Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Германия, Франция: Кыргызстан жалгыз эмес


Кыргыз президенти Франция жана Германия тышкы иштер министрлери менен, Бишкек, 16-июль.
Кыргыз президенти Франция жана Германия тышкы иштер министрлери менен, Бишкек, 16-июль.

Германиянын тышкы иштер министри Гвидо Вестервелле жана Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнердин Кыргызстандагы иш сапары жыйынтыкталды. Кандуу калаба болгон аймактардагы абал менен таанышып кайткан министрлер Бишкекте өлкө президенти Роза Отунбаева менен жолугушту.

Анын соңунда журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүшүп, Кыргызстандагы абалды турукташтырууга көмөктөшүү жана өлкөгө ири экономикалык жардам көрсөтүү демилгелерин жарыялашты.

Германиянын тышкы иштер министри Гвидо Вестервелле мырза Ош жана Жалал-Абададагы башаламандыктардын кесепеттерин жоюу боюнча немис өкмөтү ири көлөмдөгү экономикалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин айтты. Анын айтымында, бериле турган жардамдын көлөмү жана анын шарттары ЕККУнун Кыргызстанга колдоо көргөзүү боюнча кеңешмесинен кийин чечилет.
Гвидо Вестервелле калабадан жапа чеккендер менен жолугушууда, Ош, 16-июль.

Вестервелле мырза жардам күнүмдүк керектөө үчүн эмес, келечектүү өнүгүүгө багыт алууга шарт түзүшү абзел деп эсептейт:

- Биз Кыргызстан муктаж болуп турган экономикалык жардамдын кандай бөлүгүн бере ала тургандыгыбызды Бундестаг чечип берет. Биз Алматыда өтө турган кеңешмеде да Кыргызстанга бере ала турган колдообуздун шарттарын башка өнөктөштөр менен дагы такташабыз. Бул жерде жөн эле гуманитардык жардам жөнөтүү жөнүндө эмес, Кыргызстандын ушул кырдаалдан чыгып, экономикалык жактан өнүгүп кетишине өбөлгө боло тургандай жардам боюнча сөз болуп жатат.

Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер болсо Еврошаркеттин мындан аркы бере турган каржылык жардамы негизинен үй-жайынан ажырап калгандарды турак-жай менен камсыздоого багытталышы керек деген ойдо. Ошондой эле ал, кандуу окуя болгон аймакта тынчтыктын калыптанышына, акыйкат иликтөөнүн жүрүшүнө жана адам укуктарынын сакталышына ишенимин билдирди.
Франция жана Германия тышкы иштер министрлеринин Оштогу сапары, 16-июль

- Адам укугу бузулуп жаткан айрым учурлар боюнча укук коргоочулар айтып жатышат. Бирок президент айым өзү баш болуп ага кабатыр болуп, андай аракеттерге жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен биз жеринен барып тааныштык. Мен жаңы бийликтин тынчтыкты калыптандырууга жана башалмандыктарга байланышкан кылмыш иштердин акыйкат каралышын камсыздоого мүмкүнчүлүгү жана каалоосу жетишет деп ишенем.

Ош, Жалал-Абаддагы кандуу калаба эки деңгээлде - мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде иликтене турган болууда. Эл аралык иликтөө комиссиясынын курамына БУУнун, ЕККУнун атайын мандаты бар өкүлдөрү жана дүйнөдөгү кадыр-барктуу укук коргоо уюмдарынын жогорку даярдыктан өтүшкөн атайын адистер кирмекчи.

Президент Роза Отунбаева мамлекеттик комиссия курамы да, түрдүү улуттун өкүлдөрүнөн чогулган тажрыйбалуу адистерден жана окумуштуулардан тураарын белгиледи:

- Башалмандыктардын келип чыгуу себептерин жана анын кесепеттерин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссияга Кыргызстандын өзбек улуттундагы жарандары дагы кирди. Алар республикага белгилүү иш билг, элге кадыры бар инсандар. Иликтөө окуя кантип башталды, кандайча мынтип тез өнүгүп кетти жана анын кесепеттери кандай болду деген үч негизги багыт боюнча болот. Жыйынтыктоочу бүтүмдө окуяга саясий жана укуктук баа берилип, араздашкан тараптарга чатактын чыгышынын чыныгы себептери айкын көрсөтүлөт. Бул нерсе эки элди жараштырып, тынчтыкка карай илгери кадам таштоосуна өбөлгө түзүшү керек.

Буга чейин Кыргызстандын жабыркаган аймактарынын жашоочуларына Еврошаркет беш миллион евро өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөткөн. Мындан сырткары Германия өкмөтү өз алдынча, Өнүктүрүү программасынын алкагында кыйроолордун кесепеттерин жоюуга отуз үч миллион евро бөлгөнү жарыяланган.

Франция менен Германия жардам берүүгө даяр
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

XS
SM
MD
LG