Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

А. Муралиев: Энергетикалык объектилерди сатуунун кесепети оор болот


Бишкек ТЭЦи да жеке колдорго кеткен жатат
Бишкек ТЭЦи да жеке колдорго кеткен жатат

Мамлекеттик стратегиялык тармактарды менчиктештирүүнүн экономикалык -социалдык кесепеттери тууралуу «Азаттыкта» мурунку премьер-министр, “Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылынын лидери Амангелди Муралиев ой-пикир бөлүштү.

- Амангелди мырза, буга чейин айтып кеткендей Бишкек ТЭЦин, “Түндүкэлектрди” жана “Бишкек жылуулук тармактарын” сатуу маселеси бүгүн өкмөттө каралганы жатат. Ордо шаарды энергетика, жылуулук менен камсыз кылып турган объектилерди сатуу коопсуздук жагынан алып караганда канчалык деңгээлде туура кадам деп ойлойсуз?

-“Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылы бул маселеге буга чейин да каршы болгонбуз. Бул маселе боюнча биз тегерек үстөл да өткөрүп, ири адистер менен талкуулап чыкканбыз.

- Бул ишканалардын жеке колго өтүшү экономикалык-социалдык жактан кесепеттери кандай болушу мүмкүн?

- Чындыгын айтканда, бул маселенин социалдык жактан кесепеттери оор эле болот. Бул объектилерди менчиктештирүү маселеси чечилип, бирөөнүн жеке колуна өтсө, анда биринчи ирээт тарифтер сөзсүз көтөрүлөт. Жеке менчик болгондон кийин, бул тармактардын ээси өз пайдасын көргөнгө гана аракет кылат.

-Учурдагы энергетика тармагындагы кризистик абал Бишкек ТЭЦин жана “Түндүкэлектрди” арзан баада сатуу үчүн атайылап жасалды деген пикирлер да айтылып жатат. Мындай сөздөр канчалык жүйөлүү деп ойлойсуз?

- Энергетика тармагы биздин негизги байлыгыбыз да. Менин оюмча бул объектилердин баасы жөнөкөй эсеп менен эле белгиленбеши керек. Мунун саясый да, рыноктук да баасы бар. Негизи дүйнө жүзүндө энергетика маселеси абдан орчундуу болуп жатат. Ошону үчүн муну сатканда да бардыгын эске алып баасы белгилениши керек. Арзан сатуу-бул спекуляцияга айланып кетет.

-Бишкек ТЭЦин, “Бишкек жылуулук тармактарын” жана “Түндүкэлектрди” менчиктештирүү маселесин өкмөт өзү эле чечеби, же парламент да макулдугун бериши керекпи? Сиз ушул жагдайга кызыгып көргөн жоксузбу?

- Негизинен өкмөт Жогорку Кеңешке менчиктештирүү программасын сунуш кылат. Эгерде парламент аны карап, бекитип берсе, анда өкмөт өз ыктыяры менен иштей берет. Ал эми азыр кандай экенин мен так билбейт экем. Бирок менин оюмча ири ишканаларды сатууда өкмөт баары бир Жогорку Кеңешке кайрылыш керек.

- Амангелди мырза, мына сиз буга чейин бул объектилерди менчикетштирүүнүн терс жактары тууралуу айттып кеттиңиз. Муну эми бийлик башындагылар деле түшүнүп жатса керек, бирок эмне үчүн бул маселе көтөрүлүп жатат?

- Эл аралык валюта кору менен биргелешип өкмөт экономикалык стартегияларды иштеп чыгып жатат. Бул ошол биргелешкен программалардын бир пункту болушу мүмкүн.

-Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG