Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:29

Кыргызстандын аймагындагы уулу зат калдыктары сакталган жайлардын абалы жана алардын айлана-чөйрөгө коркунуч жаратаары тууралуу маселе Бишкекте бүгүн башталган аймактык коференцияда козголууда.

Аймактык конференцияда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Туратбек Жунушалиев Кыргызстандын аймагында СССРдин аскердик өнөр жайынан мураска калган уран калдыктары толтурулган 29 сактагыч жайдын абалы оор экендигин, эгерде табигый кырсык болсо Борбор Азия чөлкөмүнө абдан чоң коркунуч туудурарын билдирди. Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражатка Миң-Куш, Шакафтар, Кара-Балта, Кажы-Сай, Ак-Түздөгү уулу зат калдыктары сакталган жайларга коркунуч келтирген жерлерди оңдоп-түзөгөнү менен кооптуу жагдайлар сакталып калууда:

- Миң-Куштагы, Туюк-Суудагы уран калдыктары сакталган жай айылдын үстүндө. Ал жерде тоонун боору көчүп кетүү коркунучу бар. Эгерде көлөмү бир млн. кубдан ашуун жер көчсө сайды бууп, 72 саатта уу заттардын калдыктары сакталган жайды суу каптап, ашып-ташып сай аркылуу дарыяга куюлушу мүмкүн. Ал Өзбекстандын Фергана, Казакстандын, Тажикстандын аймагына экологиялык кырсык алып келет.

Жунушалиев белгилегендей, капылеттен жер титирөө болуп же тоо көчүп уу зат калдыктары сакталган жайларды кыйроого алып келсе коңшу мамлекеттердин аймагында жашаган 5 миллиондон ашуун адам жабыркап, айлана-чөйрөгө коркунуч туулат.

Статс-катчы Кыргызстандын аймагындагы уран калдыктары сакталган жайлардын коопсуздугуна жардам көрсөтүүгө эл аралык уюмдарды, коңшу мамлекеттерди чакырды. Ал Майлуу-Суудагы уулу зат калдыктары сакталган жайга Дүйнөлүк банк тарабынан 10 млн. доллар бөлүнүп, экологиялык коркунучту жана кырсыкты болтурбоо багытында алдын-ала бир катар иштер аткарылганын, Миң-Куш боюнча долбоорду ишке ашырууга Орусиянын «РоссАтом» ишканасы көмөк көрсөтүп жатканын белгиледи.

“Жаратылыштын келечеги” коомдук корунун жетекчиси Жумабек Абакиров болсо Дүйнөлүк банктан каражат бөлүнүп Майлуу-Суудагы уу зат калдыктары сакталган жайларга карата тиешелүү мекемелер туура эмес иш жүргүзүп жатат деген пикирде.

- Мисалы биздин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уу калдыктарын көмүп, көрүстөнгө айлантуу ыкмасын колдонуп жатышат. Бул табигый кырсыкка туруштук бербейт. Мына жакында эле Майлуу-Суудагы көп каражат жумшалып жасалган жерди сел алып кетти. Биз тоо-ташта турабыз да. Ошол тоодон катуу сел жүрсө эле жанагы көмүлгөн жердин бары кетет да.

Абакиров белгилегендей, ал жетектеген кор мыкты адистердин, окумуштуулардын башын кошуп, уу зат калдыктарын кайра иштетип тазалоо жолун илимий негизде аныктап чыгышкан. Тажрыйба жүргүзүшүп радиоактивдүү калдыктарды топурак-кумдардан тазалап, тазаланган кумга терек өстүргөндө кадимки теректерден бир жарым эсе тез өскөн. “Тазаланган кум-топуракты жер-семирткичке дагы пайдаланса болот”, - дейт Абакиров.
Майлуу-Суудагы уран калдыктары көмүлгөн жай.

- Радиоактивдүү торийди жанагы уу калдыктарындагы кумдардан бөлүп чыгарып, шахтыларга көмүп салсак деген оюубуз бар. Бул абдан пайдалуу. Мисалы 1 тонна уулу калдыкты кайра иштетип тазалаганда 20 кг. эле радиоактивдүү зат чыгат. Аны казылган шахтыларга көмүп салса ишенимдүү сакталат. Ал эми тазаланган кумдарды жер семирткич кылса болот. Бул табылга боюнча автордук укуктан патент алганбыз. Ушуну бийликке айтып жатып чарчадым. Мурдагы президентке дагы, азыркы президентке дагы кат сунуштагам. Азыркы президенттин администрациясы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине табыштаптыр. Алар акча жок дешет.

Жумабек Абакиров уу таштандылардан тазалоо боюнча долбоору каражаттын жоктугунан ишке ашпай жатканын, инвестиция тартуу боюнча өкмөттүн дагы, БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) дагы долбооруна киргизилбегенин айтып кейиди.

Анын баамында, Ак-Түз айылындагы уу калдыктары сакталган жайдын абалы абдан коркунучта. Ал аймакта жашаган адамдардын көпчүлүгү онкологиялык (РАК) оорулардан көз жумат. “Түштүктөгү Майлуу-Суу, Шакафтардагы уу калдыктары сакталган жайларга каражат бөлгөн сыяктуу Ак-Түзгө деле өкмөт каражат бөлүп, тез арада ал жерге көңүл бурбаса, кокус бир балакет болуп кетсе бүткүл Чүй өрөөнү, Казакстандын Чымкент, Жамбылына чейин экологиялык кырсыктын кучагында калат”,- дейт Абакиров.

Аймактык конференцияда өкмөт башчы Игорь Чудинов уу таштандылардын айлана-чөйрөгө коркунуч туудуруп жатканын белгилеп, бул маселелерди чечүүгө мамлекет тарабынан аз эмес өлчөмдө каражат бөлүнүп жатканын билдирди. Ал өкмөт алдында радиоактивдүү жана уулу калдыктардан сактоо боюнча агенттик түзүлөрүн кошумчалады.

БУУнун өнүктүрүү программасынын алкагында өткөрүлүп жаткан жыйындын уюштуруучулары бул конференция Бишкекте биринчи жолу мамлекеттер аралык деңгээлде өтүп жатканын айтышты. Жыйынга БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору, Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) техникалык кызматташуу департаментинин, Европа Комиссиясынын, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын өкүлдөрү катышууда.
XS
SM
MD
LG