Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

Бул маселеленин тегерегиндеги “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Кыргызстандын мурунку вице-премьер-министри, суу-энергетика тармагы боюнча адис Базарбай Мамбетов жооп берди.

- Базарбай мырза, Өзбекстандын Камбар-Ата -1 ГЭСтин курулушуна каршы болушунун сыры эмнеде?

- Кийинки убактарда региондо экология бузулат, анан Борбор Азияда суу энергетика балансы туура эмес болуп калат деп эмнегедир өзбек кошуналар биздин Камбар-Ата ГЭСи курулуп атканына каршы пикир айтып, бүдөмүк сөздөрдү таратууда. Өзбекстанга кийинки убактарда Казакстан да кошулуп, эмнеси болсо дагы Камбар-Ата-1-2 ГЭСтерин курдурбашка аракет кылып жатышат. Алардын биринчи себеби, эгерде биз Камбар-Ата-1-2ини курсак Казакстан менен Өзбекстан бизден энергетика гана эмес суу боюнча дагы көз каранды болуп калат деген ойлору бар.

Экинчиден, алар билип жатышат биздин өзүбүздүн жаратылыш газыбыз болбогондон кийин жылуулукту жаратуу, тамак-ашты бышыруунун бардыгын биз кийинки 5-6 жылдын ичинде электр кубатына өткөрүшүбүз керек экендигин. Бирок чындыгында алардын бүдөмүк ойлорунун баардыгы туура эмес. Азыркы биз кышында кое берип жаткан суунун бардыгы эгерде биз Камбар-Ата-1 ГЭСин курсак, Токтогул ГЭСи кышында толугу менен иштебей, Камбар-Ата-1 ГЭСи иштеп, ошондон чыккан суулар Токтогул суу сактагычына ылдыйкы агымда сакталып, жайында азыркы мезгилге караганда вегетациялык суу Өзбекстан менен Казакстанга көбүрөк берилмек. Ошону биздин мамлекет органдары Өзбекстан менен Казакстанга официалдуу түрдө жарыялап билдирүү жасашпагандыктан жанагындай сөздөр чыгып жаткандай көрүнөт.

- Кыргызстан менен Россия Камбар-Ата-1ди куруу боюнча практикалык иштерди баштоонун алдында турат. Кыргызстанга караганда салмактуу болгон Өзбекстан жана Казакстандын басымы менен Москва келишимди аткаруудан баш тартпайбы?

- Орусия ал иштен баш тартпайт. Себеби Орусия биз менен кошулуп Камбар-Ата-1-2ни курса биздин электр энергия менен Борбордук Азияга эле чыкпай, жакынкы Азияга, жакынкы Чыгыш мамлекеттерине дагы чыгуга мүмкүнчүлүк алат. Экинчиден, Орусиянын азыр инвестицияга керектүү акчасы көп. Ошону биз туура колдонуп, Орусия менен Кыргызстан биргелешкен уюм түзүп, Камбар-Атаны кура турган изилдөө иштерин, техника-экономикалык негиздемени батыраак жүргүзүп, долбоорду батыраак жасап ишке киришибиз керек. Ошонун баардыгын толугу менен, 90 пайызын Кыргызстан тараптан бүтүрүшүбүз керек.

- Камбар-Атанын курулушуна каршы расмий Ташкен кандай чараларды көрө алат?

Расмий Ташкен ага каршы эч кандай чара колдоно албайт. Себеби 1998-жылы Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан Нарын Сыр-Дарыясынын суу энергетика ресурсун биргелешип, макулдашып иштетели деген келишим түзгөн. Ошол келишимдин шартын аткарбай, Өзбекстан менен Казакстан 5-6 жыл мурда чыгып кеткен. Экинчиден, Кыргызстан эч кандай эл аралык суу боюнча конвенцияга кол койгон эмес. Үчүнчүдөн, Кыргызстанда пайда болгон жаратылыш ресурсу – суу, аны кандайча колдонуп, кандайча башкаруу - Кыргызстандын эгемендүү укугу. Дагы айтып кое турган нерсе, акыркы 30 жылдын ичинде бир дагы жолу биз Өзбекстан менен Казакстанга Токтогул суу сактагычынан бир да жолу 12 жарым млрд. кубдан аз суу берген эмеспиз. 30 жылдын ичинде орто эсеп менен Нарын суусу Токтогул суу сактагычына жылына 12,3 млрд. куб сууну берип турган. Былтыр 30 жылдын ичинде суу эң аз, болгону 9,9 млрд. куб келген. Ошол кургакчылык убагында да биз жыл бою Өзбекстанга 12,6 млрд. куб сууну бердик.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG