Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Бек Борбиев концертке уруксат берилбей жатканын билдирди


Бек Борбиев.
Бек Борбиев.

Ырчы Бек Борбиев бир жылдан бери Бишкекте концерт коё албай жатканын билдирди. Анын айтуусунда, алгач Филармония, Спорт ордосу сыяктуу чоң концерт залдарына уруксат болбой, театр сахналарында тартуулай баштаган. Соңку кездери ага да макулдук берилбей келүүдө. Борбиев буга “жогору жактагы” бейрасмий буйруктарды себеп кылып көрсөтүүдө:

-Уруксат бербөөнүн себебин кол жазма менен берүүнү да сурандык. Бирок созо беришет. Бул абал азыркы бийликтин жүзү.

Артист Facebook аркылуу өкмөткө кайрылып, тымызын бут тосууну токтотууну, “Бек Борбиевге сахна берилбесин” деп расмий буйрук чыгарууну, ошондо эч кимге доомат артпай турганын белгиледи.

Өкмөт жана маданият үйлөрүнүн жетекчилиги азырынча комментарий берише элек.

Бек Борбиев Беларуска барып Бакиевдердин жакшылыгында ырдап келгенден кийин ага бийлик жонун салып алганын буга чейин да бир канча жолу айткан. Андан тышкары, социалдык тармактарда жасаган айрым саясий билдирүүлөрү да бийликке жакпай, мамлекеттик телеканалдардан ырлары берилбей калганын билдирип келет.

Былтыр “Мегаком” компаниясында өзбек тилинде тейлөөнү токтотууну талап кылып, элди акцияга чыгууга үндөп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен эскертүү да алган.(SE)

XS
SM
MD
LG