Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Кадыры жок кадрлар


Ак үй, Бишкек
Ак үй, Бишкек

“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү кадр саясатындагы алешемдиктерди иликтөөгө алды.

Чү дегенде эле президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы, азыркы ички иштер министри Улан Исраилов көзгө урунат. Исраилов азыркы бийликтеги тездик менен мансапка жеткендердин бири. Мурда-кийин министр даражасындагы жогорку кызматтарда тажрыйбасы болбосо да, президенттин жеке колдоосу менен ИИМдин башына келип отурат. Полковник Исраилов депутаттардын суроолоруна жооп таба албай, сабак билбеген окуучуну эске салган. Ал милициянын реформасын мындай кой, өлкөдө канча райондук милиция бөлүмчөсү бар экенин билбей уят болгон.

Экс-депутат Нурбек Мурашевдин Айыл чарба министри болуп дайындалышы көпчүлүктү таң калтырды. Ал депутат кезинде жазган мыйзамдары менен эмес, муштуму менен аты чыккан. 2014-жылы Мурашев Улуттук госпиталдын дарыгери Жамалбек Тургунбаевдин төрт тишин талкалай коюп, прокуратура ага каршы”бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Макул, өткөн өттү дейли бирок айыл чарбасынан алыс киши кантип министрликти башкарат? “Бир Бол” фракциясы ишеним арткан Мурашевге бир нече суроо узаттык. Көрсө бу кишинин ою боюнча Евразия экономикалык биримдикке Өзбекстан да мүчө көрүнөт. Жаңы министрдин товар эмес адам араң өткөн коңшуларга картөшкө экспорттойм дегени дымагы бар.

Бийликтеги дагы бир белгилүү фигура - президенттин мурдагы айдоочусу Икрамжан Илмиянов. Расмий түрдө азыр кызматта эмес. Бирок буга чейин президенттик аппараттын жетекчи орун басары, өлкө башчысынын кеңешчиси сыяктуу мартабалуу кызматтарда иштеген. Коомчулуктун сынына карабай президент аны ишенимдүү, таза иштеген көзгө басар кадр катары сыпаттап келет. Илмиянов журналисттерден жаа бою качат. Кийин берем деген шылтоо менен биз менен да маектешүүдөн баш тартты. 7-каналга берген жалгыз маегинде өзүн бир гана автоунааны эмес, жалпы элди да мыкты башкара ала турган, Исхак Раззаковдон ашса ашып, асты кем калбай тургандай таризде ишбилги кадр катары сыпаттайт.

Кадыры жок кадрлар
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:28:11 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG