Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:16

Тоо көлдөрү толуп-ташып кетүү коркунучунда


Кыргызстанда тоолор арасында үч миңден ашык көл бар.

Кыргызстанда тоолор арасында үч миңден ашык көл бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаментинин директорунун орун басары Аманбай Сарногоев Кыргызстандагы кооптуу делген тоо көлдөрүнүн абалы тууралуу кеп салып берди.

- Ушул тапта Кыргызстанда чындап коркунуч туудуруп аткан, калк жайгашкан аймактарды каптап кетүүсү мүмкүн болгон канча көл бар?

-Жалпы көлдөрдүн санын санап көрсөк, Кыргызстанда тоонун арасында 3 миңден ашык көл бар. Арасынан 330у коркунучтуу деп саналат, анын арасынан эң коркунучтуу делгендери бар, ага 15-20 көл кирет.

- Эң коркунучтуу делген көлдөр кайсы жерлдерде жайгашкан?

-Бүт эле Кыргызстандын аймагында бар. Анткени бийик тоолордо болгон көлдөрдүн белгиси - бул мөңгүлүү тоолор. Азыр климаттын өзгөрүшү менен мөңгүлөр да жыл сайын өзгөрүп турат, азыр такай карап туруп, ошолорду байкоого кириш керек.

- Табигый кырсыктын алдын алуу, көлдөрдүн ашып кетүүсүнө карата чаралар көрүлүп атабы?


- Биздин министрлик азыр керектүү кадамдарды жасап атат. Анткени тик учак менен карап чыктык, губернаторлорго 1-2 жума мурун айтып, калкка эскертүү берип, даярдантуу керектиги, ошондой эле кээ бир жерлерде чабандарга малдарын алып кетүүсү керектиги боюнча маалымат берип атабыз.

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин отурумунда буга чейин Ала-Арача капчыгайынын төрүндө жайгашкан Адигине аттуу тоолуу көл эң эле кооптуу делип айтылган экен. Буга байланыштуу Капчыгайдын ылдый жагында жайгашкан айылдарды кокус кырсык болуп кетсе көчүрүү пландары иштелип атабы? Президент отурган Ала-Арча резиденциясы дагы ошол тарапта, ошол жактагы жогорку жетекчиликке билдирилгенби?

- Адигине жөнүндө мурун эле баары билишчү. Анткени биздин көп эскертүүлөрүбүз бар. Азыр Табигый ресусрстар министрлигинин инженердик-геологиялык тобу Чех Республикасынын адистеринин жардамы менен өзүнчө метеостанция курган, ал жерде дайыма адистер нөөмөт менен иштеп байкап турат, анан коркунуч болсо алар кабар беришет. Бул үүн тиешелүү чаралар көрүлгөн

- Адигине көлүн жаман абалга келтирбей, башкача чараларды көрүүгө болбойбу? Мисалы сиз айткандай эвакуация сыяктуу кийинки чараларды.

-Андай сунуштар абдан көп. кээ бирлери айтып атат, куур менен эле сууну азайта коёбуз деп. Бирок алар унгутуп атат, анткени Адигинеде бийиктиги 3600-3700 метр деген көлгө куур эмес, кишинин чыгып барып, көлдүн жээгине жетүүсү абдан кыйын болуп атат. Ал эми жол салып, аны бөксөрткөн чаралар абдан кымбат болот. аны биздин бюджет тактайт.

- Адигине Бишкектин үстүндө болуп атат, кокус жээгинен ташып, же жырып кете турган болсо кайсы аймактарды камтыйт?

- Биринчиден, Ала-Арчанын боюндагы бүт айылдар, дачалар, анан Байтик айылы, анан Бишкектеги 20 чакты белгиленген жерлер бар, Ала-Арчанын агымында болгон коркунучтуу жерлер.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG