, Калашников автоматынын окчонтойу табылды. Мындан мурдараак Аламүдүнгө караштуу Байтик-Байгелди жолундагы буктурмадан 150 даана ок жана 2 жардыргыч зат табылган болчу.

Ошондой эле өлкөнүн түштүк аймагында аймактар жана улуттар аралык касташууга түртө турган баракчалар таркатылган.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун айтымында, мунун баары шайлоо маалында тынчтыкты бузууга далалат кылган тымызын күчтөрдүн аракети болушу мүмкүн:

- Ошондой мазмундагы баракчалар шайлоонун алдында түштүк аймагындагы айрым райондордо таркатылгандыгы катталып, бул боюнча атайын иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул деген чыныгы чагымчылдык. Аны менен белгисиз күчтөр аймактар аралык жана улуттар ортосундагы тирешүүгө алып келүүнү жана ошондой нерселер аркылуу өздөрүнүн башкы максаттарына жетүүнү каалаган күчтөрдүн жасаганы. Азыркы учурда аны таркаткандар изделип жатат. Кармалышса кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопко тартылышат.

Чек ара коопсуздугу

Коңшулаш Тажикстандагы курчуган кырдаалдан улам, аны менен чектешкен чек ара тилкелерине кошумча аскер күчтөрү жөнөтүлгөн. Тажикстандын Рашт аймагындагы согушчандар менен болгон салгылашуулардын таасири кошуна турган Кыргызстанга тийбейби деген кооптонуулар орун алып келген. Ошондуктан бул багыттагы мамлекеттик чек ара бардык айлана боюнча күчөтүлгөн тартиптеги кайтарууга өткөрүлгөндүгү белгиленди.

Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов кооптуу деп эсептелген ашуулар жана өтмөктөр толук көзөмөлдө экендигине токтолду:

- Азыркы учурда ар күнү Тажик чек арачылары менен оперативдүү маалыматтарды алмашып турабыз. Азырынча чек ара тилкелеринде коркунучтуу жагдай жок. Кыргыз-Тажик чек арасы толук көзөмөлдө. Бардык мамлекеттер менен чектешкен өткөрмө бекеттердин бардыгы ачык. Бирок шектүү адамдар, курал-жарак жана маңзаттары өтүп кетпесин үчүн паспорт көзөмөлүн жана тилкелердеги кайгуулду күчөттүк.


Шайлоодогу чыр-чатактарды басууга күч жетеби?

Өлкөдөгү эки миңден ашуун шайлоо участкаларындагы коомдук тартип атайын дайындалган милиция кызматкерлери жана элдик кошуундун мүчөлөрү тарабынан кезеги менен көзөмөлгө алынууда.

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Бакыт Сейитов шайлоого байланыштуу одоно мыйзам бузган учурлар каттала электигин белгиледи:

- Кечке чейин бардык шайлоо участокторунда одоно мыйзам бузуулар, шайлоону үзгүлтүккө учуратууга аракеттер же кырдаалды курчутууга багытталган тескери үгүт иштерин жүргүзгөн тартип бузуулар катталган жок. Күч органдарына элдик кошуундар жардам берип жатышат. Алардын ким экендигин даана аныктай турган атайын даярдалган форма менен камсыз болушкан.

Талдоочулар адатта талаш-тартыштар жана чыр-чатактар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин орун алышы мүмкүн деп кооптонушат. Анткен менен ички иштер органдары бул иреет кандайдыр бир башаламандыктарга жол бербөө үчүн кошумча күчтөр даярдалгандыгын белгилешти. Мындай даярдыктар көбүнчө Ош менен Жалал-Абадда, Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында кеңири көрүлгөн.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Жусубалиев тынчтыкты бузгусу келген күчтөргө чечкиндүү сокку урула тургандыгына токтолду:

- Бардык айлана боюнча блок-посттор койулган. Анда чопкутталган оор техникадан (БТР,БМП) баштап, куралданган атайын отряддар турушат. Алар жогорку даярдыкта турушат. Эгерде эле шайлоо убагында же андан кийин кырдаалды курчутууга, элдин тынчтыгын бузууга аракет жасала турган болсо биз андай күчтөргө чечкиндүү чара көрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетиштүү. Анткени биздин артыбызда эл турат. Элдин ишеними турганда мамлекеттин тынчтыгы үчүн биргеликте иш алып барып жатабыз.

Ошол эле учурда бир катар партия лидерлери шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоолор болбосо, чыр-чатак чыгарууга эч ким кызыкдар эмес экендигин айтышкан. Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларында милиция түнкүсүн көчөлөрдү жөө жана автоууналар менен көзөмөлгө ала тургандыгы эскертилди.

"Азаттыктын" тасмасы: Ошто шайлоо күнү күчөтүлгөн тартип

XS
SM
MD
LG