Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

Өлкөдөгү экономикалык кырдаал, Россиянын насыяларын пайдалануу маселелери тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Коомдук палатанын мүчөсү, Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев жооп берди.

- Жумакадыр мырза, өлкөдөгү азыркы экономикалык кырдаалды кандай баалайсыз?

- Кырдаалды баардыгыбыз билип атабыз, дүйнөлүк кризистин биздин да мамлекетке анча-мынча таасири тийип, бүгүнкү күнү ички дүң продукция пландаштырылгандай мааниде өспөй жатат. Жаңы Салык кодекстин дагы начар жагы билинип, президент Бакиевдин жардыгы менен мораторий жарыяланды, бир жылга бир пайыз салык деп. Кечээ күнү экономика министри Жапаров айтпадыбы, биздин божомол боюнча, 5 жарым млрд. сомго ички дүң продукция азаят деп. Ошон үчүн экономикабыз былтыркы жылга караганда начар темп менен өнүгүп атат.

- Салык комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков, алгачкы үч айдын ичинде салык өткөн жылга салыштырмалуу 874 миллион сомго көп жыйналып, жалпы суммасы 4 миллиард 751 миллион сом болгонун жарыялаган. Ошол эле мезгилде бюджеттик төлөмдөрдө кечиктирүүлөр бар экени президент денгээлинде айтылды. Деги акча жыйналганы ыраспы?

- Салык кодексинин төрагасынын ошондой айтууга мүмкүнчүлүгү бардыр. Бирок биз унутпашыбыз керек, былтыркы жылга караганда сомдун курсу 15-20 пайызга долларга карата начарлады, мындайча айтканда баалар бир топ продукцияга өйдөлөдү. Ошон үчүн салык төлөмү чогулганы менен бул биздин мамлекеттин, өзгөчө жарандардын турмушуна өтө деле чоң таасирин бербейт.

- Бул инфляциянын реалдуу көрсөткүчү эмес, бул болгон инфляциядан алынган көрсөткүчпү?

- Туура айтасыз. Бул көтөрүлгөн баалар чогулган акчаны басып кетет, мындайча айтканда адамдардын жашоо турмушу начарлаганы белгилүү болуп атат.

- Россиянын 150 миллион доллар гранты бюджетти жабууга кетет деп жатышат. Бюджеттин дефицити да анчалык суммада эмес болчу. Бул акча кандай иштетилиш керек өзү?

- Менин билишим боюнча ,150 млн. доллар грант түздөн-түз бюджетке колдонулат. Себеби биз дүйнөлүк кризис кандай мааниде дагы өзүнүн таасирин көргөзөөрүн азыр билбейбиз. Экономика министри Жапаровдун айтышы боюнча, февраль, март деп атты эле, бирок кечээ күнкү айтышына караганда, күзгү убакта болушу мүмкүн кризистин пиги. Социалдык ар түрдүү программалар бар болчу, салыктын көлөмү, бажы жыйымдары ошону канаттандырбаса 150 млн. доллар түздөн-түз ошол жакка колдонулушу ыктымал. Анан биздин сомдун дагы курсун кармап турушубуз керек долларга карата. Себеби 20 пайыз деп атабыз, мисалы Орусияда, Казакстанда теңге менен рубль бир топ пайызга ылдайлап кетти девальвация болуп, ошон үчүн сом ошого барса сөзсүз түрдө биз муну кармап турушубуз керек, же болбосо бизде дагы кризис абдан катуу болушу мүмкүн.

- Өкмөт азыркы мезгилде 300 миллион доллар насыяны кандай жол менен иштетүүнү да тактай албай турат. Сизде кандай сунуш болот?

- Туура айтасыз, жанагы 300 млн. доллар бул грант эмес муну этияттык менен колдонушубуз керек. Биринчиден, бул элдин жашоо турмушун көтөрүүчү тармак жака колдонулуш керек. Биз айтып атпайбызбы 70 пайыз элибиз айылда деп. Ошон үчүн айылда жашаган элдин жашоо турмушун кичине көтөрүп, алган продукциясын сатып алуу маселесин чечип, же болбосо жакшы шарттагы кредит берүү маселелери чечилсе, бир топ социалдык маселелерди чечмекпиз. Экинчи маселе, биз азыр көрүп атабыз, биздин жолдор жарабай калды. Эми бул жолго берген кредит кайра кайтарылбайт, бирок ар бир долбоордун акыркы чеги болуш керек, акчаны берсек мамлекет кандай пайда көрөт деген мааниде берилиш керек.

- Өндүрүш тармагын көтөрө турган долбоорлор да болуш керек деген сөздөр айтылып жатат...

- Сөзсүз түрдө өндүрүш тармагын көтөрүү долбоорлору болуш керек. Мен ойлойм биринчи ирет айыл чарбанын иштечү тармактарын көтөрсөк жакшы болот эле.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG