Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Бүгүн Брюсселде Кыргызстан менен Евробиримдик кызматташтыгынын жыйыны өттү. Ага Кыргызстандан Мамлекеттик тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев баштаган делегация катышты.

Мына ушул иш чарага байланыштуу Евробиримдик менен Кыргызстан алакаларынын айрым өңүттөрү тууралуу талдоочу Эмил Каниметов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Кыргызстан менен Евробиримдик ортосунда кызматташтык 1991-жылдан бери келатат деп расмий түрдө айтылып келатат. Анан ушул аралыкта эки тараптуу кызматташтыктан эмне өзгөчөлүктү байкай алдыңыз?

- Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин ортосунда баарыбызга белгилүү болгондой, кандайдыр бир деңгээлде кызматташтык бар. Бирок абдан чоң деңгээлге жетти, бизге дагы, аларга дагы пайдасы тие турган кызматташтык жүрүп жатат дегенден али алыспыз. Бирок жаштар барып окуп келип жатат, соода ж.б. жагынан анча-мынча байланыштар бар, бул жагынан шүгүр дегенге гана мүмкүн.

Евросоюз жөнүндө айта турган болсок, ал 1991-жылы Кыргызстан менен кызматташтык жүрө баштаган кезде европалык мамлекеттер бири-бири менен болгон кызматташтыкты мындан ары жогорку деңгээлге жеткирүү аракеттерин көргөн келишим кабыл алышкан.

Европа мамлекеттеринин биримдиги, бири-бири менен болгон кызматташтыгы бүт дүйнөгө үлгү боло турган абалга чейин жетти деп жатышат. Бул жөнүндө илгери Чыңгыз Айтматов дагы Брюсселде элчи болуп турганда көп айткан.

- Анткен менен Евробиримдик Борбор Азия мамлекеттеринде кандайдыр бир стратегиясы бар эмеспи, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташууга кандай кызыкчылыгы бар деп ойлойсуз. Мисалы жакында, 10-февралда Кыргызстанда Евробиримдиктин элчилиги ачылды?

- Европа мамлекеттеринин Кыргызстандагы кызыкчылыгын биринчи иретте геосаясат жактан карасак болот. Себеби Кыргызстан Евразия материгинин так ортосунда орун алган. Экинчиден, маданий жагынан биз канткен менен Европа, Кытай, мусулман өлкөлөрүнүн ортосунда ачылган чоң цивилизациянын бир мүчөсүбүз. Стратегиялык жактан абдан чоң мааниси болушу мүмкүн. Ал эми азыркы кезде алып карай турган болсок, кызматташтык экономикалык жактан дагы, маданий жактан да ылдыйкы деңгээлде турат. Келечек али алдыда. Бирок ушул багытта кызматташуу чоң натыйжасын бериши мүмкүн.

- Адам укуктарын коргоо, наркотрафикке, кылмыштуу дүйнөгө каршы күрөш боюнча маселелер боюнча Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосунда кызматташтык алгылыктуу жүрүп кетиши мүмкүн деген божомолдор айтылып атат?

- Канткен менен барган сайын бул ачык көрүнө баштады. Мурда советтик түзүлүштө Кытайдагыдай бизде экономиканы да, маданиятты өнүктүргөнгө мүмкүн деп ойлосом, азыр демократия, адамдардын укугун сактоо биз үчүн жалгыз эле жол болуп калган сыяктуу. Демократия жагынан алдыга кеткен батыш дүйнөсүнүн колдоосуна, таянычына ээ болбой туруп биз азыркы элдин башындагы кыйынчылыкты жеңе албайбыз жана өнүгүп кете албайбыз. Европа мамлекеттери ушул жагынан бизге таяныч болуп, көмөк көрсөтүп турушу абдан зарыл.

- Маңзаттарды мыйзамсыз ташууга каршы күрөш жүргүзүү жаатында Кыргызстанга Европа биримдиги колдоо бере алабы?

- Кыргызстандагы саясий структуралардын, мамлекеттик органдардын ачык, таза саясат жүргүзүүсү бул наркотрафикке каршы жүргүзгөн күрөштүн бирден бир гарантиясы. Ар кандай коррупцияга, кылмышка аралашкан элементтердин мамлекеттик бийликте турушунун өзү эле Ооганстандан Кыргызстан аркылуу баңгизаттардын өтүп кетишине, андан ары Европага катташына жол бере турган нерсе.

Кыргызстан жакында сатылган "Северэлектро", "Кыргызтелекомдун" артында дагы ар кандай сөз айтылып жатат. Бул ишке Европа мамлекеттериндеги көмүскөдө иш кылып жаткан ар кандай күчтөрдүн тиешеси бар деген пикирлер бар. Буларды Евробиримдиктеги официалдуу органдардын жардамы аркасында ачууга мүмкүн. Мамлекет саясатын ушул багытта ачык, айкын деңгээлге жеткиргенге аракет кылуусу зарыл. Ушун үчүн биз Европа Биримдигинин ушул багытта ачык жүргүзгөн саясатын баардык тараптан колдоого алышыбыз керек. Биринчи иретте граждандык уюмдар дагы мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлгө алууда ушул уюмдун колдоосуна таянууга тийишпиз.

- Эмил мырза, ошол эле мезгилде мисалы Евробиримдиктин кызыкчылыгын коргогон расмий ишмерлер энергетикалык кызматташтык Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы келечектүү кызматташтык болот деп айтып атышат. Эмненин негизинде ошондой билдирүү жасап атышат?

- Биринчи иретте бул Казакстан жана Азербайжан, Түрмөнстандагы энергетикалык нефтегаздын запасын түшүндүрөт, Орусия аркылуу эмес түздөн-түз Европа аркылуу карым-катнаш болгондо, технологиялык жетишкендиктер аркасында тезирээк өнүгүп кетет белек деген ой болушу мүмкүн. Кыргызстанда, Борбордук Азия мамлекеттеринде өнүгүп кетүү үчүн зарыл көптөгөн кен байлыктар бар. Алар четтен келген, Кытай же Орусия сыяктуу мамлекеттер жеңил пайдаланып кое турган ресурска айланып кетти.

Ошол европалык мамлекеттер менен түздөн түз байланышып, алардын жетишкендиктерин бул жакка алып, элдин өнүгүп кетишин камсыз кылуу биз үчүн абдан керек. Ошон үчүн азыркы биздин жана коңшу мамлекеттердин жетекчилери европалык мамлекеттер менен ачык-айкын, өз ара пайдалуу мамилени түзүүгө умтулуп жатканы абдан жакшы. Ошол багытта кызматташууга өтүү керек. Андан башка жол жок болуш керек.
XS
SM
MD
LG