Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

ШКУ саммитине байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлөт


Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммитине байланыштуу Бишкекте коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Ички иштер министрлиги жарандардын тапанчалары убактылуу алынарын эскертти. Саммит бүткөн соң куралдар мыйзамдуу ээлерине кайтарылат. Коопсуздук чаралары 30-октябрдан 8-ноябрга чейин улантылат. Бишкекте саммит 3-ноябрда өтөт.

Министрлик муну түшүнүү менен кабыл алууну өтүнүп, коопсуздук чаралары “Мамлекеттик коопсуздук жөнүндө” мыйзамдын негизинде болорун билдирди. Бирок тапанчаларды алуунун жол-жоболору айтылган жок.

Саммитке байланыштуу жол кыймылына чектөө киргизилери да эскертилди. (SE)

XS
SM
MD
LG