Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:01

Кумтөр алтын кени боюнча жаңы түзүлгөн келишимге байланыштуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Кыргызстандын тоо кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев жооп берди.

- Кумтөр боюнча жаңы келишим парламентте бекитилип, президенттин колу коюлду. Ушул келишимди кандай баалап жатасыз?

- Мен ушул сурооңорго жооп берердин алдында, кыргыздын “аракет кылсан берекет”, “бөдөнөнү сойсо дагы касап сойсун” деген макалдарын эске салып кетсем. Кумтөр - кыргыз элинин байлыгы, энчиси. Ошондуктан бул биринчи күңдөн баштап эле талаш-тартышта келаткан. Бирок ага карабастан адистерди кошпой, көп маселелер туура эмес чечилип келген. Мына 2007-жылы Атамбаевдин өкмөтү карап, элдин суроо-талаптарын аткарыш үчүн атайын адистерден түзүлгөн эксперттик топ түзүлгөн эле. Бул топко негизинен кыргыздын патриоттору кирген, анан адистери кошулган эле. Ошонун негизинде биз кандайча жол менен Кыргызстанга пайда түшүрө тургандыгын изилдеп, ошонун негизинде биз өзүбүз схемасын түзүп чыкканбыз. Ошол схемада биринчиден, кийинки 2003-жылкы 31-декабрда кабыл алынган келишимден Кыргызстандын пайдасын дагы төмөндөтүп салышкан. Ошондуктан биздин үлүшүбүз эң жогору болуш керек деген маселени койгонбуз.

Экинчиден, салыктарды жөнөкөйлөштүрүп, салыктан бюджетке көбүрөөк түшүү маселесин караганбыз. Мына ошонун негизинде чечилип, 2007-жылкы биздин түзүп берген келишимде биздин үлүшүбүз 66,4 млн. акция болмок. Бул ошол кездеги акциялардын эсебине караганда 30 пайыздын тегерегинде болмок эле. Анткени мурунку биздин 33 деп алган акциябыздын жарымын сатып жиберишкен. Эгерде ал сатылбаганда биздин үлүшүбүз 52-53 пайыз болмок болчу. Салыкты чыккан продукциянын товарына байлаганбыз. Ошонун негизинде 2008-жылы -10 пайыз, 2009-жылы – 11пайыз, ал эми 2010-жылы – 12 пайызга жетмек. Андан тышкары Ысык-Көлдүн өсүшүнө 1 пайыз бөлүнүп турмак. Андан сырткары 310 миң доллар жолдордун чаңдаганына байланыштуу, экологияга зыян келтиргенди азайтуу үчүн үчүн каралмак. Андан сырткары соцфонд, киреше салыгы жана бажы төлөмдөр дагы калмак. Демек биз көп жетишкендикке жетишкенбиз. Бирок ал бекитилбей калып, бир жылдын ичинде бир топ иштер жүргүзүлдү. Ошонун негизинде бизге түшкөн келишимге дагы кошумчаланды. Бул боюнча айтып коеюн, биздин үлүшүбүз дагы 11 млн. акцияга көбөйдү. Азыр 77,4 млн. акциябыз болот чет элде. Ошондой эле салык 13 пайызга көбөйтүлдү. Демек биз чоң жетишкендиктерге жетиштик. Мындай 13 пайыз таптаза бюджетке түшө турган салык бир дагы ишканада жок, бул чоң үлүш.

- “Камеконун” акцияларды сатып кетүү себеби эмне, бул зыян алып келбейби?

- Ал саткандан эч кандай зыян болбойт. Анткени “Камеко” азыр уран менен иштеп атат. Ошого байланыштуу талаш-тартышты токтолу дагы, биз кетебиз деген маани болуп атса керек. Эми алар канчага сата алат, эмне болот бул али белгисиз.

- Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отумбаева Кумтөрдөн көбүрөөк салык алууга басым жасалыш керек эле деп, маселен салык жүгү Казакстанда 28, Орусияда 46 деп мисал келтирди. Ушул жагынан максималдуу болдубу бизде 13 пайыз, же дагы да болсо болот беле?

- Канчалык көп болсо бизге ошончолук пайда да. Бирок мен дайыма эле айтып жүрбөймбү, кээ бирөлөр алтын казганды кырманда жаткан кызыл буудайды чөнтөккө сала тургандай ойлошот. Алтынды казыш үчүн аябай чоң чыгым болуш керек. Анан алтын кени тынымсыз иштеш үчүн ар дайым шаймандары жаныланып, жаңы өсүш болуп туруш керек. Мына ага 4 пайыз бекитилди, бул аз, муну көрсөтпөй койсо деле болмок. Анткени канадалыктар, же “Центера” өзүлөрү эле буга көңүл буруп өстүрүп келатышкан. Маселен өткөн жылы 13 жарым миллион изилдөөгө кетирген, 57 млн. капиталдык салым кошкон. Буга окшогон салымды булар келечекте биз менен туура мамиле кылса, булар алтынды казууну өстүрүп, өзүнө эле жумшай берет.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG