Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:09

Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков дүйнөлүк финансылык кризиске байланыштуу, анын Кыргызстанга тийгизээр таасири тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Өлкөдөгү ири ишкерлердин бири катары айтсаңыз, сиз дүйнөлүк финансылык кризистин таасирин сезе баштадыңызбы?

- Дүйнөлүк кризистин таасири сезиле баштаганына бир жылга жакындап калды десек болот. Мунун биринчи белгиси катары, ипотекалык кредит токтотулуп, натыйжада үйлөрдүн сатылышынын азайышын, курулуштардын токтой башташын айтсак болот. Андан сырткары дегеле Кыргызстандагы алым-сатым иштердин азайышы мунун биринчи белгиси болуп саналат.

- Ушул кризистин алдын алуу, анын таасирин азайтуу боюнча президент тарабынан өкмөткө төрт тапшырма берилди. Ушулар жетиштүүбү?

- Жок дегенде ошол төртөөнү ишке ашырып алсак, аздыр-көптүр кризистен жеңилирээк чыгабыз деген үмүт бар. Анткени бул кризиске кошумча болуп негизинен бүгүнкү күндө тапкан акчасын кайра Кыргызстандын экономикасына салгысы келген өзүбүздүн ишкерлердин маанайын пастатпай, тескерисинче көтөрүп, аларды үмүттөндүрүш керек эле, бул жагынан кийинки кездерде кырдаал кыйла кооптондуруп койгон ишкерлерди. Ишкерлер акчасын салгысы келбей баштаган Кыргызстандын экономикасына. Мына кечээки президенттин сөзүнөн кийин ишкерлерде үмүт пайда болду, чындап эле бизде тартип болот, биз коркпой-үркпөй тапкан-ташыганыбызды сала берсек болот экен деген үмүт пайда болууда деп айтаар элем.

- Жаңы салык кодекси кризисти бир аз жеңилдетүүгө салым кошо алабы?

- Кризисти жеңилдетүүгө канчалык деңгээлде салым кошоорун жаңы салык кодекси иштей баштаганда айтыш керек. Бирок бул салык кодекси салыштырмалуу прогрессивдүү салык кодекс. Анткени бул салык кодексиндеги негизги максат - реалдуу секторго, өндүрүшкө жардам берүүгө, Кыргызстанда өндүрүлүп аткан товарлардын конкуренцияга туруштук берүүсүнө, жардам берүүгө багытталган жактары бар. Бул жанагы кошумча нарк салыгынан көрүнүп турат. Бул салык негизинен бизде көбүрөөк соода күчөп, ал эми өндүрүш начар болгон үчүн, алардан дагы салык алып, бюджетти жеке эле реалдуу сектордун мойнуна илип койбой, жалпы башка Кыргызстандагы иш жүгүрткөндөрдүн баарына тегиз чачуу аракети деп ойлойбуз. Албетте кичине түйшөлткөн нерселер бар, канчалык көтөрүп кетебиз, мүлк салыгы кандай болот деген нерселер да бар. Бирок мен ойлойм, мунун баары тең бүгүнкү рыноктук экономикага ылайыкталган, багытталган салыктар деп.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG